ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бычак турат. Бычак такап коркутса болот. Сыр сөздү айт деп бакырсынчы, Гуля коркконунан баарын айтып берер.

– Ай, эмне катып туруп калдың?

– Жөн эле...- бычак такап коркутканга бара алчудай эмес. Бирөөгө жакшылык кылам деп башкасына кыянаттык кылуу болбой калат. Анда адамдыгы эмнеде?

– Сен да мас болуп калдыңбы? Эмне эле делдейесиң?

– Гуля эже, суранам, акча берип туруңузчу? Айтып жатам го, мени каалагандай иштетиңиз. Биротоло кул деле кылып алыңыз. Эмне кылсаңыз да акча бериңизчи.

– Эй, эмне эле анча чоочун бирөө үчүн ызылдап жатасың? Токтотчу!

– Ал… Акча жок болсо ал көпкө жашай албай калат. А мен аларга акча таап берем деп убада берип койгом.

– Эмне, алар сени мурдатан тааныйбы? Тааныбайт. Тууганы да эмессиң. Килтейген Түркиядан алар сени издешпейт дагы. Баягы сойку кыз бизге жардам берет демек беле? Жөн эле «мать Тереза» боло бербечи?! Баса, менде акча бар экенин силер кайдан билесиңер?

– Банктын кагаздары үйдүн ар бурчунда эле жатпайбы.

– Аа. Анысы бар.

ххх

Роза башы лакылдап ооруп калганын сезди. Ичпей эле койсо эмне?! Дайыма ушинтип кыйналып калат. «Акча! Акмак кыз Гуляны алдап алып кеткен жокпу? Менин акчам!» Чечкиндүү эле ордунан тура калып, ашкананы көздөй жөнөдү. Мына сага, Шайыр менен Гуля дагы эле отурушат. Гуля ыйлап алыптыр. Ала алган эмес экен. Шайырдын үңүрөйгөн кабагынан эле билди.

– Сен жакшы адамсың, Шайыр! А, вот, мына бул Роза… Коркунучтуу киши! Мен мындан корком. Өзүм дегенде эч нерсеге карабайт. А сен байкуш карабайсыңбы, бирөөнүн кызы деп ыйлап.

«Мен да коркунучтуу адаммын, Гуля эже. Мен өз баласын өлтүргөн адаммын. Кеч ойгонгон адаммын. Күнөөмдү жууюн деп жан алакетке түшүп отурбаймынбы...» Ичинен жооп кайтарды Шайыр.

Роза аларды карап тек гана жылмайып койду. Шайырды шылдыңга алып жатканы болчу ал.

ххх

Катуу уктап кеткен экен. Түнкү саат 3. Уйкусу канып калыптыр. Көзүн жумуп алып жата берди. «Кайдан табам?» деген суроо мээсине кадалып же ага жооп табылбай шайы ооду.

– Кой, жата бергенде болбойт. Андан көрө жакшы тамак жасап барайынчы бүгүн. Анан эгер уруксат беришсе, кызды паркка алып барып келейин,- өзүнчө үн чыгарып сүйлөдү.

Айткандай эле, ал ашканага барды да, тамак жасап баштады. Кимдир бирөө үчүн көптөн бери тамак жасап көрө элек экен. Кадимкидей ошол сезимди сагыныптыр. Кимдир бирөө ага, ал болсо кимдир бирөөгө керек экенин сезүү ушунчалык жагымдуу тура, көрсө.

ххх

– Апе-ей, сага эмне болгон таң атпай?

– Бүгүн ооруканага тиги кызга барам, Гуля эже.

– Айтчы, өзүңдүн көйгөйүң азбы? Токтотчу ушундайда!

– Жок дегенде жылуу сөз айтып көңүлүн көтөрүп келейин. Акчасы барлар көңүл оорутса эле чүнчүп калалыбы?- таарынгандай үн катты.

– Койчу, Шайыр!

– Кул болуп деле берейин деп сурандым го, Гуля эже?..

– Сенин акылың ордунда эмес!

ххх

Анель апасы экөө оорукананын айланасында сейилдеп жүрүшүптүр.

– А мен бүгүн сага тамак жасап келдим.

– Мен мантыны эле жакшы көрөм. Шорпо болсо ичпейм,- кыз тыкылдады.

– Кечке шорпо иче берип көңүлү калып калыптыр байкушумдун,- кыздын апасы актана кетти.

– Мен билгендей эле тааптырмын. Сен жакшы көргөн манты, мына.

Анель аябай тамшануу менен жеп жатты. Улам жылмайып бир апасын, бир Шайырды карап коёт. А Сабира болсо кызынын жүзүнөн жылмаюу көргөнүнө жетине албай турду.

– Эми болсо мен сени паркка алып барып келсемби дегем...- тамагын жеп бүткөндө үн катты Шайыр.

– Чын элеби?- кыздын көздөрү жайнай түштү.

– Бизди чыгарышпаса керек.

– Апа! Чыгарышсынчы, апа-а!- кыз жер тепкилеп ыйлап жиберчүдөй жалдырады.

– Бир суранып келели.

Шайыр менен Анель Сабиранын демин ичине катып күтүп отурушту. Экөө тең үн катпайт. Анан бир топто барып Сабира чыга келди. Эрдин кымтып алган. Кабагы салыңкы. Анель аны карады да, башын жерге салып жер тиктеп калды. Шайыр аны чыр салат деп ойлогон. Жок, кыз тагдырына моюн сунуп, отургучта салаңдап калган буттарын жайдан терметип, ичиндеги бардык ызаны басып койду. Болгону бир гана жаш тоголонду көзүнөн. Ушул эле жетиштүү болчу. Шайырдын дүйнөсү аңтар-теңтер болуп кетти. Ушул наристе кыздын жанында ал кандай гана жаман адам болгондугун даана сезе түшкөнсүдү. Мындайда сөз да чыкпай калат экен.

– Оорукананын чегинен чыкканга болбойт дешти. Дарыгерлердин көзөмөлүндө дайыма болуп турушуң керек экен,- деди Сабира күнөөлүү кишидей.

Бир топко чейин жымжырт отурушту.

– Сен дарыларыңды иче турган убак болду, кызым.

– Укол дагы барбы?

– Мм.

– Жүрүңүз анда. Жакшы калыңыз, Шайыр эже!- кыз башын жерге сала апасынын алдына түштү. Шайыр анын кебетесин көрүп жүрөгү тилинди. "Кайдан гана паркка алып барам дедим?" Өзүн-өзү жемелеп баштады.

ххх

Ооруканадан бери карай чыгып, ал жөө басмакчы болду. Жакшы күн тартуулагысы келген кызга. Баары жакшы башталып, акырында кыздын маанайы чөккөнүнө түтпөй баратты. Анан эле капыстан жол жээгинде узун-узун шарлардан ар кандай жаныбарлардын сөлөкөтүн жасап, балакайлардын көңүлүн алып акча таап жаткан адамга көзү түштү. Оюна дароо бир нерсе кылт этти.

– Байкеси, саламатсызбы? Бир суранычым бар эле?

– Айта бериңиз, эмне керек? Арстан, ит, бал?

– Жок-жок! Бир кичине кыздын көңүлүн көтөрүш керек болуп жатат. Ал ооруканада эле. Сыртка чыкканга мүмкүнчүлүк жок болуп турат.

– Жакын жердеги оорукананы айтасызбы? Анын бакчасына барсак болот да.

– Барып бересизби?

– Албетте! Бирок…

– Ооба, ооба, акчасын берем.

– Мен гримм жасап алайынбы?

– Кандай гримм?

– Клоун болуп алайынбы? Көңүл көтөрүш керек болуп жаткан турбайбы. Мен профессионалдуу аниматормун!- тиги киши мактангандай үн катты.

– Абдан жакшы болмок, байке!

ххх

– Сабира, Анелге телефонду берсеңиз! Анелка, эгер Анель паркка барбаса, анда парк Анелге келет! Сыртка чуркап чык!

Аз өтпөй кыз апасын жетелеп чуркап чыкты. Аны алдынан толтура шарлары бар клоун күтүп алды.

Кыз анын кайсы тилде сүйлөп жатканын деле түшүнгөн жок. Маңдайындагы клоундун кызыл мурду, күлүп-жайнаган жүзүн көрүп эле күлүп жатты. Анан ал бир убакта шарлар менен кызга гүл, күчүк, деги койчу, толтура нерсени жасап берди. Кыздын кыткылыктаганын көрүп алып Шайырдын да, Сабиранын да жандары жай ала түштү.

ххх

– Сизге чоң рахмат, Шайыр эже!- кыз кичинекей колдору менен Шайырдын моюнунан кучактады. Наристенин кучагы… Ушунчалык жагымдуу, жылуу. Балким, анын баласы тирүү болгондо... Тамагына бир нерсе такалгандай, буулугуп ыйлап жиберчүдөй туруп калды.

ххх

Үйүнө кубанычтуу келе жатты. Эмнегедир азыр барып тиги айланасындагы бардык адамдарды тиш кайрап караган, үмүтсүз эки сойкуга мактангысы келди. Эшикти тартып көрдү. Бек экен.

– Гуля эже, Роза!

Ичтен жооп болгон жок. Сумкасынан ачкычын алып чыкты да, кирип барды.

– Гуля эже-е!

Кимдир бирөөнүн онтогону угулду ашкана тараптан. Шаша-буша ошол жакка басты да, делдейип туруп калды. Гуля стулда байланып турат. Көзү-башы шишиген. Оозу-мурду кан жалап, Шайырды «сактап кал» дегенсип жалдырап тиктеди. Маңдайында бычак кармаган Роза турат.

– Эй?

– Акча керекпи сага да? Айтпай жатат бул эшек!- Роза жинденип алган. Бирок ал Шайыр деле азыр мага кошулат деген ишеним менен сүйлөп жатты.

– Роза?

– Минтпесем айтпайт! Мунун жанын суурусаң анан айтып берет! Айт кана азыр! Алдагы оозуңду кулагыңа жеткире жырып салам!- Гуляга жүткүндү Роза.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MIRBOLOT
2019-08-26 22:10:05
Мен биринчи дечү белеңер?
0
aisuluu90
2019-08-27 14:49:51
Көпкө күтүп аз эле чыгып калып жатат көбүрөөк күтөм
0
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан