ЖЕР-ЖЕМИШТЕР МЕНЕН БЕТТИ АЗЫКТАНДЫРУУ

Жай мезгили болгондуктан колубузда бардык жер-жемиштер бар. Учурдан пайдаланып бет терисин жер-жемиштеги витаминдер менен азыктандырып алсак болот. Ошентсе да колубузда деп эле көз көргөн нерсенин баарын бетке сүйкөй берген болбойт. Бул жаатта бизге косметолог Жаркын Атаканова кеңеш берет.

МАЙЛУУ БЕТТЕРГЕ

Терини кургата турган касиети бар жемиштерди колдонуу керек. Айрыкча жай мезгилинде бет тердеп, бактериялар козголуп безетки көп чыгат. Мындай териге ананас, лимон, киви, кулпунай, помидор жардамга келет. Айрыкча помидор безеткилердин душманы.

КУРГАК БЕТТЕРГЕ

Кургак беттерге бадыраң, банан, дарбыз, шабдалы, алмуруттан маска жасасаңыз жакшы. Анткени алардын курамындагы витаминдер нымдандырат жана жумшарта турган касиетке ээ.

АРАЛАШМА БЕТТЕРГЕ

Бул учурда биз жогорудагы саналган жемиштерди да аралаш колдонсок болот. Мисалы, мурундун үстү, маңдай жактар майлуу болсо помидордон маска жасап, кургак жерлерине бадыраңдан маска жасасак болот.

БЫРЫШТЫ АЗАЙТУУ ҮЧҮН

Жүзүм, кара өрүк, авокадо, малина сизге жардамга келет. Айта кете турган нерсе, жүзүмдү көбү данегинен ажыратып туруп колдонуп жүрүшөт. Тескерисинче, данектеринде жашарта турган коллагендер көп. Бырышка каршы эң кымбат кремдер жүзүмдүн данектеринен жасаларын биле жүрүңүз. Жүзүмдү колдонуу үчүн аны данеги менен кошо блендерден өткөрүп ботко жасап аласыз.

ЭФФЕКТИВДҮҮ МАСКАЛАР

Алма

Алма бетти агартуу үчүн жана серпилгичтигин жогорулатуу үчүн аралашма терилүү бетке колдонулат. Таза жуулган алманы бөлүп, данектерин алып кыргычтан өткөрүп ботко жасап алып колдоно берсеңиз болот.

Банан

Эгер бетиңиздин териси кургак болсо, орточо бананды кашык менен эзип, ага 1 аш кашык йогурт кошуп бетиңизге сүйкөңүз. Ага дарыканаларда сатылган А витамининин капсуласын же таблеткасын алып бирден кошуп койсоңуз эффективдүү болот. Банан нымдандыруучу, сергитүүчү, жумшартуучу касиетке ээ.

Жүзүм

Жүзүмдүн курамында көп витаминдер бар. 15 даана жүзүмдү алып жууп, сыртын сыйрып салабыз. Блендерге данеги менен кошо салып эзип, ага бир тамчы зайтун майын куябыз. Аралашма бетиңиздин бырыш түшө баштаган бөлүктөрүнө жакшы таасирин берет.

Кулпунай

Кулпунайдын эң негизги сапаты – беттин серпилгичтигин жогорулатат жана нымдандырат. 5-6 даана кулпунайды жууп алгандан кийин эзип, бетке сүйкөй бериңиз. Бул майлуу бет териси үчүн пайдалуу.

Маска койгондо эмнелерге көңүл буруу керек?

  • Эң негизгиси, териде аллергия чакырбашы үчүн алдын алганыңыз оң. Сиз кайсы жер-жемиштен аллергияңыз бар экенин билбесеңиз, алгач колуңузга сыйпап күтүп туруңуз. Реакция жүрбөсө бетиңизге сүйкөй берсеңиз болот.
  • Маска жасай турган жемиштин жакшы бышканын, чирик эмес, жаңы үзүлгөнүн тандоо талапка ылайык. Аны жакшылап жууп алуу керек.
  • Даярдалган масканы бир гана жолу колдонуңуз, кийинкиге сактап койгонго болбойт.
  • Жемиштен маскалар эффективдүү болушу үчүн ысык душ алган соң, ваннага түшкөндөн кийин же мончодон кийин жапсаңыз жакшы. Анткени жылуу суудан бет териси жумшарып, майда торчолор ачылып калат. Андай шарт болбосо бетиңизди таза жууп баштай берсеңиз болот.
  • Жемиш маскаларын бир жумада 1-2 жолу гана коюңуз. Масканы 15-20 мүнөт кармоо керек, андан көп болсо кызарып, ачышып кетиши мүмкүн.
  • Жемишти муздаткычтан алып чыгып жасаганга болбойт. Биринчиден, дарылык касиетин жоготуп коёт, экинчиден, муздак жемиш беттин табигый түзүлүшүн өзгөртүп салат. Жемиш бөлмө ичиндеги температурада болуш керек. Масканы ысык же муздак эмес, жылуу суу менен жууп кетирүү зарыл.
  • Эгерде жемиштен даярдалган маскаңыз суюк болсо, азыраак өлчөмдө айран, йогурт же зайтун майын кошсоңуз коюу болуп калат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан