Немис автоунаа чыгаруучу «Porsche» компаниясы 2019-жылдын сентябрь айында «Taycan» деп аталган спорттук электрокарын сатыкка чыгарат. Миңдеген авто сүйүүчүлөр бул унаага алдын ала тапшырык берип, бул күндү күтүп жатышат.
«Taycan» – бизче которгондо "курч аргымак" дегенди түшүндүрөт. 600 аттын күчү бар мотор, 800 вольттук кубат алуучу техникалар коюлган. Бул деген – 15 мүнөттө аккумулятор 80 пайыз кубат ала алат деген сөз. Мындан тышкары ал 3,5 секундда 100 чакырым, 12 секундда 200 чакырым ылдамдыкты ала алса, бир жолку кубат менен 500 чакырым алыстыкка чейин жүрө алат.
Ысак Карачов