MEGAPAY – САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН БИР БАГЫТЫ

2019-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Альфа Телеком» ЖАКы (соода белгиси MegaCom) менен биргеликте «Мамлекет платформа катары» санариптик концепциясынын алгачкы опциясын ишке киргизди. Аталган демилге «Санарип Кыргызстан 2019-2023-жылдар» өлкөнү санариптик трансформациялоо Концепциясынын алкагында, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен тыгыз байланышта ишке ашырылмакчы.

АЛДЫДАГЫ ПЛАНДАР
Бул демилге абоненттер жана санарип платформасына кошулган MegaPay тиркемесинин колдонуучулары үчүн мыкты табылга болот десек жаңылышпайбыз. Мобилдик капчык аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн электрондук түрдө төлөм жүргүзүүгө болот. Бул иш-аракет саналуу секунддардын ичинде аткарылат жана акысыз. Маселен, автоунаа үчүн салык төлөө керек дейли. Эми салык кызматына баруунун, кезек күтүүнүн зарылдыгы жок. Мунун баары – кечээги күн. Мамлекеттин жана бизнес сектордун мыкты санариптик чечимин ишке ашырууга убакыт келди. Техникалык параметрлер менен так маалыматтарды көрсөтпөстөн эле салыктын өлчөмүн автоматтык түрдө эсептөө аркылуу транспорт каражатына салыкты «акылдуу» төлөө ишке ашырылат. Абонент салыкты каалаган учурда төлөй алат. Бул үчүн телефонуңуздун болгондугу жана тиркемени жүктөп алуу жетиштүү.
«MegaCom өз абоненттерин ыңгайлуу тейлөөгө басым жасоо менен алардын көңүлүнө төп келген кызматтарды ишке киргизип келет. Мобилдик байланыштын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү – бул ар бир абонентке ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо. Жылдын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин «Мамлекет платформа катары» санариптик чечиминин алкагында MegaPay мобилдик капчыгында 100дөн ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө белсенүүдө»,- деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.
«Мамлекет платформа катары» концепти жарандардын, мамлекеттин жана бизнес чөйрөсүнүн тыгыз карым-катнашы аркылуу кызматтардын кеңири түрлөрү үчүн төлөм жүргүзүүнү шарттаган виртуалдык мейкиндик. Бул долбоор санарип технологияларынын жардамы менен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө демилге тесттик форматта ишке киргизилип жатат жана келечекте жарандарга ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлин тартууламакчы. Албетте, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, сервистердин бул агрегаторунун техникалык жактан толук кандуу камсыз болушу абзел. Мамлекеттик органдардын кызматтарын жана сервистерин көрсөтүү өлкөбүздүн коммерциялык банктарынын жана мобилдик операторлорунун маалыматтык системалары аркылуу жүргүзүлүп келет. Маалымат системаларынын карым-катнашы жана маалымат алмашуу «Түндүк» электрондук өз ара карым-катнаш системасынын жардамы менен ишке ашырылат.
«Бүгүнкү күндө «Мамлекет платформа катары» инновациялык санариптик чечиминин алкагында мамлекет менен телекоммуникациялык тармактын, банк секторунун ортосунда түптөлүп жаткан алака келечекте өз жемишин бере тургандыгына шек жок жана да бул байланыш жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин синергиясынын ийгиликтүү кейси болмокчу»,- деп белгилей кетти Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев.
Санарип көчмөндөр үчүн жаңы философиянын негизин «кардарга багытталган мамиле» – «санарип мен» түзөт. Санарип трансформациясы жаран үчүн кандай баалуулуктарды бере алат? Бул баарынан мурда кызматтарды колдонуудагы ыңгайлуулуктун, жеткиликтүүлүктүн жаңы деңгээли. Ар бириңиздерди санарип дүйнөсүнө саякат жасоого, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн болсо биздин демилгеге кошулуп, масштабдуу саамалыктын бир бөлүгү болууга чакырабыз. Өз бизнесиңизди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Санарип мен! Санарип бол!
Жылдын аягына чейин санарип концептинин алкагында 189 кызматты жана сервисти ишке киргизүү, сатуу жана тейлөө борборлорунда кезектерди 30 пайызга азайтуу, чечим менен колдонууга 0,5 миллион колдонуучуларды кошуу жана да канааттануу деңгээлин 80 пайызга жеткирүү пландалууда. Кардар таламдуу мамиле жана сервистен колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзүүдө кайтарым байланыш системасына өзгөчө көңүл бурулат жана ал чат боттун жана онлайн кеңешчинин жардамы менен ишке ашырылат. Ар бир жаран өз пикирин жазып калтыра алат. Бул болсо, өз кезегинде, платформанын ишин жакшыртууга шарт түзөт. Колдонуучулардын сунуш-пикирлери боюнча талдоо жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат. Жарандардан онлайн сурамжылоо да жүргүзүлөт.
2018-жылы MegaPay тиркемесине мамлекеттик кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү ишке киргизилген. Алардын ичинде:

  • Транспорттук каражатка салык төлөө – бул техникалык параметрлери боюнча так маалыматты көрсөтпөстөн, автоунаага төлөнүүчү салыктын өлчөмүн автоматтык түрдө эсептөө. Бул ыкманы заманбап тил менен айтканда, «акылдуу» төлөм жүргүзүү десек болот. Тиркемеге ИСНди жана автоунаанын мамлекеттик номурун кошуу жетиштүү. Төлөмдү тиркемеден чыкпастан, каалаган учурда, комиссиясыз, эң башкысы, аз убакыттын ичинде ишке ашырууга болот!
  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып пулдарын текшерүүнүн жана төлөөнүн оңой жолу – бул айып пул тууралуу SMS-билдирүүнү автоматтык түрдө алуу, айып пулду токтом чыккандан кийин атайын онлайн-эсептегичтин жардамы менен 50 пайыз арзандатуу менен төлөө мүмкүнчүлүгү.
  • Жолдо жүрүүнүн эрежелери бузулган учур чагылдырылган жогорку сапаттагы деталдуу сүрөттү көрүү. Мобилдик шылуундардын аракеттерин алдын алуу максатында сервиске жеке SMS-код киргизилген.

MegaPay тиркемеси жаңы тейлөө кызматтары менен толукталды. Алар: онлайн-дүмүрчөк алуу, насыя берүү, аттестаттын жана дипломдун аныктыгын текшерүү, автотөлөм жана башкалар.
MegaPay – төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолу жана сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!


Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан