Алихан «САГЫНУУ»

Жаңы клип

Сүйүү ышкысын ырга салып, кино сыяктуу чагылдырган мыкты клиптер тартылып келет. Бул ирет ырчы жигит Алихандын көргөн адамды кайгыга салып, көзүнөн мончоктоп жаш куюлткан жаңы клиби назарыңыздарда.

Режиссёру, оператору – Мирлан Саткынбаев
Башкы ролдордо – Алихан, Чолпон (“Стар Дэнс” тобунун бийчи кызы), Гүлшан Молдоева (Алихандын апасынын ролунда) жана врачтын ролунда врач Турат Касымбеков
Бюджети – 1000 доллар
Тартылган жери – Балыкчы жана Бишкек шаарлары
Узактыгы – 4 мүнөт 40 секунд

ГИТАРА КЫЛДАРЫНДАГЫ МУКАМ ОБОН
Ырдын сөзүн айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев жазган. Обону Алихандын агайы Мускай Исмаилбековго таандык. Гитара кылдарындагы мукам обон эт-жүрөктү эзип жиберет экен. “Сагындырган көлүн көздөй агалбай, сай да бир күн соолуйт экен агалбай...” Көрдүңүзбү, кандай гана салыштыруу? Ушундай саптар коштолгон клипти көрүүнү самасаңыз, WWW.SUPER.KG сайтыбыздагы медиа-порталдан көрүп, көчүрүп алсаңыз болорун айта кетели.

“МЕН БАКТЫЛУУ БОЛО АЛБАДЫМ, КАНТЕЙИН?..”
Эки көгүчкөн, керемет көл, жашыл жалбырак, көк асман, сынык гитара, анан кол кармашкан кыз-жигит. Клип дал ушул кадрлар менен башталат. Анан колунан гитарасын түшүрбөгөн жигит обон созот. Ошентип, кызыктуу кадрлар башталат. Ээрчишкен сүйүшкөндөр эс алышат. Алихандын ашыгы – мээрман кыз. Жигит аны апасы менен тааныштырат. Кыскасы, кубанычка толгон кез. Бирок ошол көз ирмемдер аз убакытка гана созулуп калбаспы... Себеби жигит жөтөлүп жүрүп, бир күнү доктурга барат. Доктур баланы текшерип, баш чайкайт. Көрсө, жигиттин ичер суусу түгөнгөн экен. Өзүнүн айыкпас оорулуу экенине кан кусуп жибергени да далил.
Азап-кайгысынан алыс качып, көл жээктей өткөн күндөрүн эске салган жигит дүйнө салат. Ал убакта кыз сүйүктүүсүнө телефон чалса, өчүрүлгөн болот. Акыры аны караган дарыгерге барып, жигиттин айыкпас дартка кабылганынан кабар таап, издеп жөнөйт. Бирок өтө кеч болуп калган эле. Анткени кыз жигиттин үйүнө келсе, апасы уулунун сүрөтүн кармап алып ыйлап отурган болчу.
Демек, баары бүттү, ашыгы ааламдан өттү. Клип да аяктады. Ыр болсо “мен бактылуу боло албадым, кантейин? Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу...” деп бүтүп калды.

КЛИПТЕГИ КЫЗЫКТАР

  • Клипте Алихан чаап сындырган гитара чын эле бырчаланган. Анткени атайын клип үчүн сатып алышкан.
  • Клип фотоаппарат менен тартылып, анан видеомонтаж жасалган.
  • Байкап көрсөңүз, эң акыркы кадрда Алихандын апасынын ролундагы Гүлшан Молдоеванын ырчы жигиттин аза портретин кармап ыйлап турган жери бар. Ошол аза сүрөтүн жасатканы студияга барышса, орус улутандагы жигиттер “ий, кайран жигит жаш кетиптир” деп кейигенин уккан ырчы менен продюсердин маанайлары чөккөн. Бирок клип деген клип да, кайгылуу же бактылуу бүтүшү керек. Ошон үчүн "Кудай өзү сактасын" деп маани беришкен эмес.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Адам
2010-08-07 20:17:57
Клип мага таккыр жакпады.
Гитараны сатып алышканбы атайын?? Кхм.. ошо билинип калыптыр арзан да..
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан