РООСИЯЛЫК «БИРИНЧИ КАНАЛДЫН» ЖЫЛДЫЗДАРЫ

2002-жылдан бери “ОРТ” (“Общественное Российское Телевидение”) каналы “Биринчи канал” деп сыймыктуу аталып келет. “Атына заты жарашат” дегендей, чынында эле мындай аталыш каналдын популярдуулугун, анын дайыма алдыңкы орунда экендигин, биринчилигин аныктап турат. Россияда гана эмес, бүткүл КМШ, Австралия, АКШ, Жаңы Зеландия жана Антарктидада эфирге чыккан “Биринчи каналдын” дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрүнүн саны азыр 80 миллионго жетет. “Кайда гана болбоңуз, дайым сиз менен жана сиз үчүн” деген ураан менен иштеген “биринчилер” кыргызстандыктардын да жүрөгүнөн орун алып келишет. Көп жылдан бери алардын жагымдуу үндөрүн угуп, өздөрүнө көнүп да калдык. Ушул себептен, каналдын эң атактуу, эң сүйкүмдүү алпаруучулары жөнүндө сиздерге маалымат берүүнү чечтик.

ЕКАТЕРИНА АНДРЕЕВА
“Теледива” аталган аккуудай имерилген, үнү булактын акканындай жагымдуу айым Екатерина Андрееваны ким тааныбайт, ким жактырбайт? 1997-жылдан бери “Время” маалымат программасынын диктору болуп эмгектенип келе жаткан Екатерина 1961-жылдын 27-ноябрында Москва шаарында туулган. Ломоносов атындагы МГУнун тарых факультетин, андан соң юристтин окуусун бүтүргөн. Алпаруучулук кесипке чейин прокуратурада тергөөчү болуп иштечү. “Биринчи канал” конкурс жарыялап жатканын угуп, тагдырын сынап көрүүнү чечет. Алгач ага “чачы узундун акылы кыска” дегендей мамиле жасашып, көңүл бурушпайт. Бирок, анын үнүн жана сүйлөө манерасын уккан башкы режиссёр дароо кабыл алат. Жаңы кесиби менен катар радио жана телевидение кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтун бүтүрүүгө жетишет. Тарых жөн гана кызыкчылыктарынын бири болуп калган. Илимдин аркасынан түшпөй, журналистикага баш-оту менен кирип кеткенине эч өкүнбөйт. Үйбүлөлүү. Жолдошу – серб улутундагы бизнесмен, кызы – юридикалык бөлүмдүн студенти. Музейди аралап басканды жакшы көрөт. Математикага байланыштуу эч нерсеге күчү жетпесин билет. Кызматтан сырткары деле тыкан кийинип жүрөт. Эфирге дайыма “аркада Москва” деген сезим менен чыгат.

АНДРЕЙ МАЛАХОВ
“Кычыраган алпаруучу” деп эсептелген оригиналдуу Андрей Малахов Россиянын Апатиты шаарында 1972-жылы 11-январда төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле чакан концерттердин сценарийин даярдап алпарчу. МГУнун журналистика бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаганы үчүн 1,5 жылдык стажировкага Американын Мичиган штатына жөнөйт. 200 доллар стипендиясы жашоосуна жетпегендиктен, чакан мейманканада гезит сатып акча тапкан. Россияга кайтканда иш оңой эле табылып калган эмес. Алгач “Останкинодо” кабарларды англис тилинен которуп иштечү. Бирок, мындай кызмат Андрейдин көңүлүнө жакпай, ди-джейлик кесипти тандайт да, “Максимум” радиосуна ишке орношот. 1995-жылы “Биринчи канал” тарабынан “Утро” телепрограммасынын алпаруучусу болуп тандалганда анын жүзү да элге таанылып, белгилүү инсандардын катарына кошула баштайт. 1998-жылы юристтин окуусун окуп чыгууга жетишет. 2001-жылы Андрей “Большая стирка” шоу-көрсөтүүсү менен журт алдына чыгып, мыкты шоумен экенин далилдейт. “Биринчи каналда” жалаң чыр-чатактуу берүүлөрдү алып чыккан: “Пять вечеров”, “Высшая лига”. Өзүнүн күчү, өжөрлүгү менен эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Малахов учурда “Пусть говорят” телеберүүсүн алпарат. Жакында Андрейдин “Мои любимые блондинки” деп аталган биринчи китеби жарык көрдү. Аңгеменин башкы каармандары – өзү жана мурунку сүйүктүүсү ишкер айым Марина. Бирок, жылдыздын турмушу китептегиден кыйла айырмаланып тураары чын. Андрей жеке турмушу жөнүндө бардык жылдыздардай эле ашыкча сүйлөй берүүнү каалабайт. Бойдок. Ырчылардан Робби Уильямсты баалайт. “Дольче Габбана” менен “Гуччиден” кийинет. Бүлдүркөндү жакшы көрөт.

МАКСИМ ГАЛКИН
Жакында эле аншлаг менен болуп өткөн Максим Галкиндин жеке концерти анын Кыргызстанда да көп сандаган күйөрмандары бар экенин далилдеди. Элдин сүймөнчүгү Максим 1976-жылы Москвада туулган. Окуучу кезинде эле анын таланттуу экени ачык көрүнгөн. 3-класста концерттерде ырдап, 6-класста досторун, мугалимдерди жана мектептин мүдүрүн туурап сүйлөгөнгө жарап калган. Эч качан артист болууну самабаган Максим география сабагына өтө кызыкчу, дүйнө өлкөлөрүнүн аталыштарын жатка билчү. 1993-жылы лингвистика факультетине тапшырат. Так ошол студенттик кезинен баштап актёрлук кесипке тартыла баштайт. 24 жашында катуу кастингден өтүп, 2001-жылдын январь айынан баштап “Кто хочет стать миллионером?” интеллектуалдык телеоюнун алпарат. Ошол эле жылдын апрель айында берген биринчи жеке концертинде атактуу адамдарга пародия жасагандан баштап Галкиндин атагы артып, анын койгон шоу-концерттери бүткүл КМШны айланып келген. Учурда Максим аспиранттын окуусун окуп, диссертация ишин жазып жаткан убагы. 2 жыл мурун Алла Пугачёва менен дуэт ырдап чыккан. Жакында Москванын четинен жер сатып алып, 6 кабат сарай салдырган. Бойдок. Англис, француз, немис тилдеринде эркин сүйлөй алат. Бардык жетишкендиктерин өзүнүн гана эмгегинин натыйжасы деп эсептейт.

ЛЕОНИД ЯКУБОВИЧ
“Биринчи каналдын” эл аралык “Поле чудес” телеоюнун жума сайын эки көзүбүз төрт болуп күтөбүз. КМШ өлкөлөрүн бириктирген кызыктуу көрсөтүүнүн алпаруучусу, шоумен Леонид Якубович ар бир муундун сүймөнчүгү десек жаңылышпайбыз. Ал 1945-жылдын 31-июлунда Москвада төрөлгөн. Атасы инженер, энеси врач-гинеколог эле. Леонид да телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. Студенттик кезинде институттун КВН командасында алдыңкы оюнчулардын бири болуп саналган. КВН оюндарынын биринде ыр ансамблинин солисткасы менен таанышып, экөө баш кошушат. 80-жылдардан тартып сулуулук конкурстарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алпарчу. Телевидениеге келип “Поле чудес” телеоюнунун алпаруучусу жана “ВиД” телекомпаниясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалат. 1996-жылы «Эң мыкты алпаруучу», 1997-жылы РФнын Эл артисти деген наамдарга ээ болот. Уулу Артём – студент, кызы Варвара – мектептин окуучусу. Жакында “ВиД” телекомпаниясынын кызматкерлери Якубовичке квартира белек кылып көңүлүн алышкан. Якубович кулинарияга, бильярдка, сууда сүзүүгө кызыгат. “Поле чудес” көрсөтүүсүнө келген белектерди үйүнө алып кетпей, музейде чогултаарын айткан.

ЛОЛИТА МИЛЯВСКАЯ
Айымдардын кумири, эркектердин сулуулук эталону болгон атактуу ырчы, алпаруучу Лолита 1962-жылы 14-ноябрда Мукачёво шаарында төрөлүп, Киевде өскөн. Апасы джаз ырчысы, атасы дирижёр болгон. 1985-жылы Лолита режиссёрдун окуусун окуп бүтүргөн. Студенттик жылдарда курсташы Александр Милявский менен таанышып, ага баш кошот. Одесса филармониясында актрисалык кесибин баштайт. Мына ошол филармонияда Александр Цекалого кезигет. Лолита жолдошунан кол үзүп, кесибин да таштап, Цекало менен бирге “Кабарэ-дуэт” долбоорун иштеп чыгат. Узун бойлуу сулуу кыз менен кодойгон толук кишинин дуэти популярдуулукка жетишип, экөө чыныгы жашоолорунда да үйлөнүшөт. 1999-жылы Ева аттуу кыздуу болушат. Кийин бул жуп “ТВ пицца”, “Утренняя почта” көрсөтүүлөрүн даярдап, эфирге алып чыгат. 12 жыл чогуу жашап иштешкенден кийин ортодогу түшүн­бөстүк­төрдүн айынан Александр менен Лолита ажырашып, Лолита теледен бир топко жоголуп кетет. 2000-жылы жеке карьерасын баштоого күч топтоп, телеалпаруучулук кесипти баштайт. 38 жашка келгенде атак-даңктын туу чокусуна жетет. Көптөгөн ыр жыйнактарын жаздырууга, барктуу журналдардын биринчи бетине чыгууга жетишет. 2005-жылдын август айында Лолита “Биринчи каналдын” эфирине “Без комплексов” шоу-көрсөтүүсү менен чыгат. Анын профессионалдуу алпаруучу жана турмуштун ар тарабын көрүп-билген психолог экени дал ушул көрсөтүүдөн билинет. 2006-жылдын кышкы сезонунда Александр Цекало менен кайрадан кошулуп (теледе гана) “Две звезды” музыкалык программасын алпарган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан