«ТИРҮҮ» ЖАНА «ӨЛҮК» ТАМАК-АШ

Дүйнөлүк диетологдор бир канча жылдардан бери "тирүү" тамак-аштарды жеп, "өлүк" тамак-аштан качкыла, анткени оору табасыңар" деп келишет. "Тирүү" жана "өлүк" тамак-аш деген эмне? Алардын айырмасы, пайдасы жана зыяндары тууралуу Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун башкы врачы, гастроэнтеролог Таалай Акматов айтып берет.


ДАРТ ТАМАК МЕНЕН ООЗДОН КИРЕТ

"Тирүү" тамак-аштар – ден соолукту чыңдайт, жаштыкты узартат, организмди энергия менен камсыздайт. Бирок заманбап адамдын рационуна "өлүк" тамак-аштар көп кирүүдө. Өлүк тамак-аштар организмге энергия берүүнүн ордуна кайра энергияны алат, организмди шлактарга толтурат, ооруларды жаратат жана карылыкты эрте чакырат.

“ТИРҮҮ” ТАМАК-АШТАР

  • Жашылчалар жана жемиштер
  • Жемиш кактары жана кургатылган жашылчалар (табигый жол менен күнгө, көлөкөдө кургатылган.
  • Бакча өсүмдүктөрү (коон, дарбыз)
  • Дан өсүмдүктөрү
  • Жаңгак түрлөрү
  • Татымал көк чөптөр

Адамдын жеген тамак-ашы майдаланып, эрип жана организмге сиңиши үчүн көптөгөн фермент түрлөрү керек. Мисалы, бул максатта калкан сымал без 3 ферментти бөлүп берет. Калгандары, анын ичинде энзим ферменти, организмге тамак-аш аркылуу кирет. Энзимдер жашылча, жемиш, бакча өсүмдүктөрүндө көп. Алар организмде жаңы клеткалардын жаралышын жана өсүп жетилишин шарттайт. Тамак-аштын сиңишин камсыздап, зат алмашууну калыптандырат, салмакты көзөмөлдөйт. Адамга күч-кубат берип, иммунитетти көтөрөт. Иммунитет көтөрүлсө организм инфекция менен жакшы күрөшүп, ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Биздин тамак-ашыбыз канчалык энзимдерге бай болуп турса, ошончолук ичтеги бездер жакшы иштеп, адам семирбейт, органдарыбыз жана каныбыз шлактардан жана уулуу заттардан тазаланып турат. Уйкубуз тынч болуп, мыкты ойлоо жана иштөө жөндөмүнө ээ болобуз. Башкача айтканда, энзимдер адамдын органдарындагы бардык химиялык процесстерди башкарат. Адам өз курагынан канчалык жаш көрүнсө, демек, анын организми энзимдерге бай. Энзимдер клеткалардын жаңырышын тездеткендиктен тери серпилгич болуп, жаңы бырыштардын пайда болушу токтойт.

Өзгөчө чийки азыктар: өндүрүлгөн буудай, жашылча менен жемиш энзимдердин булагы. “Тирүү” тамак-аштарда энзимдерден тышкары пайдалуу витаминдер жана микроэлементтер көп.

“ӨЛҮК” ТАМАК-АШТАР

Курамында тамак-ашты сиңирүүдө башкы ролду ойноочу энзимдер жок же өтө аз тамак-аштар. Андай тамакты жегенибизде организм аны сиңирүү үчүн өзүнүн запасындагы энзимдерди коротууга аргасыз болот. Бирок организмдин арекетине карабай сиңбеген тамак-аш калдыгы көп болот. Алар ичегиге барганда ирип-чирип, жаман газ, шлак жана уулар жаралат. Уулар ичегинин капталдары аркылуу канга сиңет. Кандагы ууларды бөлүп чыгарам деп боор күчтөнүп иштейт. Шлактар органдарда жана кан тамырларда топтоло баштайт да, оорулар келип чыгат. Мисалы, бөйрөктө таш пайда болот. Кан тамырларды шлак бүтөй баштаса инсульт же миокарддын инфаркты жаралышы мүмкүн. Адам шалдырайт, эс-тутум жана ойлоо жөндөмдүүлүгү начарлайт. Энзимдердин өлчөмү азайган сайын иммунитет начарлайт, оору жаралат, бетке бырыш түшүп, адам картая баштайт.

Мисалы, биз тамакка жашылчаларды кошуп жасадык, бирок тамак узакка кайнап же куурулуп бышканда андагы энзимдердин көбү "өлүп" калат. Өлгөндөн калган энзимдер ал тамактын калганын жеш үчүн кайра ысытканда өлөт. Бул тамак “өлүк” тамак. Курсак тойду деп эсептелгени менен, андан организм ала турган нерселер өтө аз. “Өлүк” тамак-аштарды дамамат жей бергендерде акырындык менен түрдүү оорулар жарала берет.

  • Даам жана түс берүүчү боёктор, узакка сакталышы үчүн синтетикалык заттар кошулган тамак-аштар: кукси, жарым фабрикаттар (чүчпара, манты, фрикадельки, котлета), кургатылган сүт, пастеризацияланган сүт, сосиска, колбаса.

Жарым фабрикат азыктар атеросклероз, жогорку кан басым, ичеги-карын ооруларын жаратарын окумуштуулар алда качан аныкташкан.

  • Муздаткычта 2-3 сутка туруп калган бышкан тамак.

Тамак канчалык узак турса андагы витаминдер өлө баштайт, бактериялар көбөйүп, ашказан-ичегиге жагымсыз болот, адамдын кускусу келет, башы ооруйт. Ууланып калуусу да мүмкүн.

  • Узакка кайнатылган, куурулган тамактар.

Энзимдер 50 градус ысыкта өлө башташат. Андыктан тамакты узакка кайнатканда жана кууруганда энзимдер жок калат же өтө аз калат.

  • Грилде бышкан тоок.

Тоок этин электр грилинде катуу ысытып, бат бышырууда бензапирен (химиялык кошулма) пайда болот. Ал организмге аздан кире берсе рак жаралат.

  • Фаст-фуддар (гамбургер, шаурма, хот-дог, самса, беляш, пирожки, чебуреки, май токоч).

Фаст-фуддарды көбүнчө трансгендик майларды (маргарин, кулинардык май, мурун бир нерсе куурулган же бышырылган май жана башка) колдонуу менен даярдашат. Андай май тамакты даамдуу кылганы менен, зыяны көп. Алар жаман холестеринди, көп калорияны берет. Натыйжада семирүү, жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулары жаралат.

  • Майонез. Бул да жасалма "өлүк" азык.

  • Оорубай, бат чоңоюп, салмак кошушу үчүн жасалма жем менен багылган, антибиотиктер жана жасалма гормондор менен багылган тооктордун эти (айрыкча окорочка) менен жумурткасы жана уйлардын эти.

  • Таттуу газдалган суусундуктар.

“Өлүк” тамак-аштарды жегенде алар менен кошо жашылчалардын өзүн же алардан салат жасап пайдалануу, жемиштердин ширесин ичүү сунушталат. Жашылча, жемиштердеги энзимдер тамак-ашты сиңирүүгө жардам берет. Жашылча менен этти дымдап же бууга бышырып жеген оң. Тамак жасап жатканда жашылчаларды эт менен кошо куурубай аягында кошуу керек. Негизи адам организмине зыян келтирбеш үчүн, оорубаш үчүн “өлүк” тамак-аштарды өтө аз жегенге аракет кылышы керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Snejana
2019-08-19 18:39:50
Жакшы кенеш. Супер азаматсынар!
+5
Asking-
2019-08-19 21:17:36
Сонун
+3
mirkaa5182
2019-08-20 13:37:41
Көбүнчө жегенде жашыл жемиштерге басым жасаш керек экен.
0
XATSAN125
2019-08-21 07:25:01
Мал менен талашып чөп чар жейт окшойбуз
+3
Mama-Yasmin
2019-08-25 22:29:10
Мен мисалы шорпону 4, 5саат кайнатам олук тамак болуп калды да э
0
Meken28
2019-08-26 05:24:02
Iii kyrgyzdarga kerektuu keneshter eken
0
pero5184
2019-11-20 18:09:05
Көп кайнатканда канча саат айтып койсо болмок
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан