Apple компаниясы iPhone`дун операциялык системин бузуп кирген хакерге 1 миллион доллар өлчөмүндөгү сыйлык төлөп берет. Миллион доллар – башка техникалык компаниялардын (продукцияларынын туруктуулугун текшерүү үчүн) азыркы кезге чейин сунуштап келген сыйлыктарынан алда канча көп сумма.
Аталган сыйлыкты алуу үчүн хакер алыскы аралыктан (аппараттын ээсинин катышуусу жок) колдонуучу программаны ачканча андан биринчи болуп системин бузуп кириши керек. Мындан сырткары, колдонуучунун өз ара кыймылын талап кылбай тармакка кол салгандарга дагы 500 миң доллар байге каралган. Ал эми программалык камсыздоодон тапкан кемчиликтерге бонус түрүндө сыйлык берилет.
Буга чейин атайын чакырылган гана хакерлер сыйлык алып келсе бул ирет каалаган жарандардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
Буга чейин "Microsoft" өздөрүнүн системин бузгандарга чоң суммада акча төлөсө, Фейсбук социалдык тармагы миңдеген доллар сыйлык берип келген. Ал эми "Apple" компаниясы 200 миң долларлык сыйлыкты миллионго жеткирип, техникалык компаниялардын арасынан рекордду жаңылады.
Ысак Карачов
koom@super.kg