Англиянын Магулл шаарынын Марго Руден аттуу тургуну күйөөсүн өрттөн куткарам деп өзү каза болду. Бул тууралуу Улуу Британиянын басылмалары жазып чыгышты.
86 жаштагы Марго Руден күйөөсү Жорж менен үйдө отурган кезде үйдүн жанындагы автоунааны кылмышкерлер өрттөп кетишкен. Өрт өчүргүчтөр алардын үйүнө өрт өтүшү мүмкүн экенин эскертип, сыртка чыгып кетүүгө чакырышкан. Марго оорукчан күйөөсүнө үйдөн чыгууга жардам берип жатып кулап түшүп, башынан жаракат алган. Ооруканага жеткизишкенден кийин ал жаракатынан улам каза болгон. Маркумдун жакындарынын айтымында, кемпир өмүр бою оорукчан күйөөсүнө кам көрүп келген. Учурда полиция кызматкерлери өрт чыккан жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылат маалыматта.
Айпери Хожаева
koom@super.kg