ОКШОШ КИЙИНИП ЖҮРҮҮ МАМИЛЕНИ БЕКЕМДЕЙБИ?

Вашингтон штатындагы Оборн шаарында 68 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жаткан түгөйлөр “окшош стилде кийинип жүрүүбүз мамилебизди бекемдеди” деп билдиришти. Алар узакка ынтымакта жашоо сырын ушинтип түшүндүрүшкөн.

Маалыматка таянсак, Фрэнсис жана Розмари Клонц мектептен таанышышкан. Ромари өз сөзүндө “бир жолу менин апам Фрэнсис экөөбүзгө окшош рубашка сатып берген. Ошол күндөн тарта биз окшош кийинүүнү адатка айлантканбыз” дейт. Ал эми Фрэнсис байбичеси эмне сатып келсе жыргап кийип аларын айтат.

Психологдор «Family look» стилинде кийинүү үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатарын баса белгилешет. Ал эми сүрөтчүлөр “фотосессия учурунда аялы, кыздары жана балдары бир стилде кийинип чыккан учурда көпчүлүк аталардын көзүнөн бактылуулукту сезебиз” дешет.

Дамира Арстанова

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dushabolna
2019-08-26 15:10:59
Ммммм
+1
Siren.ms
2019-08-27 10:27:56
Болушу мумкун
0
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан