“Сен жана мен. Биз чогуу өлөбүз”. “Сенин жашооңдо боло турган жалгыз эркек – бул мен”... АКШнын Флорида штатынын 48 жаштагы тургуну Николас Нельсонго адамды артынан аңдып ыңгайсыздык жараткандыгы жана коркутуп-үркүтүү маанисиндеги билдирүү жазгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, шектүү тааныш айымына 12 күндүн ичинде 10 миңден ашуун билдирүү жөнөткөн. Жабырлануучу “аны сыртынан гана тааныйм. Такыр сүйлөшкөн эмесмин. Мен арыздангандан кийин ал мурдагыдан да көп билдирүү жөнөтө баштады. Мындан сырткары туугандарымдын үйүнүн астына кийимин таштап кетиптир. Аэропорттун унаа токтотуучу жайынын талонун сүрөткө тартып, “мен азыр учакты жардырам” деген билдирүү жөнөткөн” дейт. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн буга чейин да бир айымды коркуткандыгы анык болгон.
Дамира Арстанова
koom@super.kg