БИЛИП АЛ. БАЛДАР, ТАШ БАКА МЕНЕН ТААНЫШАБЫЗ

Таш бака – укмуштуудай жана достукту сүйгөн жаныбар, анын кээ бир түрү динозаврларга чейин эле биздин планетада жашаган. Ал сойлоп жүрүүчүлөр түркүмүнө кирет.

Анын денеси жалпак келип, сыртынан бекем мүйүз сымал калканы (панцирь) менен жабылган. Үстүңкү калканы – карапакс, ал эми алдыңкысы пластрон деп аталат. Башы, буттары жыйрылып калкандын ичине кирип жана чыгып турат. Калканы жырткычтардан жана күндөн коргонуу үчүн керек. Таш бакалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири – алардын көлөмү. Узундугу 7 сантиметрден 2 метрге чейин жетиши мүмкүн. Инд жана Тынч океандарынын аралдарында салмагы 200 килограммдан ашкан, чоңдугу 2 метрге чейин жеткен таш бакалар учурайт. Тиштери болбойт. Тиштердин ордуна тумшугунда катуу быдырлар бар. Ошолордун жардамы менен тамак жешет.

Азыр таш бакалардын 5 түркүмү, 200дөн ашуун түрү белгилүү. Таш бакалар эң узак жашоочулардан. Жаратылышта 150 жылга чейин жашай алышат.

Таш баканы үйдө бакса да болот. Туура кам көрүүдө үй шартында таш бакалар 30-50 жылга чейин жашашы мүмкүн.

Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан