Ушул жылы күзүндө эфирге чыга турган Apple TV+ онлайн кинотеатрына бөлүнгөн акча 6 миллиард доллардан ашты. Алгач «Apple» компаниясы оригиналдуу контент түзүү үчүн 1 миллиард доллар бөлүп берген. Бирок тартуу иштери башталганда ал сумма өсүп отуруп 6 миллиард долларга жеткен. Женнифер Энистон менен Риз Уизерспундун «Таңкы шоу» деп аталган долбоорунун 1 эпизодун тартуу үчүн жүз миллиондогон доллар коротулган. Эң кымбат тартылган «Так талашуу оюнунун» 1 сериясын тартуу үчүн орточо 15 миллион доллар сарпталса, «Таңкы шоу» үчүн жүз миллиондогон доллар коротулган.
«Apple TV+» 100дөн ашуун өлкөдө жеткиликтүү болот. Долбоорго Стивен Спилберг, Женнифер Энистон, Риз Уизерспун, Октавия Спенсер, Жей Жей Абрамс, Жейсон Момоа жана башка атактуу актёрлор, режиссёрлор катышат. Фильм жана ТВ-шоулор «Apple TV» приложениеси, смарт «Roku» жана «Amazon Fire TV» телеприставкаларда жеткиликтүү болот.
Ысак Карачов