БАЛАҢЫЗ 2 ЖАШКА ЧЕЙИН СҮЙЛӨБӨСӨ АДИСКЕ КАЙРЫЛЫҢЫЗ

Үй-бүлөдө баланын угуусу жана сүйлөөсү начар болуп жатса, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдесе ата-энелер ал нерсеге маани бербей, “бир аз чоңойсо жакшы болуп кетет” деген ойдо адистерге кайрылбай жүрө беришет. Адистерге убагында кайрылбагандан улам баланын өсүшү жана өнүгүшү, тескерисинче, кечеңдээрин билишпейт. Бишкектеги Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси, 31 жылдан бери балдар менен иштешип келе жаткан сурдо-педагог, дефектолог, тил адиси-логопед, билим берүүнүн отличниги Гүлнара Ногойбаева Жеңишбековна аталган кемчиликтердин алдын алуу боюнча өз кеңештери менен бөлүштү.

– Канча жаштан баштап бала сүйлөп башташы керек ?

– Биринчи бала сүйлөөрдөн мурун түшүнүгү болушу керек. Алгач бала отурат, турат, адамдардын көзүнө карайт, чулдурайт. 6 айынан баштап үндүү тыбыштарды чыгара баштайт. 1 жашынан баштап 10-15 сөз билип, сөздөрдү так айтпаса да муундап айтат. Балакай сүйлөгөнгө чейин сөөмөйүн көргөзүп мынакей деп көргөзүп калат. Анан тыбыштарды чыгарып, “ооба”, “жейм” же “ичем” деп сүйлөп баштайт. 2 жаштан 3 жашка чейинки балдардын сөз байлыгы орточо эсеп менен 1,5 миңден 3 миң сөзгө чейин жетиши керек.

– Кайсы белгилерден улам баланын ден соолугу үчүн тынчсыздануу керек?

– Эгер баланы атынан айтып чакырса көңүл бурбаса, берилген жөнөкөй суроолорго жооп бере албаса, көздөрү бир жерге токтобосо, буттарынын учу менен басса анда ата-эне дароо адистерге кайрылышы керек. Баланын тили чыгышын 1,5-2 жашка чейин күтүш керек. Бул куракта баланын турган кыймылынан билинип калат. Бирок ата-эне баласынын оорусун моюнга алгысы келбейт. Ошон үчүн сүйлөбөй жатса "атасынын же таякесинин тили кеч чыккан" деген сыяктуу шылтоолорду айтып өздөрүн алдайт.

– Бул белгилер байкалган учурда ата-эне кайсы багыттагы адистерге кайрылышы керек?

– Негизи баланын тили чыгардан мурун акыл кирет. Сүйлөбөгөндүк бул акылынын кечигип жаткандыгынан же кулагы укпагандыктан болот. Андыктан алгач ата-эне балдарын логопед, невропатологдорго текшертүү керек. Кулагы угабы же укпайбы сурдологго кайрылышы керек. Ал жакта атайын аппараттан текшерип, аудиограмма кылат.

Логопеддер сүйлөгөн балдарга тыбыштарды туура коюп, так сүйлөгөндү үйрөтөт. Ал эми балаңыз такыр сүйлөбөсө клиникалык психолог деген кесип ээлерине кайрылыңыз. Алар балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун өстүрүүгө жардам берет.

– Инклюзивдик окуу деген эмне?

– Инклюзивдик окуу – балдардын дене өсүшү, интеллектуалдык, психикалык өзгөчөлүктөрүнө карабастан бардыгын чогуу окутууга шарт түзүү. 5-6 жашында сүйлөгөн бала 7 жашында мектепке бара албайт. Ага 1,5-2 жыл сүйлөгөндү үйрөтөт, анан дагы 2 жыл мектепке даярдайт. Ошентип ал бала өз курагындагы балдар менен окууга баргандан кечигип калат. Бизде мындай кечигип калган балдар үчүн атайын мектеп бар. Эгер ал бала бизде окуп жакшы болуп кетсе өзү менен тең балдарга кошулуп, аралашып окуп кетет.

– Ата-энелерге кандай кеңештерди бересиз?

– Учурда ата-эне балдарга чоочун болуп калып жатат. Себеби ата-энеси жумушта, балдары кечке бала бакчада же башка бирөөнүн багуусунда болот. Кечинде болсо ар бир үй-бүлө мүчөсү өз бөлмөлөрүндө болуп, ортодо байланыш жок. Ата-эне балдарына тамак берип, кийимин кийиндирүү милдетин гана аткарууда. Жашоо канчалык кыйын болгондо да балдарга көңүл бурууну унутпоо керек. Ата-энелер, балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, аларды кучактап, мээрим төгүп, үйдөн көбүрөөк тарбия бериңиздер.

– Кеңештериңизге рахмат.

Урматтуу кесиптештер жана бөбөктөр, сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм. Ушул күнү көптөгөн жаш жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун атташат, алар үчүн билим дүйнөсүнүн жаңы барактары ачылып, чоң келечектин алгачкы кадамдары ташталат.

www.logoped.kg (0312) 910 280, 0557 900 940, 0556 825 961

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dilbaranurdinova
2019-08-19 22:24:51
Менин балам 5 жашта суйлой элек,
Чон энеси конбойт бала жакшынакай эле каяка коргозосунор деп,мунону айт десен айтат эптеп чакырсан угат ))))
0
vikidiki
2019-08-20 12:31:48
Dilbaranurdinova,Алып баргыла эртерээк.5жаштагы балдар туш жоруйт болуш керек. Илгерки коз карашка маани бербегиле. Азыр башка заман .Эмдиги жылы мектепке чейинки даярдоо классына барат экен. Азыр мектептин окуу пргораммасы да оор.1-класста уже Бир минутада 50-60соз окуп калыш керек.Кыйналасынар.Бала да кыйналат.Ошон учун аракет кылгыла.Уй булолук дарыгерге эле айтсанар , направления берет.Ошону апанызга корсотунуз ,мумкун ишенип "добро"берээр дарылаганга.
+2
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан