ЖАШТЫКТЫН ЭТАЛОНУ - СОН ЙЕ ЖИН

“Акыркы 15 жылдан бери эч өзгөрбөй, бир калыпта келе жатат. Ал сулуулуктун, жаштыктын эликсирин ичет окшойт” дешет бул актриса тууралуу. Бүгүнкү биз сөз кыла турган сулуу 30дан ашык тасма, сериалдарга тартылып, 30дан ашык наам, сыйлыктарга ээ болгон, “жаштыктын эталону” атыккан актриса Сон Йе Жин.

Туулган жери – Түштүк Корея, Тэгу шаары

Туулган жылы – 1982-жыл, 11-январь

Бою – 165 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, эжеси бар

Кесиби – актриса, модель

Агенттиги - Barunson Entertainment

Тартылган атактуу тасма, сериалдары – “Жайдын жыпар жыты”, “Акыркы ханбийке”, "Классика", “Жеке тандоом”, “Мага тамак алып берчү эже”, “Мунара”, “Сүйлөшүүлөр”

Хоббиси – музыка угуу, сууда сүзүү, китеп окуу

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР

Сон Йе Жиндин дебюту аны актриса катары анчейин тааныткан эмес. Анын эң алгачкы 2001-жылы тартылган дорамасы “Таттуу сунуш” деп аталат. Биринчиси ийгилик алып келбесе да, 2002-жылы Йе Жин тартылган “От сүртүмдөрү” тасмасы Канн кинофестивалында “Мыкты режиссура” наамын жеңип алган.

Мен өзүм Йе Чжинди “Жеке тандоом” (“Личные предпочтения”) дорамасы аркылуу тааныгам. Ал кезде “Мыкты жигиттер” тасмасынан жылдызы жанган актёр Ли Мин Хо (Гу Чжун Пё) тартылган сериалдарды кубалап көрчү элек. 2010-жылы чыккан “Менин тандоом” дорамасында башкы каармандардын ролуна Ли Мин Хо менен Сон Йе Жин тартылышкан.

Атактуу режиссёр Юн Сок Хонун 4 сезонго арналган "Менин жүрөгүмдө күз", "Кышкы соната", "Жазгы вальс", "Жайдын жыпар жыты" дорамаларын көрбөгөн сериал сүйүүчүлөр аз болсо керек. Сон Йе Жин дал ошол "4 сезондун" бирине, тагыраагы, "Жайдын жыпар жыты" дорамасында башкы ролду аткарган.

Актрисанын эсте каларлык акыркы ролдорунун бири деп 2018-жылы чыккан “Мага тамак алып берчү эже” дорамасындагы нунаны (нуна - эже) айтсак болот. Ал эми ушул эле жылы чыккан “Сүйлөшүүлөр” криминалдык триллеринде баш каармандын ролун жараткан Сон Йе Жин кайрадан кино сынчылардын бийик баасына арзыды.

КЫЗДАРДЫН КЫЯЛЫНДАГЫ АКТЁРЛОР ЙЕ ЖИН МЕНЕН БИР ТАСМАДА

Менин актрисалык жөндөмүмдү ачууга, камера алдындагы толкундоолорду басууга жардам берген тасмадагы өнөктөштөрүмө ыраазымын” дейт Йе Жин. Чындыгында эле актрисанын тасма талаасындагы өнөктөштөрүнө көз чаптырсак, канчалаган айымдардын жүрөгүнө чок салган таланттуу актёрлордун тизмеси келип чыгат.

Айрымдарына көз салсак: Сон Йе Жин актёр Бэ Ён Жун менен “Апрель кары” фильмине тартылып, бул тасма Кытай, Японияда да абдан популярдуу болгон. Ал эми Бэ Ён Жунду «Кышкы сонатадагы» Жун Сандын ролу аркылуу тааныйбыз. Андан сырткары актёрлор Сон Иль Гук («Азгыруу искусствосу»), Ли Мин Хо («Жеке тандоом»), Ким Нам Гиль («Акула», «Пираттар»), Со Жи Соп (“Сени менен болуу”), Чон Хэ Ин (“Мага тамак алып берчү эже”), Хён Бин (“Сүйлөшүүлөр”) сыяктуу мен-мен деген актёрлор биздин бүгүнкү каарманыбыз Йе Жин менен бир тасмага тартылып, бири-бирине колдоо көрсөтүшкөн адамдар. Бул тизмени карап туруп, Йе Жиндин ордунда өзү болгусу келген кыздар аз эмес болсо керек.

ӨНӨКТӨШ, ДОС, АНДАН КИЙИН СҮЙҮКТҮҮБҮ?

Баарыбыз эле байкап жүргөндөй, тасма талаасында жүрүп табышып, түгөй болуп кеткен актёр, актрисалар көп эле. Түгөй болбогон учурда деле сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышса, көпкө чейин түгөй катары көпчүлүктүн оозунда болушат. Йе Жин да мындай учурлардан куру эмес. Жакынкы эле сүйүү каарманы актёр Чон Хэ Ин болду. Актёрдон “Сиз нуна менен сүйлөшөсүзбү?” деп сурашканда, ал “Мага тамак алып берчү эже” дорамасында сценарий менен ойнодук. Бизге “бири-бириңерди акыркы жолу сүйгөндөй сүйгүлө” дешти. Эгер бизди түгөй катары көрүп жатсаңыздар, демек, ролубузду жакшы ойноптурбуз” деп жооп берген.

Көп өтпөй актриса “Сүйлөшүүлөр” тасмасына тартылып, анда өнөктөшү катары актёр Хён Бин роль жаратты. Тасма талаасынан сырткары Йе Жин менен Хён Биндин тамактанып жаткандагы, киного баргандагы, учактагы жана башка көптөгөн чогуу түшкөн сүрөттөр көпчүлүктү кайрадан экөө кыз-жигит деген ойго түрттү. Өнөрпоздордун агенттиктери “экөө жөн гана дос, кесиптеш” деген сайын жаңы сүрөттөр ачыкка чыгат. Лос-Анжелесте дүкөндөн азык-түлүк алып жатышканы, сейилдеп жүрүшкөнү, айтор, бардык кадам азыр камера алдында далилденип калды.

Баса, Хён Бин менен Йе Жин экинчи долбоорго тартылып, анда сүйүшкөндөрдүн ролун жаратышмакчы. “Авариялык конуу – сүйүү” деп аталган дорама ушул жылдын декабрь айында элге тартууланганы турат.

КЕСИБИНДЕГИ ЭСТЕ КАЛГАН УЧУР...

Өткөнгө бир кылчайсак, же кубанган күнүбүздү, же кайгырган, корккон, толкунданган учурларды гана эстейбиз. Актриса Йе Жин кесибиндеги эң эсте калган, ошол эле учурда коркунучтуу учур “Мунара” блокбастерине тартылуу маалында болгонун айтат. “Бир күнү таң атпай муздак, шар аккан сууда тартуу иштери башталды. Суунун түбүндө чоң, коргошундан жасалган шарды кармап туруп, анан үстүнө сүзүп чыгышым керек эле. Жогору жакты көздөй сүзүп чыгайын десем, суунун агымы катуу болуп, мени агызып кетти. Дем жетпей эс-учумду жоготуптурмун. Тартуучу топ суудан алып чыгышкан”,- дейт ал.

АР ТАРАПТУУ АКТРИСА

“Кайсы бир күнү имиджим бузулуп калат деп баш оорутпайм” деген актриса оорулуу кыздын, кесиби үчүн баарына даяр журналисттин, алдамчы кыздын, архитектордун, күйөөнү мээлейдей эле алмаштырган аялдын, милиция кызматкеринин жана башка коомдогу көптөгөн адамдардын ролун жеткиликтүү аткарып, образдарын ачып берет. Ар тараптуу болууну жактырган Йе Жин талыкпаган эмгегинин арты менен 30дан ашык ар кандай сыйлык, наамдарга татыган. Йе Жин кайсы тасмада, дорамада роль жаратпасын, көпчүлүк учурда “Мыкты актриса” наамын алат.

САЯКАТТАГАНДЫ ЖАКТЫРАТ

“Канчалык жумушуңа, кесибиңе берилишиң керек? Мен жумуш үчүн баарын таштап, өзүмдү унутуп койгон адам эмесмин. Мага долбоорлордун ортосунда тыныгуу, негизгиси саякаттоо үчүн убакыт керек”,- деген Йе Жиндин Инстаграм баракчасына көз чаптырсаңыз, актрисанын көп саякаттаганын байкайсыз. Йе Жин учурда Түштүк Корея, Япониядагы суроо-талапка ээ актрисалардын сап башында турат.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан