«КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ» – СБЕРБАНКТЫН КОТОРУУЛАРЫНЫН ЭКОТУТУМУНА КОШУЛГАН КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АРАСЫНДА БИРИНЧИ БАНК


2019-жылдын августунда Сбербанктын кардарларынын карталарынан Сбербанк Онлайн мобилдик тиркемеси аркылуу телефон номерлери боюнча «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» «MBank Online» колдонуучуларынын картасына акча которууларынын функционалы ийгиликтүү ишке кирген.

«Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 600 миңден ашык биздин мекендештер иштеп жатышат жана биз алар үчүн Кыргызстанга болгон акча которуу процесстерин кантип жеңилдетсек болот деп көптөн бери ойлоп келгенбиз. Биздин банктын ошол убакта Кыргызстандын аймагында акча каражаттарды телефон аркылуу которуу тутуму ишке кирген, ошондуктан биз ушул эле тутумду Орусиянын ири банкы менен ишке ашырсак кандай болот деп ойлодук. Орусия Федерациясынын чекене каржы айдыңында кынтыксыз лидер болуп саналган Сбербанк биздин сунушту колдогонуна абдан ыраазы болдук»,- деп «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Аминат Гривцова түшүндүрмө берди.

«Сбербанк тез акча которуулардын экотутумун өнүктүрүүнү улантып, анын географиясын кеңейтип келе жатат. Биздин максат – кардарларыбызга чет өлкөлөргө акча которууларын Орусияда көнгөндөй эле оңой жана ылдам жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү. КМШ өлкөлөрүндөгү биздин биринчи өнөктөшүбүз – «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» демилгесин кубаттайбыз, анын кардарлары мындан ары Орусиядан акча которууларды оңой жана ылдам ала алат»,- деди Сбербанктын вице-президенти, «Төлөмдөр жана которуулар» дивизионунун директору Игорь Мамонтов.

Сбербанк Онлайн мобилдик тиркемеси аркылуу MBank Online колдонуучусуна акча жөнөтүү оңой болуп калды. Ал үчүн 996 форматында алуучунун телефонунун номерин гана киргизүү керек. Которуу ошол эле замат келип түшөт, ал эми акча каражаттар «КЫРГЫЗСТАН банкынын» бардык үлгүдөгү карталарына автоматтык түрдө эсепке киргизилет.

«Биз ыңгайлуу сервисти түздүк, анткени Сбербанктын карталары Орусиядагылардын көбүндө бар жана кыргызстандыктар акчаларын жакындарына документтердеги ашыкча талааларын толтурбастан, карталардын узун номерлерин жана башка маалыматты жаттабастан, бир гана алуучунун телефон номерин билсе эле жөнөтүшсө болот»,- деди «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» Дистанттык банктык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Саманчиева.

Толук маалыматты төмөнкү номерлерден алсаңыз болот:

(0312) 61 33 33, 0556 61 33 33,

0701 33 33 69, 0770 33 33 69,

0770 33 33 69 WhatsApp

www.cbk.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан