Улуу Британияга барган туристтер Бернли шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан «ырдоочу даракты» көргүcү келишет. Ал дарак 2006-жылы пайда болгон жана болоттон жасалган. Бийиктиги 3 метр. Бутактардын ордуна ар түрдүү узундуктагы жана диаметрдеги 350 болот түтүк спираль түрүндө жайгаштырылган. Аба түтүктөрдүн ичине кирген кезде конструкциядан үн чыга баштайт. Болот даракты архитектор Майк Тонкин жана ландшафттык дизайнер Анна Лю түзгөн жана ал үчүн 60 000 фунт каражат коротушкан.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg