Канат Мадымаев, куудул Дөөлөт Мадымаевдин уулу: «ЭЛГЕ ТААНЫЛУУ ОҢОЙ, АТАНЫН УУЛУ БОЛУУ КЫЙЫН ЭКЕН»

Мындан 8 жыл мурун абышка-кемпирдин ролун келиштире аткарган куудул Дөөлөт Мадымаев жүрөк оорусунан каза тапкан. Атасы дүйнө салганда жаңы эле мектепти бүтүргөн куудулдун уулу Канат учурда атасынын жолун жолдоп, сахнага чыгып элди күлдүрүп жүрөт. Ал атасын, апасын, айтор, ким жөнүндө сөз болсо, баарын туурап, бизге кызыктуу маек куруп берди.

«АТАМ КАЗА БОЛГОНДО АЙРЫМ ДОС, ТУУГАНДАР МАМИЛЕСИН ҮЗҮШТҮ»
– Мен үйдүн кенжесимин. Апам атам коноктон алып келген төөнүн этин билбей жеп алып, мени 11 ай боюнда көтөрүптүр. Көпкө күттүрүп, чачым, тырмактарым узун болуп өсүп, 5 килограммга жакын салмакта төрөлгөм. Атам «мага канат, бутак болсун» деп атымды Канат коюптур.
11-классты аяктаган жылы атам каза болду. Көрсө, атамдын мурунтан жүрөгү ооручу экен. Аны биз кийин билдик. Кээде жөтөлүп калчу, ошондо жүрөгү сайышып калчу экен. Каза болоруна эки ай калганда атамдын түшүнө маркум Рыспай Абдыкадыров, Манас Бердибеков кириптир. Апама «залкарлар мени чакырып жатат» деп айткан экен. Убагында ал сөзүнө маани беришкен эмес тура. Аны апам кийин айтып жатпайбы бизге.
Өлөрүнө эки күн калганда атам тойго барып, сонун отуруптур. Таңга маал өзүн жаман сезип, ооруканага түшүп калат. Ооруканада тамчылатма дары куюп, «уктабагын» дешкен экен, бирок атам уктап кетиптир. Ошол боюнча ойгонбой калды. Буга биз эч кимди күнөөлөгөн жокпуз, Жараткандын буйругу экен, атабызды арабыздан алып кетти.
Ошентип күтүлбөгөн жерден 4 бала атасыз калып, биз үчүн чыныгы сыноо башталды. Айрым туугандар, атамдын дос-жарлары карым-катнашты үзүштү. Оюн, күлкү менен күн өткөргөн атасынын эркеси эки жылдай жалданма жумушчу болуп иштеди.
Өзгөндө жалданма жумушчулар иштеген жай бар. Ал жакта күнүмдүк жумушка 50-70тей адам чыгат. Атаандаштык күч болгондуктан таң атпай ошол жакта болуп калсаң, ишиң жүрүшкөнү. Андан кечиксең кардар жок, көпкө күтөсүң. Же оор жүк түшүрүүчү жумушка иштеп, күнүнө 400 сом иштейсиң. Эки жылым ошентип өттү. Кийин Ошто ресторанда официант болуп иштеп, андан ары Талант Анарбаевдин «Талант шоу» тобунда атамдын номерлерин аткарып, ырчы Гүлжигит Сатыбеков менен гастролдорго чыктым.

«АПАМ ЭКӨӨНҮН УРУШУ КӨПКӨ ЖЕТЧҮ ЭМЕС»
– Атам көңүлчөөк, таарынчаак, бирок абдан тамашакөй киши эле. Кээде үйдө казан-аяк кагышып калганда «атамды уруша бербеңизчи» деп ага жан тартып калчумун. Бирок апамдын жини көпкө жетчү эмес. Экөө 7 мүнөттөй сөз менен аябай урушушат эле да, 8-мүнөттө күлкүлөрү угула баштачу. Атам ар нерсени айтып күлдүрүп салчу.
Атам балдарынан мени өзгөчө жакшы көрчү. Агаларыма 10 сом берсе, мага сөзсүз ашырып берет эле. Чогуу жүргөнүбүздө «балам, жөнөкөй бол, ар дайым адамдарга жакшылык кылып жүр» деп көп айтчу. Ал сөздөрүнүн маанисине эми жетип жатам.
Бир жолу да «энеңди урайын» деп тилдеген жок. Апам октоо менен көгөртө койчу, атам «баланы урбасаңчы» деп мага болушуп турат эле.
Экөөбүздүн чөпкө барганыбызды азыр деле эстесем күлөм. Кышкыга камынып, талаадан чөп ташып жаткам. Бир жолкусунда атам "мен да барам" деди. Ага чейин бир да эшекке минбеген атамдын барам дегени мага да жаңылык болду. Талаага барып чөптү арабага бастырып, бекемдеп байладык. Кайтып келатканда жамгыр төгүп жиберди. Айылдын жолдорун билесиздер да, топурак жер жамгырдан кийин тайгаланып боткосу чыгып жатып калды. Жакшы эле келатканбыз. Бир дөңсөөгө келгенде эшек тайгаланып мүдүрүлүп түштү. Эшекти минип алган атам канчалык карманса да тоголонуп барып күп этип кулап түштү. Ошондо токтоно албай бир эзилип күлдүк эле. Үйгө боз ала болуп кайтып келгенбиз.

«АПАМ ЧИЕДЕЙ БАЛДАРЫ МЕНЕН ЖАЛГЫЗ КАЛЧУ»
– Атам кесибине байланыштуу узак убакытка гастролдоп кетип, апам чиедей балдары менен жалгыз калчу экен. Кээде узакка кеткенде үйдө биз карандай суу ичип калган күндөр болгон. Апам «сен бешикте жатып ыйлайсың, сени бир бутум менен терметкенче тамак жасап, нан жаап жумуштун баарын жасачумун. Атаңдан 3 ай бою кабар жок болуп кетчү» деп эскерип калат. Атам көпкө жок болуп кайра келгенде «балдарың топурак жеп жатабы, ишиң жок. Эки жүз сомду эки бетиңе чаптап алып келдиң да» деп урушчу экен. Атам болсо апамдын сөздөрүн «жаздырып алып», сатираларына колдончу тура (күлүп).

«МАГА «АЧУУ» БЕРИП, СЫНАГАНДАР КӨП»
– Мен учурда атамдын жолун жолдоп, куудул-пародист болуп жүрөм. Бир жолу Рахман Разыков чакырып, «Ар бир айдын алтысы» деген концертке катышып, атаңдын жолун ула» деген эле. Агайдын чакыруусу менен атамдын бүтпөй калган ишин улантып жатам, андан сырткары тойлордо тамадалык кылам.
Өкүндүргөнү, кээде айрымдар мени "ачуу суу" ичирип сынап көрөйүн дешет. Той-ашта же башка жакта болобу, бирөөлөр менен отуруп калсаң «сенин атаң көп кырдуу талант болчу» деп адегенде макташат да, «келсең, муну алсаң» деп ичимдик сунат. Өзү болсо ичпейт. «Мен атамды деле көргөм. Бул нерсени оозго албайм» деп аларга ачык эле айтам. Таанылыш оңой, атанын баласы болуш кыйын экен. Мени Канат дешпейт, «Мадымаевдин баласы антип жүрөт, минтип жүрөт» дешет.
Апам кээде «атаңдын жолу менен баратасың» деп капалангандай болуп калат. «Сиз мага мындай дебешиңиз керек. Сиз артисттин жубайысыз» десем, кайра «атаңдын жолун жолдойм десең, жаман жолго баспа, жаман иштерге аралашпа. Эгер жаман иштерге барсаң, артисттикти жыйыштырып эле кой. Дөөлөттүн баласы жакшы чыгыптыр дешпесе койсун» дейт. Ошондуктан өзүмдү атама татыктуу уул катары алып жүргүм келет.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Suzak12
2019-08-26 10:57:06
Азамат иним атандай болсон жаман болбойсун ишине ийгилик бактылуу бол.
+6
Nur777
2019-08-26 13:47:05
Азаматсын,атандын жолун улап,элге кулку тартуулап журо бер!
Атандын жаткан жери жайлуу болсун,жайы бейиштен болсун..
+4
Dina.janym
2019-08-26 21:40:58
Биздин айылга концерт коюп келишти, чынында таланттуу жигит экен. Онорун оркундой берсин!!!
+1
Emilzima
2019-08-27 12:26:56
азамат иним!ишине ийгилик
+1
amirrus
2019-08-28 19:18:49
Балон уурдаганын эсиндеби ... Западный жактан...Озун улантып кой эмне кылып отуруп чыкканыны
-9
Kanday-anan-janym
2019-08-29 14:25:21
amirrus,жашчылыкта болуп турат.Аны туура түшүнүү керек.Бирөөнү элге шерменде кылуу бул Кудайга жакпаган нерсе.Жизнь бумеранг дегенди билесиңби.Эртең эле өзүңүн башыңа салып коет Кудай.
+6
aydinnur
2019-08-31 09:18:19
amirrus,керек болсо баарыбыз уурдаганбыз жаш кезде андай майда чуйдолорду)) Жакшы бала болуп чонойуптур,азамат экен..
+2
Ernisbii
2019-08-31 11:42:50
amirrus,ириген оздон чириген сөз чыгат деген ушул да.
+3
vikidiki
2019-09-01 23:34:29
amirrus,Эмне кереги бар жаш баланын шагын сындырып?
+1
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан