Жаным Айзат: «ИШЕНИЧТЕН ЧЫГЫП КАЛУУДАН КОРКОМ»

Апта айымы

"Кайда, махабатым кайда?.." деп махабатын күтүп келген Жаным Айзат шоу дүйнөгө аралашканына аз болсо да, өз ордун таба алды. Бул жолу Айзат жөнүндөгү маалыматтарды ырчынын өз оозунан угалы.

Толук аты-жөнү – Баатырбекова Айзат Маматсабировна
Туулган жылы –
1991-жыл, 2-март
Туулган жери –
Бишкек
Бою –
169 см
Салмагы - 49 кг

Бут кийиминин өлчөмү –
36
Үй-бүлөлүк абалы –
Бойдок
Тамшана жеген тамагы –
Беш бармак
Фобиясы –
Караңгы түн
Репертуарындагы популярдуу ырлары –
“Сүйдүм сени”, “Махабат аллеясы”
Жигиттердеги баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк

"ЖАҢЫ ДҮЙНӨГӨ ЖАҢЫ АДАМ"
– 2-март, 1991-жыл. Бул күнү ата-энеме Кудайым мени белек кылган. Мен эртең мененки саат 9:45те Бишкек шаарынын №4-төрөт үйүндө 3 килограмм 500 грамм салмакта жарык дүйнөгө келипмин. Ата-энемдин тун кызы болгондуктан, мага мурунтан эле Айзат деген жакшы ысымды даярдап коюшкан экен. Анан кийнчерээк шоу дүйнөгө аралашканда атыма өзүм Жаным деген сөздү кошуп, Жаным Айзат деп атыгып калдым.

"ИШЕНИМГЕ КИРҮҮ КЫЙЫН"
– Ишенимге кирүү өтө кыйын. Ата-энем келечекте менден көптү үмүттөнүп күтүшкөндүктөн, алардын мага болгон ишеничин жоготуудан корком. Эң жөнөкөй эле досторум менен түнкү клубга барсам, айтылган мөөнөттөн кечикпей келем. Бирок ата-энем мага ишенишет. Өзүм да чоңоюп калбадымбы, ак-караны түшүнүп дегендей...

"ИДИШ ЖУУГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ"
– Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, үй жумушу менин моюнумда. Бардык ишти тажабай жасай берем, бирок идиш-аяк жууганды жаман көрөм. Өзгөчө беш бармактан кийинки идишти жууш мен үчүн оор. Түнкү саат он эки, бирге чейин телевизор көрүп жуубай отура берем, анан атамдын “түнкүгө кир идиш калтырбаш керек, шайтан аралап кетет” деген сөзүн эстеп алып, жууп кирем.

"АЛГАЧКЫ БАЛАЛЫК СЕЗИМ"
– 2-класста окуп жүргөн кезде Роман аттуу немис улутундагы бала аябай жакчу. Сабакта эң көп баа алган да, ошол эле учурда тентектиги үчүн бурчка көп турган да Рома болчу. Менин чачымды тартып же китебимди алып бербей коюп, дайыма тийише берчү. Бирок анын тийишкенине сыртымдан жиним келсе, ичимден жыргаар элем. Шайыр-шамдагай Романы мен гана эмес, классыбыздагы кыздардын баары жакшы көрүшчү. Бир жолу аны талашып, Аня деген кыз менен чачташып урушуп кеттим. Анан Рома мени үйүмө жеткирип барды. Жолдо бара жатканда сагыз сатып берген да, ичиндеги чаптагычын өзү алып калган. Мен болсо дептерлерге Рома+Айзат деп жаза берчүмүн. 3-класска көчкөндө ал ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен.

“СЕСТРУХАЛАРДЫ” ЖАЙГАРГАМ"
– Мен жаңы мектепке которулуп, окуй баштаган кез. Албетте, жаңы классташтар менен тил табышып кетиш кыйын. Бир жолу классташтарым “мектептеги кыйын кыздардын бири Настя менен урушуп жеңсең, биздин топко киресиң, эгер жеңилип калсаң, “сеструхаларга” дайым акча берип турасың” деген шарт коюшкан эле. Мен билекти түрүп, Настя менен мушташып, аны жеңип алгам.

"ЖАШОО ЖӨНҮНДӨ..."
– Жашоого биз бир гана жолу келгендиктен, өзүбүз каалагандай, бирок татыктуу жашай билишибиз керек. Азыр эртеңки күнүң эмес, бүгүнкү күн эмне менен аяктаарын толук билбейсиң. Андыктан алдыга план коюп жашаш керек, ошол эле учурда кырдаалга жараша чечим чыгарганды да билиш зарыл.

"ФУТБОЛДУН КҮЙӨРМАНЫМЫН"
– Негедир көп кыздар футболго кызыга беришпейт. Мен болсо футболду аябай жакшы көрөм. Кичинекейимде көчөгө чыгып, балдар менен тең тайлаша футбол ойночумун. Футболчулардан германиялык Михаэль Баллакты жакшы көрөм. “ЮАР-2010” чемпиондугунда болсо Испанияга жан тарттым.

АЙЗАТ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Палоону жакшы жасайт.
  • Жемиштен ананас, мистени жакшы көрөт.
  • Кызылчаны такыр жей албайт.
  • “Күүгүм” тасмасын көргөндөн тажабайт. Кызыкканынан 5 күндө 4 китебинин электрондук вариантын интернеттен көзү кызарганча окуган.
  • Клуб, тоо, сноубордго барганды жакшы көрөт.
  • Кичинекей кезинде балерина болгусу келчү.
  • Дүйнөлүк классикалык адабиятты көп окуйт.
  • Көп колдонгон сөзү – Албетте.
  • Кемчилиги – Орусча ойлонуп, орусча сүйлөгөнү.
  • Негизги үч сапаты – Өжөр, тартынчаак жана таарынчаак.
  • Жашоодогу урааны – Баарын багындырам!

БАШТЫГЫНДА ДАЙЫМА...

  1. Көз боёгуч – 450 сом (Pupa)
  2. Асем буюмдардын баары Tiffany & Co фирмасынан
  3. Тушь – 800 сом (Maybelline)
  4. Помада – 250 сом (Eveline)
  5. Карандаш – 350 сом (Flormar)
  6. Атыр – Америкадагы курбусу белек кылган (Pimkie)

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Jibeka
2010-08-07 18:33:56
Какая вам разница пусть одевается как хочет она же не будет одеватся так как вы хотите а вообще вы знаете кто себя балует тот себя любит а не то что некоторые и еще завидуйте молча хорошо)))))))))
0
lira
2010-08-07 18:42:03
Kyrgyzstanda kiyim ke4e jana kosmetika ushun4alyk ele kymbattap kettibi???Bargandan da korkup kaldym :)
0
sani
2010-08-07 21:18:00
ozun shou-biznestin insany bolgonduktan myn4a maktanyp jazbai ele koiboit belen! Bul buiumdaryn Evropada bilesinbi kancha turaryn? "Pimkie" duchin bolso en arzan bolgonu 3,99 evro turat somgo kotor,echkim koldonboit , Pimkie de azyr tem bolee 70% skidka bolup atat it beker.Amerikadan sakaz kylgan sumka "Laja" , obodogun Avstryada bolso bolgonu 0.99 cent turat, kalganyn aitpai ele koioun! Baalaryn elge maktanbai, ukmush bolgonsup uyat blboi ele koison bolmok
0
Ceed
2010-08-07 21:46:34
lira Жунхайдан эле алынган кийимдер! СуперИнфонун офисине келгенде эле баалары которулуп кетет! Анан жогорттогу менин айткан созум бул Суперчилерге тиешелуу,бир ырчы жонундо жазып туруп, артынан кийимдеринин баасын жазып мактантып койгонунар таптакыр туура эмес!
0
Ceed
2010-08-07 21:48:15
Jibeka Биз орусча тушунбойбуз, кыргызча кайрадан жазып койсон жакшы болмок! Ал жазганынды сенден башка эч ким тушунбойт жатат! Анан арасында утурлору (запитая) да калып кеткендейби?
0
MARAL
2010-08-08 00:28:22
Мдаааа....чет олкону туурайбыз деп,жада калса ободогун мактанып жазыптыр.Жакында ич кийимдерин да жазгыла.Мисалы менин сууга сузчу шортам ГУЧЧИ маркасынан.Эч ким эч кандай Австралиядан эмес Москвадан ЦУМдан 400 еврого алдым.Ал эми жакында Араб Эмираттарынан БМВ улгусундо темир тулпар келет,жакын досум 100 долларга тамашалашып утулуп калып жонотуп атат...дагы мактансамбы???Уландысы кийинки санда...
0
Aelina
2010-08-08 01:08:18
Vot ona gonit. Tiffany & Co ochen dorogaya companiya. Ya eto 100 % znayu tak kak ya v USA. Odna malenkaya kolechka serebro stoyit 150 dollarov aprikinte takaya bolshaya sepochka skolko stoit i ona eto mojet sebe pozvolit. Tem bolee modeli Tiffany ochen stilniye i akkuratniye. a eto vygladit kak jelezo i deshevo!!!
0
Jizusa
2010-08-09 02:23:46
Ayabai arakettenip ozyn maktaptyr hahha, daje sme6nooo
0
Altina
2010-08-09 15:34:38
мактанганыбы или эмнеси?
0
AIZAJANKA
2010-08-09 17:31:32
Aelina, подземкада и цумда мындай тифани толтура, баасы - 250-300 сом. ошолордон эле алып тагынган.
0
milli
2010-08-09 22:03:22
Sani aytkanyna koshulam... Pimkiede skidka, en arzan dukon.
Janim Ayzat emi kimbat kiyinse emne, jalgyz kyz bolgondon kiyin kaalashyncha kiyinsin, boensun degendey... Chet jaktan zakaz kylyp aldyrganga ayabay kyzygyp maktanyshat, bizde Kg de dele andan da jakshy kachestvodagy kiyimderdi, firmenniy kosmetikalardy alsa bolot. Bul Amerikadan, tigi Avstraliadan dep aytylgan jakshy ugulsa kerek.
Emnesi bolso da iygilik.
0
alexandra
2010-08-12 23:14:49
bashtygyn original go
0
alexandra
2010-08-12 23:14:55
hey
0
merish
2010-08-13 16:57:56
очки прикольные
0
Marmiladka
2010-08-20 15:30:49
Эмне мынча баарыңар күйүнүп алгансыңар?Жунхайда сатылган кийимдей көрүнүп турабы?Баалары өтө деле асмандагы эмес.Анан калса Айзат мунун баасы мынча деп мактанбаса керек.Болгону маалымат үчүн кабыл алдым мен мисалы.
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан