УКРАИНА СЕЛСАЯКТАРДЫН КЕБЕТЕСИН ОҢДООГО КИРИШТИ

Украинадагы Львов шаарынын мэри Андрей Садовый тиешелүү бөлүмгө шаардагы селсаяктарды бир жумада бир жолу мончого алып барып, кебетелерин оңдоону тапшырды. Мындай тапшырма селсаяктар шаарга келген конокторду сырткы кебетеси менен коркутуп, жагымсыз маанай тартуулабашы үчүн берилген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

“Шаардын көчөлөрүндөгү отургучтарда уктап же эс алып жаткан селсаяктарды көрүүгө болот. Мен алар үчүн бир аптада бир же эки жолу жуунуп, сырткы көрүнүштөрүн эпке келтирүү үчүн шарт түзүп берүүнү карап чыгышыңарды сунуштайм”,- деген мэр аткаруу комитетинин жыйынында. Эми аталган комитет селсаяктар барып жуунуп туруусу үчүн жуунуучу жай иштеткендер менен келишим түзүүлөрү күтүлүүдө.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан