ААРЫ АЛДАБАЙТ...

Тоолуу биздин жерде балдын сапаты, өңү, даамы мыкты. Дарылык касиети күчтүү. Көбүбүз балдын кооз идишке куюлуп, дүкөндө тизилип турганын гана көрөбүз. Ага чейинки мээнет, түйшүкчү? Бишкек-Ош жолунун боюнда, айтылуу Чычкан капчыгайында аары багып, Токтогулдун балын дүйнөгө таанытып жаткан адис Эмил Жолдошбеков аарычылык кесип тууралуу айтып берет.

КЫЗЫКТУУ...

  • 1 эне аары суткасына 2 миңден өйдө жумуртка таштайт.
  • 1 кашык бал чогултуу үчүн аары 30 миңдей гүлгө конушу керек.
  • Аарылар гүлдүн жытын 1 чакырым алыстыктан сезишет.

«ААРЫ МЭЭНЕТТИ АКТАЙТ»

– Аарычылык менен алектенгениме баш-аягы 15-20 жыл болуп калды. Учурда 80дей бал челегим бар. Өзүм Токтогул районунан болом. Жылда жазында ушул жерге аарыларды алып келип, жайы менен иштетип, күзүндө кайра үйгө алып кетебиз. Үйрөнүп алсаң, аарычылык жакшы кесип, тиричилигибиз балдын арты менен болууда. Балдарды окутуп, башка чыгымдарыбызды жаап жатабыз. Балдын ден соолукка пайдасы көп да. Шаардыктар «иммунитетти көтөрөт» деп көп сатып алышат. Аары алдабайт, көбөйтсөң банкрот болбойсуң. Бирөөгө кошулуп кетет, жоголуп кетет дегидей кой эмес. Тызылдап иштей берет.

«ААРЫГА ӨТӨ ЫСЫК ДА, ӨТӨ СУУК ДА ЖАКПАЙТ»

– Сезон аба ырайынан көз каранды. Аарыга өтө ысык да, өтө суук да жакпайт. Эгер тынбай жамгыр жаай берсе, аары иштебейт, жата берет. Бир күн жамгыр жаап, 2-3 күн ачылып турса аарылар үчүн ыңгайлуу учур ушул. Быйыл жаздан бери жамгыр жаады, азыр күн жылуу, аарылар жакшы иштеп жатышат. Азыр экинчи качка (ред.: бал челектеги балды тартып алуу процесси) жасалып жатат. Биринчи качканын балы суюгураак болот. Гүлдөр жаңы ачылган маал, аарылар тез иштеп уясын бат толтуруп жиберишет. Анан балдын өңү кара-күрөң тартып турат. Анткени жаздын күнү нектарды кулунчактан чогултушат да. Андан кийин сары донник, гүлкайырлар чыгат. Түрдүү гүлдөр ачылат. Экинчи качкада балдын өңү кызгылтым тартып, коюураак болот. Үчүнчүсү – чөп бышкан кез. Бал деле кымыздай, демек, чөп бышкан кездин балы жакшы. Негизинен таза балдын жаманы болбойт.

«ТОБОКЕЛЧИЛИК – АБА ЫРАЙЫ»

– Эң чоң тобокелчилик – аба ырайы, жамгыр. Башка коркунуч деле жок. Башкысы жакшы караш керек. Булардын өмүрү кыска, ар бир ай сайын кете берет. Мына, азыр иштеген аарылар өлөт, жаңылары чыгат. Алар өлсө, кышкыга жаңы төрөлгөндөрү чыгат. Жылына болбосо да 2 жылда бир "матканы" (эне аары) жаңыртып туруш керек. Он миңдеген уруктарды бир эле "матка" себет да. Аны өлтүрбөй, бала салдырбай жакшылап карайбыз. Мисалы, бал алууда ал жерге катуураак түшүп кетсе, бала салып коюшу мүмкүн. Эне аары башка аарылардан чоң, узун болуп айырмаланып турат. Ошол команда берип, баарын башкарат. Кышта аны багып чыгышса, жазда ал буларды көбөйтөт. Эне аары бал челекте рамкаларды кыдырып жүрө берет. Бош, тазаланып калган рамкага жумурткалайт. Аарынын өмүрү 16 эле күн, 16 күн иштейт, өлөт. Кам көрсөң аары эч качан алдабайт.

Кудайга шүгүр, бир сезондо орточо 300-400 миң сомдой киреше табабыз.

«ЧЫГАША ААРЫНЫ КАРАГАНЫҢА ЖАРАША БОЛОТ»

– Аарычылыкта чыгаша ар кандай болот. Мисалы, күздө бал челекке бал калтырбай какшытып алып алсаң, аары азыксыз калат, кышында көбүрөөк шекер беришиң керек. Үчүнчү "качкада" аарыларга деп челекке 10 кило бал калтырыш керек. Мисалы, бир бал челекте 20 рамка болсо, аарыларга балы көп 4-5 рамканы калтыруу кажет. Аарынын кышкы азыгы ошол. Жетпесе, азыраак шекер бересиң, болду. Чоң казанга суу коюп кайнатып, ага шекер салып аралаштырып сироп даярдайбыз. Аны аарыга берсең, өзү иштетип бал кылып алат. Рационалдуу пайдалансаң аарычылыкта чыгым деле болбойт. Албетте, курсак ачканда баарын сатып жиберсең аарыны багыш үчүн чыгым болосуң. Аарыга да калтырып, буюрганын алыш керек.

«БАЛ ТОЛГОН ЧЕЛЕК ДАРОО ЭЛЕ БИЛИНЕТ»

–Челекти ачып көрөсүң, бал алууга даяр рамканын үстү агарып калат. Бул – аарыда күч көп, жакшы иштеп жатат деген белги. Рамканын бетиндеги уялар толуп, аары сыртына уя сала баштаганы. Рамканы алып аарыларын күүп салабыз. Андан кийин уялардын бекип калган оозун атайын бычак менен кесип, бал топтоочу атайын идиштеги калыпка салып айлантабыз. Ал идишти бал тарткыч, медогонка деп коёт. Айлантканда уядагы бал чачырап идишке түшөт. Бошогон рамканы кайра бал челекке салабыз. Айта кетүүчү нерсе, момду алмаштырып туруу керек. Аарылар уяны майлап сүттөйт да, жаңылап турбасаң ичи кичинекей болуп калат. Ага төрөлгөн аары кичинекей болуп калат. Жаңыласаң уя кенен болуп, андан чыккан аары да чоң болот. Жумушчу аарылар 1 рамкага уяны 2-3 күндө эле салып коюшат.

«БАЛЫБЫЗ ТАЗА, КАРДАР АЛДЫНДА ЖҮЗҮБҮЗ ЖАРЫК»

– Түз, жайык аймакта аарылар нектарды негизинен эспарцеттен ташышат. Күнүнө 10 килограмм деле ташып коюшу мүмкүн. Ал эми тоолуу шартта жайыраак ташыйт, бирок балы күчтүү болот. Бал челектерди кышка жакын Токтогулга алып барып, баарын бир жерге жыйып коёбуз. Кышында тамак-ашын карап чыгабыз. Жазда кайра келебиз, бул жерде убактылуу баш калкабыз, чакан чарбабыз бар. Аарыны бул жерге калтырууга болбойт. Жолдун бою, машиналар өткөндө дүңгүрөп аарыларга тынчтык бербейт. Бал ачыбайт, эскирбейт, бузулбайт, каалаган убакта сата берсең болот. Кудайга шүгүр, мээнетибиз текке кетпейт. Балыбыз таза, кардарлар алдында дайыма жүзүбүз жарык.

«ТУРИСТТЕР ТАҢ КАЛЫШАТ»

– Араб кардарларыбыз бар, «өз жериңер бейиш экен, эмне эле Дубайга бара бересиңер?» деп таң калышат. Дубайга бардык, тазалыгы жана тейлөөнүн сапаты гана кызыктырды. Болбосо биздин жерге жетеби. Өлкөбүз суу сатса деле байып кетмек. Татыктуу башкарып, жакшы багытка сала турган киши жок болуп жатат.


Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Baktiyar731
2019-08-19 09:41:29
Эң таза иш!
+10
tular
2019-08-19 12:38:32
Мен дагы бал челек кармайм, сонун да уйронуп алсан!
+9
alaialaibekov
2019-08-19 16:18:50
Аябай так даана корсотуп бериптир.
+8
Nuri1988Elim2010
2019-08-19 20:43:53
Соонун!Берекесин берсин.Жакшы жумуш
+7
adiletik
2019-08-21 19:39:28
Ак эмгек, адал иш жаратылыш койнунда.
+2
Kuban-1207
2020-02-16 15:37:27
Жакшы бизнес
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан