ГОЛЛИВУДДУН «ШОК ЖИГИТТЕРИ» ЖАШООДО КАНДАЙ?

Бүгүн Голливуддун шок жигиттери тууралуу сүйлөшөбүз. Дегеним, тасмада көпчүлүк учурда шок, каардуу, киши өлтүргүч же плейбойдун ролун аткарган, бирок чыныгы жашоодо үлгүлүү ата, үлгүлүү жолдош боло алган дүйнөлүк актёрлор жөнүндө кеп кылабыз.

ЖУБАЙЫ МЕНЕН КЫЗДАРЫНА ЧЕКСИЗ СҮЙҮҮСҮН АРНАГАН ДУЭЙН ЖОНСОН

Мурдагы популярдуу америкалык рестлер, футболист, азыр болсо Голливуддун боевик, криминал, комедиялык киноактёру Дуэйн Жонсон. Ал «Форсаж», «Жуманжи», «Экинчи мүмкүнчүлүк», «Чаяндардын падышасы» жана башка бир катар атактуу тасмаларда роль жараткан. Актёрду чыныгы жашоосунда тентек деп атоо туура эмес. Аска каймана аты менен таанымал актёр жашоодо балдарын сүйгөн ата, жакшы күйөө. Дуэйн Жонсон өзүнүн биринчи аялы кубалык Дэни Гарсия менен Майамиде университетте окуп жүргөндө 20 жашында таанышкан. 7 жылдан кийин жуптар мамилелерин мыйзамдаштырышып, 2001-жылы Симон Александра аттуу кыздуу болушкан. 2007-жылы Дэни менен Дуэйндин үй-бүлөсү урап, кызы апасында калган. Симон Александранын керектөөлөрү үчүн Дуэйн ай сайын 22 миң доллар берип турат. Мындан тышкары окуусуна 5 миң доллар төлөйт.

Актёр 2007-жылдан баштап ырчы Лорен Хашиян менен мамиле кура баштаган. 2015-жылы Лорен менен Дуэйн Жасмин Лиа аттуу кыздуу болушкан. 2018-жылы экөөнүн экинчи кызы Тиана Жиа жарыкка келген. Кызы төрөлгөндө актёр Инстаграм баракчасына кызын төшүнө жаткырып түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Бул дүйнөдө дагы бир күчтүү айымды тосуп алганыма чексиз бактылуумун жана сыймыктанам. Тиананын төрөлүшүнө катышкандан кийин Лоренге жана бул дүйнөдөгү бардык апалар менен айымдарга карата сүйүүмдү, сыйымды, суктануумду айтып берүү кыйын» деп жазган. Кызы бир жашка чыкканда 46 жаштагы актёр кызы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Менин күчтүү кичинекей сулуумдун биринчи туулган күнү. Атаңдын колуна көнө бер. Ал сени дайыма колдойт, коргойт» деп жазган. Актёр баракчасына сүрөт жүктөп, жубайына, кыздарына болгон сүйүүсүн арнагандан тажабайт.

БАЛДАРЫНАН АЛЫСТАГЫСЫ КЕЛБЕГЕН МАРК УОЛБЕРГ

Жаштыгында кылмыштуу дүйнөдө жашап, колонияда отурууга да жетишкен америкалык музыкант, продюсер, актёр, модель Марк Уолберг азыр үлгүлүү ата, күйөө катары таанымал. «Маймылдар планетасы», «Чыккынчылар», «Итальянча тоноо», «Трансформерлер» сыяктуу криминалдык, боевик тасмалардын каарманы кичинесинде тентек болгон. Баңгизатын колдонуп жана саткандыгы үчүн 13 жашында полициянын кара тизмесине түшкөн. 14 жашында аны начар жүрүм-туруму үчүн мектептен чыгарып салышкан. 15 жашында болсо кара терилүү окуучуларды жемелеп, таш менен урганы, вьетнамдыктарды сабаганы үчүн кармалып, 2 жылга эркинен ажыратылган. Ал колонияда 45 күн отургандан кийин жактоочусунун жардамы менен боштондукка чыккан. Триллер, боевиктердеги ролдорун мыкты деңгээлде аткарган актёр чыныгы жашоодо кайрымдуу. «Марк Уолбергдин фонду» аркылуу жаман чөйрөгө аралашып калган таланттуу жаштарга, мындан тышкары үйсүз балалуу аялдарга жардам берет. Жаштыгында жасаган туура эмес аракеттери үчүн өкүнүп, 2014-жылы эл алдында кимдин алдында күнөөлүү болсо, баарынан кечирим сураган.

Актрисалар Жордана Брюстер, Риз Уизерспун, Чайна Чоу менен болгон романдарынан кийин Марк Уолберг Риа Дарем аттуу моделге жолуккан. Алар 8 жыл жарандык никеде жашап, Элла Рэй аттуу кыздын, Майкл Уолберг жана Брендан Жозеф Уолберг аттуу уулдардын ата-энеси болушкан. 2009-жылы Марк менен Риа мамилелерин мыйзамдаштырышкан. 2010-жылы кичүү кызы Грейс Маргарет Уолберг төрөлгөн. Марк бир маегинде «Көп убакыт жок болуп, үйгө кайтканымда балдарым өзгөрүп калат. Бойлору өсүп, өздөрүн алып жүрүүсү өзгөрөт… Бул мени ойлондурат» деген. Убагында боевик, экшн, ачык сүйүү сценаларына тартылып жүргөн Уолберг азыр балдарынын алдында уят болбой турган комедия, фантастика жанрларындагы тасмаларга ыктай баштаган. Жубайы Риа Дарем аны үлгүлүү күйөө жана ата деп баа берет.

КӨП БАЛАЛУУ БОЛГОНУ ҮЧҮН БАКТЫЛУУ ВИН ДИЗЕЛЬ

Актёр, продюсер, сценарист, режиссёр. «Форсаж», «Риддиктин хроникасы», «3 икс» тасмаларынын каарманы Вин Дизелди да бул тизмеге кошсо болот. 17 жашында клубда күзөтчү болуп иштеп жүрүп, көчө мушташтарынан тажрыйбалуу болуп калган Вин Дизель азыр бул өнөрүн тасмаларда гана колдонот. Актёр жеке жашоосун эл алдына чыгарганды жактырбайт. Андыктан анын бир катар актриса, моделдер менен сүйүү мамилелери болгону айтылып, бирок тастыкталган эмес. Анын "Форсаждагы" өнөктөшү, актриса Мишель Родригес, чехиялык модель Павла Харбкова менен мамилелеш болгону белгилүү. 2007-жылдан бери актёр мексикалык модель Паломо Хименес менен жарандык никеде жашайт. Азыр алардын ортосунда 3 баласы бар: 2008-жылы төрөлгөн кызы Хания Райли Синклер, 2010-жылы жарыкка келген уулу Винсент Синклер жана 2015-жылы төрөлгөн уулу Полин Синклер. Вин Дизель балдарын аябай жакшы көрөрү жана бош убактысын балдарына арнаары жазылып келет. Артист бир ирет сонун аялы бар үчүн жана көп балалуу болгону үчүн бактылуу экендигин айтканы бар.

ЖЕЙСОН СТЭТХЭМДИ ЖУБАЙЫ СОНУН АТА ДЕП СЫПАТТАЙТ

«Адреналин», «Жүк ташуучу», «Форсаж» тасмаларынын актёру Жейсон Стэтхэм жалданма киши өлтүргүч, суперагент, полиция кызматкери, жан сакчы жана уурунун ролдору менен таанымал. Экрандагы шоктугуна карабай ал жашоодо анчалык шок эмес. Башка белгилүү актёрлордой сүйүү романдарынын көптүгү менен да мактанбайт. Ал 1997-жылдан тартып 7 жыл кесиптеши Келли Брук менен жакын мамиледе болгон. Андан кийин ырчы Софи Монк, искусство таануучу Алекс Зосман менен мамиле курганы белгилүү. Азыркы жубайы «Victoria’s secret’тин» модели Роузи Хантигтон-Уайтли менен 2010-жылдан баштап сүйлөшө баштаган. Алардын мамилеси 6 жылдан кийин үйлөнүү тоюна жеткен. 2017-жылы уулу Жек Оскар Стэтхэм жарыкка келген. Аны күйөрмандары үлгүлүү ата деп билишет. Папараццичилер актёрдун баласына самокат тепкенди үйрөтүп жатканын, моюнуна көтөрүп баратканын тартып алышкан. Бир интервьюсунда Рози «Жейсон сонун ата. Мага анын Жек менен алек болуп жатканын карап туруу жагат» деп айткан.

Мындан тышкары үлгүлүү ата, үлгүлүү күйөөлөрдүн катарына Голливуддун мыктылары Уилл Смит, Мэтт Деймон, Курт Рассел, Жейсон Судейкис жана башкаларды кошсо болот.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан