ДУБАЛ СЫРТЫН ЖАСАЛГАЛОО

Үй салгандан кийин дубалдын бети жаан-чачындын айынан бузулбашы үчүн аны каптап, жасалгалоо керек болот. Бул жаатта кандай заманбап материалдар бар экендигин, айырмачылыктарын Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү жана серептөө кафедрасынын доценти Жамалидин Абдыраимов айтып берет.

САРЫ ТАШ (ТРАВЕРТИН)

Бул “ракушечник” деп да аталат. Учурда Ош облусунун Өзгөн районунан казылып келүүдө. Кенден казылып келгенден кийин плитка формасында кесилип, жылмаланат. Курамы – кальций карбонаты. Кендин жердин үстүңкү бетине жакын катмары (1-катмар) күн, жаан-чачындын таасиринен өңү күрөң-саргыч тартып, тыгыздыгы азыраак болот. Андыктан бул катмардан жасалган плиткалардын баасы арзаныраак. Үйлөрдүн, имараттардын бетин каптоого, полго колдонулат. 2-катмарынын өңү саргыч ак, тыгыздыгы бекем болгондуктан кымбатыраак. Көбүнчө үй, имараттардын сыртын каптап, кооздоого кетет.

Плитанын 1 чарчы метри 500-650 сомдун тегереги.

Артыкчылыктары:

• Экологиялык таза материал, бышык

• Дубалды күн нурунан, жаан-чаачындан сактайт

• Күн нурунан өңү өзгөрбөйт

• Узакка кызмат кылат (50 жылга чейин)

• Сыртын жууса болот

• Дем алат (майда көзөнөктөр бар)

• Күйбөйт, газ бөлүп чыгарбайт

Кемчиликтери:

• Салмагы оор. Андыктан анча салмакты кармоо үчүн мыкты, бышык пайдубал керек

• Дубалдын бетине бекиткенге металл профилдүү арматуралар, атайын клей эритме (курамы кум, цемент, пластификатор) керектелет

• Монтаждоого көп убакыт кетет

• Баасы кымбат

КЕРАМИКА ПЛИТАЛАРЫ

Булар Орусия, Кытай, Италия жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.

Курамы: чопо, кум, кварц, талаа шпаты жана карбонаты, күл, слюда (минералдар топтому). Плиткаларды жасоодо 2 жолу атайын бышыруудан өткөрүшөт.

Керамика плиталарынын: керамограниттүү, клинкердүү, кышка жана ташка окшоштурулуп жасалган түрлөрү бар.

1 чарчы метри – 500-1500 сом.

Артыкчылыктары:

• Экологиялык жактан таза материал

• Узакка кызмат кылат (50 жылга чейин)

• Бышык, өңү өчпөйт

• Ар түрдүү түстөгүлөрүн тапса болот

• Күйбөйт, газ бөлүп чыгарбайт

Кемчиликтери:

• Салмагы оор, андыктан анча салмакты кармоо үчүн мыкты, бышык пайдубал керек

• Морт. Сынып калгандарынын ордуна дайыма запастагылары болуусу керек

• Дубалга бекитүү үчүн темир торлор, курулуш клейи керектелет

• Монтаждоого көп убакыт кетет

ФАСАДДЫК БЕТОН ПАНЕЛДЕР

Булар Кыргызстанда чыгарылат, ошондой эле Кытай, Орусиядан алынып келинет.

Мунун кышка, ташка, тактайга, 3D форматына окшоштуруп жасалган түрлөрү бар. Курамы – цемент, фибра (жасалма жипче, кыл), кум, суу, боёктон турат. Фибра айнек буладан, базальттан жасалуусу мүмкүн. Ошого жараша панель стеклофибробетон, базальтофибробетон деп аталат. Фибра плитканы сынып кетүүдөн коргойт.

Бетон панелдердин бир чарчы метри 500-2000 сом.

Артыкчылыктары:

• Экологиялык жактан таза

• Күйбөйт, өрттөнбөйт, газ бөлүп чыгарбайт

• Бат эле коюлат (монтаждалат)

• Узакка кызмат кылат (25-40 жыл)

Кемчиликтери:

• Салмагы оор, нымды сорот

• Дубалга цемент эритме же курулуш клейи менен жабыштырылат

Эгер панелдин өлчөмү чоң болсо саморез (шуруп) менен да бекитүү керектелет

САЙДИНГ

Бул курулуш материалдары учурда Кытай, Орусия, Европа мамлекеттеринен, Түркиядан алынып келинүүдө. Жыгач, металл, винил, акрил, цемент сайдингдер бар.

Баалары – жасалган материалына жараша 1 чарчы метри 280-620 сомго чейин. 20-35 жылга чейин кызмат кылат.

Жыгач сайдингдин курамы жыгач буласынан, атайын чайырдан турат. Бети жаан-чачындан, күн нурунан коргоо үчүн бир нече жолу сырдалат же лакталат. Жыгачка окшош көрүнгөндүгү үчүн имараттын ичин кооздоодо да колдонулат.

Үйдүн сыртын каптап, кооздоо үчүн жыгач-полимердик композиттен жасалганы (жыгач буласы+полипропилен) пайдаланылат. Дубал бетине жыгач рамкалар орнотулуп, ошонун бетине жабыштырылып бекитилет.

Артыкчылыктары: нымды сорбойт, жеңил.

Кемчиликтери: өрткө туруктуу эмес (күйөт).

Винил сайдинги. Сыртынан жыгачка окшош көрүнөт. Өңүн 20 жылдан кийин да жоготпойт. Жакшы жуулат, бетине кир көп топтолбойт. Курамы: поливинилхлорид, боёк, кальций карбонаты жана башкалардан турат.

Артыкчылыктары: жаан-чачын, күн нуруна туруктуу, жарака кетпейт, чирибейт, дат баспайт, экологиялык жактан таза (курамында күйүүчү жана уулуу зат жок), монтаж жасоо оңой.

Кемчиликтери: дубалдын бетине бекиткенге металл профилдүү арматуралар керектелет, саморез менен бекитилет.

Металл сайдинги

Алюминий жана болот сайдинг болуп бөлүнөт.

Болот сайдинг көбүнчө өнөр жай имараттары, кампалар, цехтер үчүн колдонулат. Жаан-чачындан улам дат баспашы үчүн курамына атайын заттар кошулат.

Артыкчылыктары: ар кандай түстөгүлөрүн табууга болот.

Кемчиликтери: салмагынын оордугу жана катуу бир нерсе тийип кетсе мыйрыйып, кайра калыбына келбестиги.

Алюминий сайдинги

Артыкчылыктары: бекем, жеңил, оңой монтаждалат, түрдүү өңдөгүсүн тапса болот, дат баспайт, оңой жуулат.

Кемчиликтери: мындай сайдингдин бети бир нече ирет сырдала тургандыктан убакыттын өтүшү менен сыры катмарланып, өңү кете баштайт. Бирок кайра сырдаса болот. Катуу бир нерсе тийип кетсе, ошол жери мыйрыят. Дубалдын бетине металл профилдүү арматуралар аркылуу бекитилет.

Цемент сайдинги

Курамы цементтен жана целлюлоза буласынан, пигменттерден турат. Көбүнчө өрт чыгып кетүү коркунучу чоң имараттардын фасадына колдонулат.

Артыкчылыктары: бекем, бышык, сыртын жууса болот.

Кемчиликтери: салмагынын оордугу, кескенде кремний чаңы чыгат, андыктан ал өпкөгө өтпөшү үчүн респиратор кийүү керек.

Сайдингдер чакан чачтарач менен дүкөн, мончо, чарпая, гараж, мончолордун бетин каптоодо, үйдүн чатыры менен дубалдын ортосундагы ачык жерди тосууда да колдонулуп жүрөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан