Пинк: «УШАКТАРГА ТҮКҮРҮП ГАНА КОЁМ»

“Кайсы жерге барбайын, өзүмдү элдин көңүлү бурула тургандай алып жүрөм. Мен бар жерде баш аламандык сөзсүз болот” деп өзүнө мүнөздөмө берген Пинктин күйөрмандарынын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Буга ырчынын тайманбастыгы, алдыга койгон максатына кандай шарт болбосун жетүүгө бүт күчүн жумшагандыгы жана дайыма өзгөчө болууга аракет кылганы чоң көмөк берип келет.

Биз тааныган аты – Пинк (“күлгүн түс” дегенди түшүндүрөт)
Туулгандагы аты –
Алиша Мур
Туулган жылы –
1979-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери – АКШ,
Пенсильвания штаты, Дойлстаун шаары
Тартылган тасмалары – 2002-ж. «Роллербол», 2003-ж. «Чарлинин периштелери-2», 2007-ж. «Катакомбалар», 2010-ж. «Вегастан качуу»

ЧАТАК КЫЗ
Пинк кичинекей кезинен эле музыка жандуу болуп, бирок мектепте оңгулуктуу билим ала алган эмес. Сабакта жөн отурбай мугалимдерге ыңгайсыз суроолорду узата бергендиктен, мектептен көп айдалчу. Ушундан улам мугалимдер Пинкти Чатак кыз деп атап алышкан. 12 жашка чыккандан тарта ырчы бий дүйнөсүнө баш-оту менен киришип, 1 жылдан кийин түнкү клубдан чыкпай калат. “Мен ошол кезде өзүмдү бир топ жашка улуу сезчүмүн. Өзүмдү алып жүрүүм да бойго жеткен кыздардай эле. Ушул менин төрөлгөндүгүм тууралуу күбөлүктө ката кетсе керек” деп тамашалап келет. Ыр менен бий тамырлаш болгондуктан, Пинк ырдоого да кызыкпай койгон эмес.

САХНАГА 13 ЖАШЫНДА
13 жашында Пинк “Schools Of Thought” аттуу рэп тобуна солист болуп кирет. Топко кирген күндөн тарта эле ыр жазууга киришет. Пинктин вокалдык билими жок болгону менен, табият тартуулаган таланты шоу дүйнөгө чоң эшик ачып берет. Көп өтпөй ал топ да тарайт. Бирок бир нече ай өтпөй Пинк “Basic Instinct” тобунун курамына кирет. Тагдырдын тамашасы менен Пинк канат жая электе бул топ да жоюлуп кетет. Алдыга койгон максатынан тайбаган өжөр кыз “Choice” тобу менен келишим түзөт. Ал жердин “ары бас, бери бас” деген катуу талаптары эркиндикти сүйгөн ырчыга туура келбей, бул жолу ал өзү топтон кетүүнү чечет.
Ырчы болуу үчүн сахнага чыгып ырдоо гана талап кылынбастыгын түшүнгөн Пинк өзүнө көңүл бурдуруунун жолун издей баштайт. Ошондо эле ырчынын баскан-турганы, сүйлөгөнү элден өзгөчө болчу. Болгону, бир аз гана боёк керек эле.
Кийинчерээк “La Face Records” студиясы менен келишим түзүп, жеке ырчылык жолуна түшкөндө гана Пинк шоу-бизнестен өз ордун таба алган. 2000-жылы "Can't Take Me Home" («Мени үйгө алып бара албайсың») аттуу алгачкы альбому угармандардын купулуна толуп, ырчыга популярдуулукту алып келет. Ушундан тарта Пинктин ырлары өз күйөрмандарын таба баштаган.

ТИРЕШКЕНИ – БРИТНИ СПИРС
Пинк шоу-бизнестен Бритни Спирс менен пикири келишпестигин ачык жарыялап жүрөт.
Бир жолу Бритни Лондонго келип, кымбат мейманканага токтойт. Ал босогону аттаганда эле эң мыкты номерлердин бирине Пинк жайгашканын кабарлашат. Муну уккан Бритни “мен бул мейманканага бир мүнөт да тура албайм” деп чыгып кетиптир. Көрсө, Пинк Жастин Тимберлейк менен жакындан таанышууну көздөп жүргөнүн эл алдында ачык айтып жүргөн экен. Ошол себептен Бритни экс-жигити Жастинди жоготуп алуудан коркуп, мейманканага токтобой кетип калган. Пинкке азыр Бритни тууралуу суроо узатышса, «ал – менин касташкан «досум» деп жооп берип келет. Негизи, Пинк артынан ээрчиген ушактарга«түкүрүп гана коём» деп жооп берет.

ҮЙ-БҮЛӨ ОЧОГУ ЭКИ ЖЫЛДА УРАП...
2006-жылы 7-январда Пинк Кэри Харт аттуу мотоcүйүүчүгө турмушка чыккан. Кэри Харт менен Пинк 2001-жылы Лас-Вегаста өткөн мотоцикл жарышында таанышышкан. Ал эми 2005-жылы өткөн Калифорниядагы жарышта Пинк эрдик кылып тактайдын бир бетине «Мени жубайың кылып аласыңбы?», экинчисине «Мен тамашалаган жокмун» деп жазып, Хартка баш кошуу сунушун киргизген.
Ошентип, эки жаш 2006-жылы 7-январда баш кошушат. Бирок эмнегедир алардын сүйүү дастаны 2 жылга созулуп, 2008-жылы эки айрылыш жолго түшүшөт. Бирок учурда эл арасында «алар кайра табышып алышкан» деген маалымат бар.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
milli
2010-08-09 21:42:41
Nrnbergdegi konserti ayabay kyzyktuu bolup kele jatty ele da....
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан