Улан Эралиев: «ЭРЕЖЕСИЗ ЭР МУШТАШ – МЕНИН ХОББИМ»

Биздин бүгүнкү каарман – “Эрежесиз эр мушташтын илбирси” наамынын ээси, кармашып мушташуу боюнча (рукопашный бой) Дүйнө чемпиону. Ал профессионалдар арасында 13 беттеш өткөрүп, баарында жеңиштин даамын таткан. Атактуу спортчубуз менен баарлашып отуруп, мени анын наамдарына караганда жөнөкөйлүгү жана мекенчилдиги таң калтырды.

Эралиев Улан Токтомушевич
1980-жылы 9-июлда Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган.
Бою – 167 сантиметр, салмагы – 67 килограмм
Лакап аты – Шаа
Спорттогу жетишкендиктери – Профессионалдар арасында панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку (2006, 2008) чемпиону, Уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2007), Кармашып мушташуу боюнча Дүйнө чемпиону (2009).

Билими – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика бөлүмүн бүтүргөн. Эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенти.
Үй-бүлөлүү. 1 кыз жана 1 уулдун атасы.
Учурда Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушунда жашайт.

– Улан байке, редакциябызга куш келипсиз. Салтты бузбай, маегибизди “спортко кантип келип калдыңыз эле?” деген суроо менен баштагым келип турат...
– Баары мындайча башталган. 1-классымда айылда майрамга карата күрөш болуп калып, атам мени ошого алып барды. Кичине болсом да, чоң балдарды жеңип алдым. Ошондо “бул баладан бирдеме чыгат” деп Бийсейит Түлөбердиев деген агайым машыгууга чакырган. Албетте, атам кубанып, колдоого алыптыр. Ошентип, Бийсейит агай менин биринчи машыктыруучум болуп, спорт дүйнөсүн 2-класстан баштап тааный баштадым.
– Башынан эле атактуу спортчу болууну самачу белеңиз?
– Жок. Мен бардык советтик балдардай эле космонавт болууну кыялданчумун. Ушул күнгө чейин астрономияга кызыгам.
– Учурда бир туу­гандарыңыз да спорт менен алектенип жүргөнү тууралуу кабарым бар. Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз?
– Атам көп кесипти аркалап, иштеп жүрдү. Учурда дыйканчылык кылат. Апам мектепте китепканачы жана кыргыз тили менен адабиятынан сабак берет. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Нурлан жана Мирлан деген инилерим менин жолумду жолдошту. Алар самбо жана дзюдо менен машыгышат. 2 карындашым бар. Улуусу Орусияда иштеп жүрөт. Кичүүсү ата-энебиз менен айылда. Мектепте билим алып жатат. Ушундай көп балалуу үй-бүлөдө эл катары чоңойдук.
– Спорт менен олуттуу түрдө алектенүүнү качан чечтиңиз?
– Мектепти бүтүп, Бишкекке окууга келдим. Бирок 1 жыл окугандан кийин контрактты төлөй албай аскерге кетип калдым. Аскерден келип, инилеримдин спортко болгон кызыгуусуна кубанып, аларга шарт түзүп бергим келди. Анан ойлонсом, жеке өзүмдүн спорт боюнча даражам жок. Аларга колдоо көрсөтүү үчүн өзүм алгач бир нерсеге жетишүү керектигин түшүндүм. Ошентип, борборго аттанып, Дене тарбия академиясына барып, мелдештерге катыша баштадым.
Анан талыкпаган машыгуулардын арты натыйжаларга алып келе баштады. “Келечек” спорт клубундагы КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Бообек Тотошев агайга жолукканым да чоң мааниге ээ болду. Бообек агай менде жеңүүчүлүк мүнөздү жаратты. Дүйнө чемпионун жеңип алышымды да анын моралдык-психологиялык жактан колдоосунун артынан деп билем.
– Эрежесиз эр мушташ боюнча биринчи беттешиңиз эсиңиздеби?
– Негизи, мен эрежесиз эр мушташка өзүмдү мурдатан эле даярдап келген экенмин десем болот. Анткени аскерде атайын багыттагы аскер бөлүктөрүнө мушташтырып көрүп, анан алышкан. Ал эми эрежесиз эр мушташ боюнча биринчи жолу Казакстандын Боровое шаарында КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөн мелдешке (2004-жылы) катышкам. Баары мен үчүн ийгиликтүү болуп, биринчи эле мелдешимде чемпион аталгам.
– Карьераңыздагы эң оор беттеш деп кайсыны эсептейсиз?
– Эң оор жана маа­нилүү беттештерим алдыда деп эсептейм. Ошентсе да 2008-жылы Астанада өткөн мелдеште чечен улутундагы мушкер менен болгон мушташым чоң сабак болгон. Мен аны жашсынтып, туура баалабай койгом. Аны жеңүү үчүн 5 раунд мушташкам. Беттештеримдин баары мөөнөтүнөн мурда 1-2-раунддарда эле аяктачу. Ошол мушташтан кийин бир аз “жерге” түшүп, “өзүңдү эр ойлосоң да, өзгөнү шер ойло” дегендей, менден да күчтүүлөр чыгат тура деп калгам.
– Анан дагы спортто жаракат деген бар эмеспи...
– Ооба, бар. Былтыр Бишкекте уруш түрүндөгү самбо боюнча мелдеште эстен кеткис окуя болгон. Мушташта казакстандык атаандашым колумду кайрып алды. Аргасыз абал болчу. Баары менин багынып беришимди күтүшкөн. Ошондо ичимден “колум сынса сынсын, бирок намысты алдырбайм” деп туруп алдым. Анан кайдан-жайдан экенин билбейм, көп жылдык тажрыйбамданбы же Манас атабыздын арбагы колдодубу, айтор, абалдан чыгып, жеңишке жетишкем. Ошондо Спорт Ордосу дуу дей түшкөн эле. Кийин бир нече ай колум шишип, ооруп жүрдү. Көрсө, майда кан тамырларым жарылып кетиптир. Бирок колум сынбаптыр.
– Учурда спорттон тышкары эмне менен алектенесиз? Сурайын дегеним, азыр спорт менен үй-бүлөнү бакса болобу? Сиз үй-бүлөңүздү кантип камсыз кыласыз?
– Спорттук карьера мен үчүн 1-орунда турбайт. Эрежесиз мушташка спорттук оюн катары мамиле жасайм. Эрежесиз эр мушташ - менин хоббим. Мен акча табуу үчүн мушташып жүргөн жокмун. Эл аралык мелдештерге катышкандагы башкы максат – кыргыздын туусун желбиретүү. Учурда алектенгем жумушум бар. “Байтас” деген эл аралык компанияда директордун жардамчысымын.
– “Жашоодо өзүмдү толук көрсөтө алдым, өз ордумду таптым” деп эсептейсизби?
– Аздыр-көптүр кыргыздын туусун таанытып келе жатам. Ошентсе да элим үчүн кызмат кылып, пайдасына жарасам, жаштарды мекенчилдикке, сергек жашоого шыктандырсам, өзүмдү толук бактылуу сезет элем.
– Улан байке, сизге мындай суроо: адатта жашоодо бир нерсеге жетишүү үчүн башка бир нерсени курмандыкка чалууга туура келет эмеспи. Сиз спорт деп жүрүп кандай курмандыкка бардыңыз? Мүмкүн, ичиңизде катылуу арма­ныңыз бардыр...
– Жок, менин арманым жок. Мүмкүн, мен спортко мынчалык көңүл бурбасам, материалдык жактан алганда мындан да жакшы шарттарда жашамакмын.
– Жашоодо жана спортто кимди устатым деп эсептейсиз?
– Мен жашоодо устатым деп улуу духту алып жүргөн кыргыз элимди эсептейм. Турмушумда көптөгөн жакшы адамдар менен жолугушуп, алардан көп нерселерди үйрөндүм жана үйрөнүп келе жатам.
– Жеке жашооңузга токтоло кетсеңиз. Келинчегиңиз менен кантип таанышып калгансыз?
– Спортто чоң жеңиштерге жетишүү үчүн тылың, тактап айтканда, үй-бүлөң бекем болушу керек. Ал жагынан алып караганда мен бактылуумун. Мени ар тараптан түшүнгөн жубайым бар. Жанара менен 2004-жылы Оренбургда таанышканмын. Мен мелдешке, ал 1-курсту аяктап, эжелерине барган экен. Шаардын көчөлөрүнүн биринде эжелери дарек сурап кайрылып калышты. Ошентип тааныша кеткенбиз. Кийин Кыргызстанга келгенде байланыштык. Аны менен бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, анда апамдын сапаттары бар экенин көрдүм. Анан экөөбүз баш коштук. Айдай аттуу кызды жана Деңизбек аттуу уулду тарбиялап жатабыз.
– Уулуңуз эрежесиз эр мушташка чыгам десе каршы болбойсузбу?
– Жок. Уулум кандай жолду тандаса да өз эрки. Мүмкүн, ал спортчу болор же балетке барам деп чыгар. Азыр 4 жашта. Ошого карабастан, менин мушташтарымды видеодон көргөндөнбү, айтор, бардык ыкмаларды үйрөнүп алыптыр. Экөөбүз кадимкидей эрежесиз эр мушташка түшөбүз.
– Алдыда кандай беттештер күтүп турат?
– Буюрса, жакынкы айлардан үмүтүм чоң. 27-28-августта Бишкекте Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата кармашып мушташуу боюнча эл аралык мелдеш болмокчу. Ага ардактуу конок катары чакырылгам. Андан соң 3-сентябрда эрежесиз эр мушташтын М1 түрү боюнча Москвада мушташууга келишимим бар. Аны жеңсем, 100 миң рублга ээ болом. Бул менин карьерамдагы 14-беттешим. Азыркыга чейин жеңилүү ызасын тарта элекмин. Анан, албетте, Азия чөлкөмүндөгү жылдын башкы мелдеши – Гуанчжоудагы Азия оюндары күтүп турат.
– Маегиңизге рахмат. Сизден жеңишти гана күтүп калабыз. Маек аягында сизге эркин сөз. Айта турган кептериңиз бар чыгар...
– Рахмат. Мен мүмкүн­чүлүктөн пайдаланып, мага ар тараптуу колдоо көрсөткөндөрү үчүн эң оболу ата-энеме, үй-бүлөмө, жакындарыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Анан жогоруда аты аталган машыктыруучулардан тышкары Чолпон Айтматов агайга да рахмат. Колдоо көрсөтүп келе жаткан Малик Чакиев, Аскат Акебай уулу аттуу агаларга, ошондой эле кеп-кеңештерин аябаган Сабырбек Заиров, Мирлан Назарматов жана Нурдин Айталиевдерге ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми досторум Кенжебек, Бакыт, Арсен, Мурат, Нурбектерге өзгөчө рахмат. Сиздердин да ишиңиздерге ийгилик! Нускаңыздар көбөйө берсин!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maratbek
2010-08-09 15:46:12
Андан соң 3-сентябрда эрежесиз эр мушташтын М1 түрү боюнча Москвада мушташууга келишимим бар. Аны жеңсем, 100 миң рублга ээ болом редакция билип бере аласыздарбы 3 сентябрь да москва шаарында боло турган мелдешти?
0
info
2010-08-10 09:09:10
Конкреттүү эмнесин билгиңиз келип жатат? Купуяга жазсаңыз билип бергенге аракет кылабыз.
0
nurkaa
2011-11-03 00:59:48
Буйрса 26-ноябрь Уфа шаарында М1 боюнча урушат
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан