Ширин Айтматова: «КЫЗЫМДЫ ӨЗҮМ ТАРБИЯЛАП ЖАТАМ»

Залкар жазуучу маркум Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы Ширин Ош шаарына кан төгүүдөн кийин барып келген соң эл арасында популярдуу боло баштады. Анын Ош окуясынан алган таасири, саясий жаңылыктары жана жеке жашоосундагы сырлары жөнүндө материалга көңүлүңүздү бурабыз.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • Ширин Айтматованын кесиби филолог. Бирок дизайнер жана шаардын курулушу боюнча да окуган.
  • Англис, орус, француз тилдеринде эркин сүйлөп, немис, япон, итальян жана корей тилдерин да жакшы билет. Ал эми кыргыз тилин Кыргызстанда иштей баштагандан бери өздөштүрүп келүүдө.
  • Түрдүү улуттун ашканасынын тамактарын жасай алат, бирок камырды жайганды азырынча үйрөнө элек.
  • Бош убактысында кызы менен бийлегенди абдан жактырат. Азыр убактысы өтө тар, бирок бош калган учурда күнүнө бир китепти окуп бүтүрө алчу.

“ЧОҢ КАЗАТКА” АТТАНУУ АЛДЫНДА ТУРАМ”
– Жакында эле бир досум “белгилүү адамдардын балдары ата-энесинен өзгөчөлөнүп туруу үчүн башка тармакты тандашат. А сен деңгээли башка болгону менен, атаң жүргөн жолдо бара жатасың” деди. Мен атамдыкындай жолду тандап алуудан чочулабайм. Менин оюмча, ал мага жакшы үлгү болгон. Ага окшоп адабият чөйрөсүндө иштейм. Эми болсо, чоң саясий "казаттын" алдында турам.
Ооба, мен партияга кошулдум. Саясатка аралаша баштаганым өзүмө аябай жагат деп айта албайм. Бирок өзүмдү бул ишке даярмын деп эсептейм. Карап көрсөм, мен саясий жана чыгармачыл чөйрөдө чоңоюптурмун. Анын үстүнө өспүрүм курагым Бельгиядагы Кыргызстандын элчилигинде өткөн. Кичинемден чет жерде Кыргызстанды кантип таанытуу керектигин үйрөндүм. Өзүм өтө жаш болбосом дагы, парламентке көбүрөөк жаштардын келишин каалаар элем. Мен жакында 33 жашка чыктым. Ал эми партияга келсек, “Ата Мекен” партиясы жаңы ишти баштоого жакшы платформа деп эсептейм. Ошол себептен да ушул партияга кошулуп калдым.

“АТАМ ЖАНА МЕН”
– Атам экөөбүздүн окшоштугубузга келсек, ал мага караганда токтоо киши эле. Мен анын ыйлаганын бир да жолу көргөн эмесмин. Балким, атам жаш кезинде оор күндөрдү өткөрүп, көп ыйлагандыр. Менде атамдыкындай дух бар деп айтуудан алысмын, бирок ага окшоп ишендире билүү жөндөмүм бар. Эгерде мени бир нерсе аябай тынчсыздандырса, маселени аягына жеткире чечем жана иштейм. Мисалы, атам таңкы саат алтыда туруп, кечке чейин тыным албай иштечү. Мен дагы эрте турам жана бардык иштерди бүтүрүп алууга аракеттенем. Атама караганда азыраак расмий адаммын. Анын Айтматов деген аты болгон. Ал эми мен ар бир адам мени дос иретинде көрсө деп аракеттенем. Негизи, атам “мен мындай кылдым, андай жасадым” деп мактанчу эмес. Анын белгилүүлүгү ортобузда байкалбайт эле. Атам канчалык атактуу болбосун, ал мен үчүн жөнөкөй ата болчу.
Атама окшоп чыгармачыл адаммын, тагыраак айтканда, ыр жазам. Бирок англис тилинде. Анткени чет өлкөдө жашап калганыма байланыштуу англис тилинде ой жүгүртүп көнгөм. Кыргызстанга келгенден кийин орус жана кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзүлдү. Ал эми жазган ырларым жеке жашоодогу окуяларга байланыштуу. Ошондуктан аларды жарыялабасам деле керек. Мен окуган университетте кандайдыр бир окуяны баяндаган ырларды жазууну үйрөтөр эле. Мисалы, атам аябай жоопкерчиликтүү болгондуктан, анын кечинде айтып берген жомоктору менин ырларыма айланган.

“ЖЕР ЖҮЗҮН АЙЛАНЫП ЖАШАП ЖҮРҮП,
СОҢУНДА МЕКЕНИМЕ КАЙТТЫМ”
– Мен Москва шаарында төрөлүп, Бишкекте 10 жашка чейин жашадым. Мектепти Брюсселде аяктап, Парижде бир жылдай адвокатурада окудум. Бирок мага ал жакпай калып, кийинки жылы мода жана дизайн бөлүмүнө которулдум. Жашоомдун көп бөлүгүн өзүмдү издөө жана келечекте эмне менен алектене турганымды ойлоо менен өткөргөм. Бирок азыр артка кылчайып карап, кызыктуу жашоону баштан өткөргөндөй болом. Анткени мен көп чет мамлекеттерде жашадым.
АКШда филология бөлүмүн аяктагандан кийин Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетине резюме жөнөттүм. Мен ал мезгилде жөнөкөй кыз болгондуктан, университеттин ректору менен жолукканымда мага “катуу сүйлө” деп кайрылганы эсимден кетпейт. Дүйнөнү кезип жүрүп, акырында мекениме кайттым. Башында бул жердин шартына көнүү оор болду. Бирок 4 жылдан бери студенттерге дүйнөлүк адабият сабагын берип келем.

“ЭЛЬДАР ЖАКЫНДА УУЛДУУ БОЛДУ”
– Белгилүү болгондой, атам жактан Санжар жана Аскар деген агаларым бар. Андан сырткары апамдын дагы мурунку турмушунан Чолпон деген кызы бар. Ал эми бир тууган иним Эльдар өзүнүн иштери менен алек. Аны дагы саясатка чакырышууда. Бирок ал мага караганда даанышман окшойт, нейтралдуу багытты бекем кармап, азырынча чечим кабыл ала элек. Ал атама көбүрөөк окшош. Эльдар жакында эле уулдуу болду.
Өзүмдүн чакан мамлекетиме келсек, учурда 1 жаш 8 айга толгон кызым бар. Анын аты – Кира Керемет, кызымды Люксембургда төрөдүм. Ал эми жолдошум менен кызым эки айлык кезинде ажырашып кеткем. Аны менен ажырашуу оор болгону менен, азыр достук мамиледе катташабыз. Жолдошум аябай жакшы адам. Улуту кыргыз, кайненем жана кайнатам менен да байланышып турам. Үйдө апам, Эльдар, келинчеги Алия, алардын уулу болуп чогуу жашайбыз. Ошондуктан кызымды көбүнчө таенеси карап калат.

“ОШ МЕНИН ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ”
– Ошко барып келгенден кийин интернеттеги өздүк баракчама ал жактан көрүп-билгеним жөнүндө жаздым. Баракчага бүгүн дагы көп каттар келип жатат. Кээ бири жазгандарымды жактырбаса, экинчилери мени колдоп чыгышты. Анткени менин жумушумдун көпчүлүгү кыргыздар жөнүндө айтылган эле. Улуттар аралык жаңжалда нейтралдуу багытты кармануу өтө оор.
Ош шаарындагы кан төгүү башталганда батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары эмнегедир бир беткей маалыматты берип жатышты. Арасында “бул – геноцид” дегендер да болду. Мен болгон окуяны өз көзүм менен көрүп келгенден кийин ал жакта эч кандай геноцид болбогонуна ишендиргим келет.
Бул аралыкта Ош шаары атамдын туулган жери Талас сыңары эле менин туулган жеримдей болуп калды. Ал жакта көп досторду таптым. Албетте, мурун ушундай кандуу окуяда түштүккө барам деп түк ойлогон эмесмин. Мен кыргыздарга да, өзбектерге да бардым. Алардын кайгысы менен тең бөлүшүүгө аракет жасадым. Сиздердин өткөн саныңыздарда менин кайгырып түшкөн сүрөтүм дагы Ошто тартылган болчу. Анда Өзгөн районундагы тоолуу айылдардын биринде 10 жашар кыргыз баланы жерге берүү азасында элем. Ош шаарына барып келгенден кийин чөйрөм жана жашоого болгон көз карашым өзгөрдү.

“ИСКУССТВО МЕКТЕБИН АЧКЫМ КЕЛЕТ”
– Ош шаарында искусство мектебин ачкым келет. Балким, Ошто жашаган эл деле азырынча балдарын мындай мектепке берүүгө даяр эместир. Искусство мектебин ачууга жардамдаша турган адамдар “кичине күтө тур, абал тынчысын” дешүүдө. Кырдаал эртерээк туруктуу болуп калса экен деп дуба кылып жатам. Мени тим койсо, бүгүн деле кызымды көтөрүп алып, Ошко кете берем. Мектепти ачуудагы максат – жаш балдардын жардамы менен кырдаалды жакшы нукка буруп кетүүгө болот деген ишенимден келип чыккан.

“МЕНИ АДАМДАР ТААНЫЙ БАШТАДЫ”
– Кызыктуусу, экинчи жолу Ошко барганымда базарлар иштеп калган эле. Дарбыз алганы барсам, бир киши жакын келип: “Бул Ширин Айтматова, буга дарбызды бекер бериш керек”,-деп калды. Мени адамдар таанып калганына таң калдым. Биздин эл кичинекей жардамды да башкаларга окшоп көзүнө илбей койбой, дайыма ыраазычылыгын билдирип турат.

“ЭКИ ЖЫЛДАН БЕРИ АТАМДЫН КӨРҮСТӨНҮНДӨ ЭСТЕЛИК ЖОК”
– Буга апрелге чейинки өкмөт ушундай мамиле кылганы себеп. Эсимде, атам каза болор алдында Татарстанда катуу ооруп калып, алар баарын төлөп берели дешти. Кыргыз өкмөтү “эмне үчүн? Ал биздин жазуучу, ошондуктан бардык эсептерди биз төлөйбүз” деди. Бирок эсептер аягына чейин төлөнгөн жок. Апрелге чейинки мамлекет таптакыр башка эле.
Эстеликке байланыштуу бизди ар кандай “дежур” долбоорлорго чакырып жүрүштү. Бирок бул көбүнө жакпай, анын үстүнө так бир долбоор да болгон жок. Маданият министрлиги да көрүстөн боюнча эмне иш кылып жатканын билбейм. Мен биздин скульптор жана сүрөтчүлөргө жаман сөз айткым келбейт, бирок, чынында, бизге "дежур" долбоорлорду көрсөтүп жатышты. Мен эстелик боюнча эл аралык сынак жарыялоосун каалаар элем. Балким, атамдын окурмандарынын арасында анын чыгармалары менен чоңойгон сүрөтчү жана скульпторлор бардыр. Буга баары катышып, анын ичинен бирөөсүн тандап алсак жакшы болмок.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
eldarbek
2010-08-06 22:16:36
Salamatsizby Shirin eje. Menin atym Eldar,,,1989 jili 1- octyabrda torolgonumdo, ata- enem Chyngyz Aitmatovdun Eldar degen balasindai bolsun dep "Eldar" degen isimdi iygarishkan eken.

Men ozum Osh shaarinan bolomun, biyil AUCAni 3 kursun butkom bolchum. Azyrki ubakitta USA jurom,,,Osh tuuralu jazgan ishterinizdi kaysil jerden okuusa bolot...Men da baykap turam batysh olkoloru Osh koogalanin emne dep oylop jatkanin,,,sizdin da oylorunuz menen bolushoyun degen bolchum. Choon rahmat!
0
Debi
2010-08-07 10:30:27
Чыңгыздай улуу адамдын кызы болуштун өзү эле бул жашоодо чоң шыбага, чоң жоопкерчилик да болуш керек. Ийгилик! Айтматовду абдан абдан, абдан абдан кадырлайм!
0
PaxaT
2010-08-07 19:25:20
Чынгыз десе кыргызды кыргыз десе Чынгызды тааныйт деген создун эч бир жалганы жок.Качан экени так эсимде жок гезит бетинде Илгиз Айтматовдун дагы эки жылдан бери эстелик тургузушкан жок деген нааразычылыгы жазылып жургон.Мамлекет тургузгусу келбесе озунор деле аракет жасап корбойсунорбу искуство мектебин ачканга жеткен каражатынар эстелик тургузганга кантип жетпесин.Мамлекетибиз жакыр болгондон кийин оз киндигибизди озубуз кескенге туура келет
0
bagdat
2010-08-07 23:47:24
Саламатсызбы Ширин, Чынгыз абабыз менен чындыгында сыймыктанабыз, ал адам жонундо айтса соз тугонбостур, ал эми сиздин Ош шаарындагы кандуу окуя жонундо жазган иштеринизди окуган жокмун бирок, келечекте окуп баа беребиз, негизинен жакшы иш кылыпсыздар, себеби мен да чет жакта журом, ошондуктан баардык чет элдик журналистер бир гана озбек улутунун жабыр тарткандарын жазып жана корсотуп туруп алышты, бул такыр туура эмес, Сиздин ишинизге ийгилик каалайм.
0
Cholpon
2010-08-08 02:56:10
Chyngyz Agayibizga Estelikti kech bolso da tatyktuu kylyp turguzushsa eken nshallah.
0
milli
2010-08-09 03:19:30
Salamatsyzby Shirin, ishterinizge iygilik kaloo menen Facebookta dayima berip kelgen maalymattarynyz uchun chon RAHMAT demekchimin. Bar bolunuz!!!
0
MurasKgPatriot
2010-08-09 10:53:05
Chyngyz Aytmatov,Kyrgyzstandyn baardyk jakwy jagyn kolunan keliwinche danazalap,(daje awygy menen
) butkyl dyinoogo taanytty. Sizge da uwunday aldan,alban iygilikterdi kaalaym. Chyngyz,kyrgyzdyn iwengeni eli!
kyrgyzstandyn
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан