"Sothebys" аукцион үйү айтылуу агент 007нин легендарлуу "Aston Martin DB5" авто-унаасын сатыкка койду. Ал «Шаровая молния» жана «Голдфингер» тасмасында тартылган "Aston Martin`дин" өтө сейрек кездешкен көчүрмөсү. Аукционго коюлган унаа тасмага тартылган эмес, жарнамалык негизде гана колдонулуп келген. Унаа тасмада кандай болсо дал ошондой көчүрүлүп жасалган. Гаджеттери эч жери менен айырмаланбайт. Түтүн генератору, фаранын астында катылган пулемёт, алмашып турган номерлери...
Сатыктагы баштапкы баасы азырынча айтыла элек. Болжолдуу түрдө 4-6 миллион доллардын тегерегинде сатылары айтылып жатат. Аукцион 2019-жылдын август айында АКШда өтөт.
Ысак Карачов
koom@super.kg