Өмүрүндө Карыпбек көптү көргөн. Бирде ыргыткан ташы жогорулап, даңазасы таш жарса, бирде карыптын күнүн көрүп, ар кимден жардам сурап калган да учурлары болгон. Бирок, негедир дал бүгүнкүдөй өзөгү сыздап өкүнбөгөн эле. Качандыр бир кезде өзү кечип кеткен өз канынан чыккан уулу анын өмүрүн сактап калат деп да ойлогон эмес... Көрсө, Жараткан жашоо мыйзамынын баарын таразалап, өз ордуна коёт турбайбы...
Ата-бала
Ооруканага араңжан болуп жетти. Өнөкөт болгон оорусу капысынан кармап калды. Дагы жакшы, кокусунан кирип келген кошунасы абалын баамдап, дароо тез жардам чакырыптыр. Дарыгерлердин айтуусунда, аны ажалдын оозунан сууруп алышкан экен.
– Ой, аксакал, эс алдыңызбы?
Арт жагынан чыккан кырылдаган үнгө Карыпбек бурула берди.
– Жакшы, жакшымын буюрса...
Чындыгында, операциядан кийин тили кургап, башы айланып жаткан эле. Ушул учурда эшик ачылып, бирөө киргендей болду.
– Абалыңыз кандай?
Көзүн ача берген Карыпбек өзүнө тигилип турган жигитти көрдү.
– Жакшы, уулум, рахмат.
Негедир жигиттин көзү тааныштай. Кайсы бир жерден көргөн өңдүү.
– Кайсы баласың, айланайын?
– Сизге операцияны мен жасадым, ата, мени Аман десеңиз болот.
Карыпбек көзүн жумуп жиберди. Ата... Кандай гана таттуу сөз?! Өмүр бою ушул сөзгө зар болуп келген көөдөнү сыздап кетти. Көзүнүн кычыгына жаш толо түштү.
– Ата, эми сиз өзүңүздү жакшы карашыңыз керек. Жакын адамдарыңыз болсо чакыртыңыз. Эми сиздин жаныңызда ар дайым бир адам болуш керек.
Карыпбек алсыз үн катты.
– Менин жакындарым жок, уулум. Менин коколой башым эле бар...
– Кечириңиз...
Жигит оңтойсуздана өзү да байкабай тигил карыган адамдын жаратын сыйрып алганына уялып кетти.
Ушул учурда экөө кандары бир экенин билишкен жок. Бул жигит качандыр бир кезде өзү танып кеткен бакыты экенин, өз уулу экенин да ал учурда билбеген эле. Болгону, жигиттеги жагымдуу жылмаюу кандайдыр бир тааныш сезилип, эт-жүрөгү эрксизден ал жакка тартыла берди. Мүмкүн бул «кан тартат» дегендик беле, ким билет?! Тагдырдын тамашасынанбы же Жараткандын жазмышынанбы, ушул күндөрдө Карыпбек кайрадан өз өмүрүн көз алдынан өткөрүп жатты. Бардыгы капысынан башталган эле...
Турмуш бурганагы
Келин күйөөсүн күтүп уктабай жатты. Үйлөнгөндөрүнө жарым жыл болуп, турмуштун босогосун жаңы аттаган жаш жубандын көңүлүнө кандайдыр бир кооп түшүп жатты. Алда неден коркконсуп, улам терезени тигиле карап коёт. Бирок, күткөн адамы келбей жатты. Ансайын эки көзү бакырая эшиктен көзү өтөт.
Акыры көзү илинип кеткен экен. Эшиктен машинанын «дүр-р» эткен дабышынан улам тура калды. Көзүн бардап ачып, даяр турган тамагын газга коюп, өзүнчө күймөлөнө берди. Карыпбек кирип келип, алдында турган аялын таңкала тиктеди.
– Эмне, ушуга чейин күтүп жаттыңбы?
– Карыпбек, кайда жүрдүң? Саат эки болгонго чейин иштедиңби?
– Дежурстводо болдум.
Канчалык кыйналса да, Гүлкан башка сөзгө өтө алган жок. Тамак да ичпей, төшөккө кулаган күйөөсүн тиктеп көпкө отурду. Мындан аз убакыт мурда эле өзүн алаканына салып, кареги менен тең айланып турган күйөөсү ушулбу? Мындай тез убакытта эле алоолонгон сүйүүсү өчүп күлгө айланып калабы? Жаңыдан гана жакшы тилек менен башталып келе жаткан жашоосу жалп өчөбү?
Келин түпсүз ойлорго термелип таң атырды. Чындап эле жакын арадан бери Карыпбектин мүнөзү өзгөрүлдү. Түнкүсүн үйгө түнөбөй, куру шылтоолорду айтып кеч келүүсү көбөйдү. Гүлкан канчалык аракет кылганы менен экөөнүн ортосундагы жаракат бүтөлө койбостой. Ал дубалды аялдын тунук сүйүүсү да, мээримдүү кылык-жоругу да, алтургай болочок наристе да эрите алмак эместей. Ошентип, турмуштун кырсыктуу бурганагы экөөнү каптап келе жатты.
Мен бактымды башка жактан издейин...
– Сиздин күйөөңүз канчадан бери көзүңүзгө чөп салып жүрөт. Канчадан бери өзү менен иштеген медсестра менен соо эмес. Көзүңүз ачылабы десем, бейкапар эле жүрөсүз. Сизге боорум ачыйт. Өң десе өң, акыл десе акылыңыз бар сиздей жандын «салынды аял» болуп калышын каалабайт элем...
– Жок! Жалган! Ишенбейм...
Калтыраган колдору менен телефонду мыкчый кармаган Гүлкан өңү купкуу болуп кетти.
– Ишенбейм деңизчи?! Ха-ха-ха, эгерде ишенбесеңиз күйөөңүздүн иштеген жерине барыңыз, ошондо менин айтканыма ишенесиз.
Бөлмөнүн ортосунда турган Гүлканга жер термелип кеткендей болду. «Оо, шумдук, ушундай да болобу? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бизди көрө албаган бирөөлөр ушундай ушак кылып жатышат болуш керек». Мээсине октой тийген ушул ой аны чыйралтып жиберди. Карыпбек жакында эле кызматынан көтөрүлүп, оорукананын башкы врачы болгон эле. Негедир ишенгиси келбей жатты. Эч кимге эч нерсе деп айткан жок. Ичинен сызып жашай берди. Анткени, анын жүрөгүнүн алдында жаңы жашоо уланып жаткан эле. Ошондуктан, өзүнүн гана эмес, баласынын да тагдырын ойлошу керек эле.
Ал күнү Гүлкандын курбу кызы конокко чакырган. Үйдө жата берип тажаган жаны чакан белек алып ошол жакка жөнөдү. Даректи туура эмес бергенби, көпкө чейин убараланды. Акыры таппай коюп эми кетейин дегенде Карыпбектин машинасы көзүнө урунду. «Ой, тобо-о, бул кайдан адашып бул жакка келип калган? Же жумушуна телефон чалып, аны да конокко чакырганбы?» Оюна башка эч нерсе келген жок. Ушул учурда көзүнө Карыпбек көрүндү. Ал кучагындагы аялды өөп-жыттап, коштошуп бүтө албай жатты. Дегеле ааламды унутушкан экөө эч кимди көзгө илишчүдөй эмес.
– Хи-хи-хи, болду эми...
– Сагынып кетем да эртеңкиге чейин...
Тигил аял менен коштошкондон кийин Карыпбек бери бурула берип, экөөнү теше тиктеп турган Гүлканды көрдү. Көз ирмемге тиктеше калышты.
– Гүлкан?!
– Сен ушинтет белең?
Аялдын жаш толгон көзүнө Карыпбек тике карай албай терс бурула берди. Бир топтон кийин кыжырланган Карыпбек тамекисин сууруп чыгып, Гүлканга жай басып келди да:
– Аркамдан аңдып келгендеги олжоң ушул болдубу? Эмне, ушуну көргүң келди беле? Мына, көргүң келсе көр. Өзүм деле сага айта албай жүргөм. Ырас болду. Мен эми сени менен жашай албайм. Мен эми бактымды бөлөктөн издейм,- деди.
– Эмне деп жатасың? Кантип?.. Жок дегенде төрөлө элек балаңды ойлосоң болбойбу? Ал байкуш...
– Кереги жок мага балаңдын! Сенин да, балаңдын да кереги жок! Мен... мен эми кечигип тапкан сүйүүмсүз жашай албайм.
Жүзүндө эч кандай жылуулук жок бул мерез адамды биринчи жолу көрүп жаткансып Гүлкандын денеси чыйрала түштү. Телмире тиктеп турду да, терс бурулуп жолго түштү.
Көзүнөн мончок жашы куюлуп, ызасы бороон болуп учуруп, аны кайдадыр алып кетип бара жатты. Жамгыр жаап турган эле. Гүлкан үшүгөнүн да сезген жок. Башы оогон жакка кете берди. «Кайда баратам? Эми мага баары бир эмеспи... Эми жашоонун кереги барбы?» Ушул учурда жүрөгүнүн алдындагы кичинекей адам тууралуу ойлоду. Ошол болочок наристе жашоосуна жарык, шаң берип, эртеңкисинен үмүт үздүрбөй алдыга жетеледи. Ичин сылай берип: «Эч нерсе эмес, менин кичинекейим. Экөөбүз да бул турмушту жеңебиз» деп күбүрөп, алдыга ишенимдүү кадам таштады.
Тагдыр жазасы
Ушул боюнча экөө жолугушкан жок. Өзү менен өзү болуп, ийгилигине манчыркаган Карыпбек аялын да, болочок баласын да тез эле эсинен чыгарып салды. Ага эми болгону жаш бийкечинин коюну, эрке кылыгы кызык эле. Кийин досторунан Гүлкан аман-эсен көз жарып, эркек уулдуу болгонун укту. Анда да кайрылган жок. «Менин кадамым сайын аял. Эмнесине башымды оорутайын» деди ичинен. Бирок, тагдырдын ага камдаган сыноосу көп экенин билбеген эле. Тез эле дүңгүрөтө той берип, бийкечине үйлөндү. Бирок, биринчи күндөрдөн баштап эле экөөнүн бирге жашоосу уруш менен башталды. Өзүнөн бир топ жаш кичүү Роза ага туруктуу жар болуп бере алган жок. Бара-бара жаш аялы көзүнө чөп сала баштаганын да билди.
Ал күнү кызматтан кеч келген. Телефон менен сүйлөшүп, өзү келе жатканда трубканы коё салган Розага «бурк» эте бир тийди.
– Ким менен сүйлөшүп жатасың?
– Сейил менен.
– Эмне, менин көзүмчө сүйлөшсөң болбойбу?
Күндөн-күнгө кызганчаак, ачуулуу болуп, анан да «ак молдого» тартылып бара жаткан Карыпбектин үйүнө жаңжал салганы көбөйдү. Экөөнүн ортосунда бала да болгон жок. Буга Роза Карыпбекти күнөөлөчү. Ошентип, алар ажырашып тынышты. Кийин да турмуш жаңыртканы менен Карыпбек негедир жашап кете алган жок. Андан соң кызматынан айрылды. Аны менен кошо кадыр-барк, дөөлөт-сый кошо кетти. Ичип, кайра оңолуп, эртеңкисине кол шилтеген адамдын кейпин кийип калган Карыпбекке эч ким колун созуп жардам берген жок. Арактан колу бошогон учурда гана Карыпбектин көз алдына жашка толгон бакыракай көздөр тартыла берчү. Бул качандыр бир кездеги келинчеги Гүлкандын көздөрү эле.
Жолугушуу
Оорукананын отургучунда күнчубактап отурган Карыпбек ордунан оор копшолуп, палатасын көздөй басты. Коридордон өтүп бара жатканда аны кимдир бирөө жумшак сүзүп өттү.
– Ой, көзүңө карабайсыңбы!
– Кечиресиз...
Алдында сүйкүмдүү аял турган экен. Көзүн көтөрө берген Карыпбек алдында турган Гүлканды көрдү. Канча жылдан кийин болсо да, бирин-бири жазбай таанышты.
– Сен белең?..
Гүлкандын карегинде «ушундай абалга жеттиң беле?» деген аяныч турган эле.
– Сен кайдан?
– Уулума келген элем. Аман Карыпбеков деген врач менин уулум.
– Демек... ал менин...
Карыпбек «уулумбу?» деген суроону бере алган жок. Алтургай «уулум» деп айтууга акысы жок экенин сезди.
– Гүлкан, кечире алсаң кечир. Мен бул жашоодон жаңылган адам экенмин. Өз бактымды, сени, уулумду чангам. Көрсө, бакыт кушум балам экөөңөрдө тура. Өз күнөөмдөн улам бактымды колумдан учуруп алдым.
Гүлкан жооп бергенге үлгүрбөй калды. Анткени, ары жактан уулу келе жаткан эле.
– Апа, көп күттүңүзбү? Мен даярмын,- деп келе жатып экөөнүн маанайын байкап токтоду. – Апа, бул байке экөөңүздөр тааныш белеңиздер?
Гүлкан көз жашын жутуп, Карыпбектен көзүн албай, башын жай чайкады.
– Жок, балам, мен бул адамды тааныбайм.
Аман апасын колтуктаган боюнча чыга берди. Сакалынан жаш тамган Карыпбек уулу менен Гүлкандын артынан армандуу тигилип туруп алсыз үн катты.
– Кечиргиле мени... Кечир мени, уулум!
Нуржамал Жийдебаева