КАЙЫРЧЫЛЫК ЖАН БАГУУБУ ЖЕ БИЗНЕСПИ?

Репортаж

Кайырчыларды көргөн сайын чоң энемдин айтканын эстейм. “Жараткан бул адамдардын ырыскысын элге чачып койгон. Алар ошол насибин терип жеп жүрүшөт”,- дечү. Ошол насибин терип жүргөн кайырчылардын жашоосу, тапкан акчасы, эмне себептен тилемчилик кылып калганы кызык болуп, кайырчыларды иликтөө сапарына чыктым.

КАЙЫРЧЫ БОЛУП ТУУЛБАЙТ
Күнүгө жумушка келерде Жибек-Жолу-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде ак сакалын жайкалткан атанын тилемчилик кылып турганын көрчүмүн. Күмүштөй ак сакалы, салабаттуу турушу, тыкан кийим-кечеси негедир аны башкалардан айырмалап турат. Сапарымды так ушул атадан баштадым.
– Атыңыз ким, ата?
– Алман.
– Жакындарыңыз, балдарыңыз барбы?
– Балдарым, кемпирим каза болуп калышкан. 2008-жылдан бери Бишкекте жашап, өлбөстүн күнүн көрүп келе жатам. Өзүм батирде жашайм. Минтип тамак-ашка, кийим-кечеге, батирге төлөгөнгө акча табам.
– Эгер оор болбосо, мурунку жашооңуз тууралуу айтып бербейсизби?
– Өмүр бою кызматкер болуп келдим. Заңгыраган болбосо да үйүм, машинам бар эле. Айтор, ортодон жогору жашачумун. Сенин алдыңда мурунку сберкассанын башчысы турганын айтсам, ишенбестирсиң. Кийин банкта инкассатор болуп иштедим. Союз тарагандан кийин тагдырымда мен күтпөгөн бурулуштар башталды. Жумуш жок болгондуктан, эл катары бизнес кылам деп үй-жайымды саттым. Орусияга иштегени барып кырсыкка учурап, жамбаш сөөгүм сынды. Ошентип, үй-жайымдан ажырап, талаада калдым. Туугандарым деле бар. Бирок эчкиникиндей жашым калганда эч кимге көз каранды болгум келбейт.

Ооруган тизелерин колдору менен акы­рын сылап отурган карыянын муңдуу көздөрүнө тике карай албай, сапарымды андан ары уладым.

КАЙЫРЧЫЛАРДА ДА МЫЙЗАМ БАР
Шаарды кыдырып жүрүп узун, кең көчөдө баш-аягы 50дөн ашык кайырчы отурганына күбө болдум. Алардын да өз ара мыйзамдары болот экен. Мисалы, ар бири өзүнө тиешелүү “точкага” ээ. Жаңылып башка бирөөнүн аймагына кирип кетсе, анда өлгөнү. Кээде бир эле “точкада” экиден кезектешип тургандар да бар. Бири эртең мененки саат 7ден 3кө чейин турса, экинчиси 3төн күн батканга чейин турат. Байкашымча, баарынан каражатты көп тапкандар – жол боюнда тургандар. Бирок мунун кооптуу да жайы бар. Шуулдап өтүп жаткан машиналардын арасында эрежеге баш ийбеген эргулдардын алдынан чыга калсаң, ишиңдин бүткөнү.
Каршы-терши өтүп жаткан унаалардын арасында жан үрөй майыптын арабасын айдап акча чогултуп жүргөн жигитке кимдир бирөө машинасынын терезесинен китептерди карматып кеткенин көрдүм да, жанына басып бар­дым.
– Кечиресиз, сизге эмне ки­теп таштап кетти?
Тиги жигит колундагы дин китептерин мага көрсөттү да, арабасынын аркасына салып койду.
– Ишиңиз өтө кооптуу экен...
– Эмне кылабыз, жашаш керек да.
– Өзүңүз тууралуу айтып бербейсизби?
– Сага кызык болсо, айтып берейин. Ата-энем, бир туугандарым бар. Келинчегим да бар эле, бирок жакында ажырашып кеттик. Өзүм намаз окуйм. Келинчегимди мага молдолор алып беришкен. Кийин эле башка бирөөлөрдүн тилине кирип, бузула баштады. Өмүр бою майып адам менен жашоо ал үчүн оор да. Эмне дейт элем? Үй-жайымды, тапкан-ташынганымдын баарын ага таштап, чыгып кете бердим. Мен ага деле капа эмесмин. Кудай насип кылган жерде күнүмдү өткөрө берем. Кайра “ал кантип жашап жатты экен?” деп сарсанаа болуп жүрөм.
– Жол боюнда тургандан көрө базар ичинде отурган коопсуз эмеспи?
– Жок, ар кимдин өз аймагы бар. Анын үстүнө базарда кичине балдар менен аялдар көп турушат. Байкасаңыз, “Ош базарында” кадам сайын кайырчы. Алардын 50 пайызынын дени-карды соо. Кечинде ордунан сопсоо туруп баратканын көргөндө жакаңды кармайсың. Биздей майыптарга го айла жок. Анан колу-буту аман туруп кайырчылык кылгандарга таң калам. Эми бул ар кимдин өз иши деңизчи...

Бул каарманым менен сүйлөшүп турган он мүнөттүн ичинде алдында турган баштыгына 50 сомдук, 20 сомдуктар үйү­лүп калды. Ошондон улам кызыга сурап калдым.

– Бир күнкү пайдаңыз канча, байке?
– Ар кандай. Жакшы дегенде күнүнө 2000 миңге жакын акча табам.
– Оо, сиз анда бай турбайсызбы? Башкалар күнүнө 250-300дөн эле табат экен го?..
– Карындашым, Жараткан ар кимдин пейилине жараша энчилейт экен.

ЭНЕНИН КУДУРЕТИ
Ооба, көп адамга кезиктим. Көп адамдын кайгысын бөлүшүп, сырларын уктум. Бирок ушул наристесин кучактап отурган энелердей эч ким таасир кал­тырбады. Гезиттен экенимди билгенде качып жаткан башка­лардан айырмаланып, эки наристесин кучактап отурган эже мага үмүттөнө тигилди. Жанында майыптардын арабасында отурган чоң уулу менен кичүү уулунун алдында 1 сомдуктар жатыптыр.
– Эже, уулуңуз оорукчанбы?
– 8 айынан баштап талма оорусуна чалдыкты. Таластагы дарыгерлердин жардам бере албайбыз дегенинен үйүбүздү сатып, бул жакка келдик. Баары бир эч кандай натыйжа чыккан жок. 16 жашка чыкканда опе­рация кылабыз дешти. Ку­дай­га шүгүр, кичүүлөрүнүн ден соолугу жакшы. Үйдө эки жаштагы кызым бар. Аны батирдин кожойкеси карап калат.
– Балдардын атасы кайда?
– Ушул оорукчан баламдын айынан ажырашып кеттик. Кудайдын берген дарты экенин түшүнө албады. Анын үстүнө үйүбүздү да сатып, аябай кыйналдык. Күйөөм ошол кыйынчылыктардан тажап кетти окшойт. Аны деле түшүнүп турам.
– Азыр жардам береби?
– Кээде үчөө менен аябай кыйналып кеткенде чакырганга аргасыз болом. Келип жардам берип кетет.
– Сиз деле кыйналдыңыз да?- дедим эженин күйөөсүн актап жатканына жаным кейип.
– Сиңдим, мен энемин да. Эне баласын таштап баса бермек беле?- деди эже үшкүрүп.

Апасынын кандай абалда экенин капарына албай, оюнкараак кичинеси “суусадым, апа” деп жатты. Эне баштыгындагы таттуу ширени алып чыгып эки баласына берди да, өзү жалана тамшанып койду. Аптапта суусап турса да өзүнө суусундук тийбей калганына кайыл болуп, эки уулун кучактаган эненин кудуретинин күчтүүлүгүнө, мээримине таң калып да, табынып да турдум.

– Күнүнө канча табасыз, эже?
– Кудайга шүгүр, күнүмдүк керек-жарагыбызга жетет. Түнкүсүн кафеде идиш жууп да иштейм. Үстүбүздө тамыбыз болсо, башка нерсеге кайыл болот элем.

Булар менен коштошуп жатып, акын Анатай Өмүркановдун ыр саптары эрксизден эсиме түштү.

Жоолугун жайып таштап кара жолго,
Карегинен арманындай агып шору.
Солкулдап сооп тилеп турган бу кол –
Тилемчинин колу эмес, заман колу.

Үмүттө, жалт-жулт карап оңго-солго,
Жанын эзип жарым тиштем нандын жогу.
Калчылдап кайыр сурап турган бу кол –
Кайырчынын колу эмес, коом колу.

"САМОПАЛ" ТИЛЕМЧИ
Күнү кечке кейиткен сапа­рымдын аягы негедир күлкүлүү аяктады. “Сокур адам­га жардам бериңиздер” деген жазууну жазып алып четте отурган жигиттин жанына барып: "Сиз менен сүйлөшкөнгө мүмкүнбү?"- деп маекке тарт­тым. "Ооба, мүмкүн болбой анан. Эмне, гезиттенсиңби? Жаз анда, минтип... Мен тубаса майыпмын..."- деп узак таржымалын айта баштады. Анын баянын угуп бүткөндөн кийин фотоаппаратымды алып чыгып, “сүрөткө тартып алайын” деп сурай албай туруп калдым. Бир убакта сокур деп ойлогон каарманым: “Э-эй, мени сүрөткө тартпа!..”- деп кыйкырып жиберсе болобу! Чочуп кеткен жаным: “Сиз, эмне, көрөсүзбү?!”- деп таң калып карап калсам, тиги каткырып ордунан тура калып: "Жумуш жоктон улам ушинтип акча табууга аргасыз болдум. Мен тууралуу жазба, карындаш",- деп көз айнегин чечти. Жаш жигиттин алты саны аман экенин көргөндө аргасыздан баш чайкадым.
Баштагы майып байке айткандай, кайырчы эмес, кайырчынын кейпин убактылуу кийгендер да көп тура. "Кайырчылар күндүз тилемчилик кылып турат, кечинде кычырап Мерседеске түшүп кетет" деп угуп, негедир ишенбеген элем. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, кайырчылыкты бизнеске айланткандар бар экенине эми ишендим.

Аялдар эркектерди күнөөлөшсө, эркектер заманды күнөөлөп, заман болсо күнөөлүүнү таппай турган учуру. Жашоо бул – күрөш дешет. Ар бир адам жашоо үчүн колунан келишинче күрөшүп жатат. Бирок ошол курал тилемчилик, кайырчылык болбой эле койсо деп ойлодум сапарымдын аягында.


ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!

29-июль күнү саат 23:30дар чамасында Ош-Бишкек жолунда келе жаткан УАЗ-Патриот үлгүсүндөгү автомашинанын айдоочусу Сокулук районунун Новопавловка айылынан бир адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан таслим болгон. Учурда ал адамдын аты-жөнү тактала элек.
Өзгөчө белгилери: азиат улутундагы жашы 35-40тардагы арык чырай адам. Кийген кийими – “DR” деген жазуусу бар боз түстөгү жайкы футболка, жынсы шым, кара бут кийим. Өлүктө эч кандай өзгөчө белгилер жок.
Сүрөттөгү адамды тааныгандар болсо, Сокулук РИИБинин төмөнкү телефондоруна чалып коюшу­ңуздарды өтүнөбүз.

Тел.: 03134 4-18-34, 03134 4-14-09, 03134 4-19-79,
111110771 38-12-55,
0543 21-71-73

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ceed
2010-08-07 12:37:28
Жеп качкандардын турак жайларын ушундай жандарга берип коюшса экен мамлекет, ал турак жайларды, алардан калган калдыктарды ээлеп албай! булардын тизмесин так тактап (самопалдардын кереги жок), кылдаттык менен текшерип, анан биздеги кайрымдуулук фонддорубуз ушундай жердештерибизге жардам берсе болмок, бийликтин алдына алып чыгып! Не кереги бар эле, убагында "козелдорго" турак жай берип! Биринчи, жардамды мынандай байкуштардан баштоо керек, каяк балээдеги коррупцияга мингендерге бербей!
0
milli
2010-08-09 21:52:47
Baykush kayrirchy ejege jaman boorum oorudu. Kunduz ysykta kayir surasa, tunkusun kafede ishtese, baldaryn baksa...ayalzaty baaryna chydayt degen ushu da.
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан