Дуэт катары чыгып, элге жакшы алынган эки ырчы бар. Сөз төркүнү "60'К" тобунун ырчысы Талант Кадыров менен Айя Садырова жөнүндө экенин байкасаңыз керек. Талант мырза өзүнүн жаңылыктары менен кошо талкууга жем таштаган жеке баракчасындагы билдирүү тууралуу айтып берди.
– Талант, кандай жаңылыктар бар? Жашоодо, чыгармачылыкта?
– Жеке жашоодогу жаңылыктардан айтсам, мурунку берген интервьюдан бери кыздуу болдум. Азыр Кудайга шүгүр, акырындан чоңоюшуп жатабыз. Чыгармачылыкты айтсам, буга чейин ырдап жүргөн “Мерез жүрөк” деген ырды кайра башынан жаңылап аранжировкалап чыгардым. Эл аны Айя экөө ырдаса деп күткөн экен. “Эмнеге жалгыз ырдадың? Айя менен эле ырдасаң болмок. Экөөңдүн ырдап чыгышыңарды күтүп жатканбыз” деген пикирлерин көп айтышты. Айя өзүнчө “Тоо булагы” деген ырды жаңылап ырдап чыкты. Бирок ырларыбыз дуэттерибиздей элге шак алынып кеткен жок. Эми кайрадан 1990-жылдарга кайтып, Кудайберген Кутуев агабыздын “Сүйүү балын” ырдап чыгып, клип тарттырдык. Өкүнүчтүүсү, клипке деп атайы Дубайга барып тартып келген кадрларыбыз жарабай калып, кайра Бишкек шаарынан тартууга туура келди.
– 2019-жылы силер дуэттердин “атасы” болдуңар, бирок жалгыздан ырдаган ырларыңардын чын эле кабыл алынбай калып жатканын байкадым. Эмнеден?
– Биз дагы өзүбүзгө ушул суроону берип көрдүк. Мисалы, “Мерез жүрөк” мага аябай жагат. Муну көп жылдан бери бышырып, бир нече жолу аранжировкасын кайра-кайра жаздырып, быйыл ырдап чыктым. Бирок элге алынбады. Оор ыр болуп калдыбы деп ойлосом, “Сен менин түшүмсүң” сыяктуу эле мааниси терең жакшы ыр. Эл жалгыздан кабыл албай жатат окшойт деп күйөрмандарыбыздын өздөрүнүн суранычы менен дуэт жаздырсак, кайра “Айя Таланттын үй-бүлөсүн бузуп койду, экөөнүн ортосунда бир нерсе бар” деген сыяктуу комментарийлерди жазып чыгышат. “Эл айтса айта берсин, мейли” деп кайра бир жаңы ыр жаздырдык. Менин оюмча, Айя экөөбүз дагы көп ырдайт окшойбуз.
– Башка ырчы кыз менен ырдап чыгып талкууларды токтотуп салсаң кандай болот? Ырчы кыздар көп го, үнүң көбү менен эле төп келсе керек, менимче...
– Жок, башка ырчы кыздар менен ырдап чыкканга аракет кылган жокмун. Эл биринчи кезекте эле “Айжамал Кабылова менен ырдап чыкпайсыңбы?” деп айтат. "Самара Каримова менен ырда" дегендер бар. Эч кимге сунуш кылып көргөн эмесмин, бир гана Айпери Кубик кызына айтып бир ырды сунуш кылдым. Бирок ошол учурда үй-бүлөлүк маселеси менен болдубу, көңүл бурган жок. Ошентип кайра эле Айя экөөбүз бириккенге аргасыз болуп жатабыз (күлүп). Тойго ырыбызды суранып чакырып калышат, бирок чанда, биз сунуштаган баага макул болушса гана барабыз. Мен башынан эле той ырчысы болгум келбейт. Чыгармачылыкка кайтып келгенде “тойго көп барбаган, концерт, гастроль менен алек болгон ырчы болом” деп максат коюп бир жыл аракет кылдым. Ошентип жүрүп бир концерттен Айя менен дуэт ырдап калдык. Эл жакшы кабыл алды, кийин “Келчи, гүлүмдү” чыгардык. Аны да жакшы кабыл алышты.
– Чыгармачылык жараткан абалдан экөөң тең өзүңөрдү ыңгайсыз сезгендей сезилип жатат мага? Ушундай абал барбы?
– Бар. Элдин жаман сөз сүйлөгөнүн же бир кызыктай көз карашта карап жатканын сезип, мен көнүп деле калдым. Анткени эркек киши көтөрүмдүү келет. Айя назик аял. Комментарийлерди окуп алып жүрөгү ооруп калат экен. Ошол үчүн эл алдына чанда чыгып калдык, сөзсүз барыш керек болгон жерлерге эле барып, ортобузга чек коюп калдык. – Жакында Айянын туулган күнүнө карата жазган куттуктооң таң калычтуу болду. “Жүрөгүмдүн терең жериндесиң...” дедиң. Муну менен эмне айткың келди?
– Ачууну ачуу басат дедим окшойт (күлүп). Тамаша, андай деле эмес. Чынын айтыш керек, Айянын кандай адам экенин жакшы билем. Аны мактагандай болбоюн, бирок андай кыз жок го дейм. Ачык сүйлөйт, калп айтканды билбейт. Тааныса да, тааныбаса да 2000-3000 сом муктаж болгондорго берип коёт. Өзүнө жетпей турса да ушинтет. Ушундай сапаттары менен жүрөгүмө кирип кеткен. Сыйлайм, жакшы көрөм, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жүрөбүз. Бирок ортобузда эл ойлогондой эч нерсе жок. Инсан, дос катары жүрөгүмдө деп эле жаздым.
– Аялдык тилектештик катары айтсам, менин күйөөм кесиптешине ошентип жазса, мага оор эле болмок. Жубайыңдын жүрөгүн оорутуп алдым деп ойлобойсуңбу?
– “Муну кандай түшүнсө болот?” деп сурады, албетте. Мен дал сизге түшүндүргөндөй түшүндүрдүм. Өнөр адамынын аялы болуш өтө оор. Голливуд актёрлорундай аны менен өбүшө калган жокмун. Болгону кесиптешим, жакшы санаалаш катары туулган күнүн куттуктадым. Чыдаса жашайт, чыдабаса жашабайт. Мен бул жерден жүрөктү оорута турган иш көргөн жокмун.
– Келинчегиң кыйын аял экен...
– Оор басырыктуу, түшүнүктүү. Кимге турмушка чыгып жатканын башынан эле билчү да. Эң негизгиси, мага ишенет. Ишеничин актайм деп ойлойм. Биз катуу сүйүшүп, мен аны Казакстанга чейин кууп барып үйлөнгөм. Мен анын жанындамын, эл эмне десе да, ал менин ким экенимди, кандай күйөө, кандай ата экенимди билет.
– Аял менен эркектин ортосунда кандай достук болушу мүмкүн?
– Сонун эле достук болот.
– Талкууну аягына чыгарып коёлу, көпчүлүк Айя экөөңдү көп жерден бирге көргөндөрүн эле эмес, окшош кийим кийип алганыңарды да талкуулап жатышат.
– Биз атайын окшош кийим тиктирген эмеспиз. Мисалы, бир дүкөн ачылса бизди “жарнамалап берип койгула, биз менен сүрөткө түшүп койгула, сиздерге кийим белек кылабыз” деп чакырып калат. Адатта ал окшош кийим болуп калат. Болгону ошол.
– Ушуну менен бул теманы жаптык, апаң Рая Нургазиева да ырчы эмеспи, экөөң ырдап чыксаң да өзгөчө болмок болуш керек.
– Андай пландар бар. 10 жыл мурун иним үчөөбүз ырдап жүргөн “Эне тилеги” деген ырыбыз бар. Эми апам экөөбүз ырдап чыгалы деп турабыз. Эне-бала тууралуу сонун ыр чыгарып, клип тарттырсамбы деп ойлонуп жатам.
– Иниң тууралуу айтып берсең, анын мүнөзү кандай, сеники кандай, эркек балдар бири-бирине жөлөк болот деп коюшат го. Силердин мисалыңарда канчалык бул туура?
– Биз иним Самат экөөбүз башкачабыз. Кичинемден мен борборго музыкалык мектепке окууга кетип, ал Ошто калды. Кичинесинде менин колумдан таяк жеп эле жүргөн бала да. Бирок чоңойгондо мүнөзү башкача болду. Кээ бир учурларда келише албай калабыз, бирок катуу урушуп кетпейбиз. Жөн эле телефонду өчүрүп коёбуз, эки сааттан кийин чалып кечирим сурайбыз. Менин дүйнөм азыр шоу-бизнес болсо, ал бул чөйрөдөн алыс адам. Анткени аябай көңүлү калган. Бул тармакты ыплас, интригасы көп деп ойлойт. Жан дүйнөсү ырдоону эңсеп жүрсө да, шоу-бизнеске киргенге коркуусу жолтоо кылат. Аябай таланттуу жигит, менден жакшы ырдайт. Диапазону күчтүү, нотаны бийик алат. Ал шоу-бизнести мурункудай элестетип жүрөт, бирок азыр интернет менен эле атын жасаса болот. Мурункудай эч кимге көз каранды эмессиң, эшик бардык жактан ачык. – Бала бактылуу болушу үчүн ата эмне кылышы керек?
– Балдарыма жатсам-турсам жакшылык тилейм. Мурунку никемден кыздарым бар, аларга каралашып турам. Чоңойгончо бардык милдети моюнумда. Бирок ата катары ишке кармалып, балдарга аз убакыт бөлөм. Мен дагы кичинемде атама (ред.: ырчы Алтымыш Кадыров) көп көңүл бурбайт деп таарынчумун, сагынчумун, үйгө келгенде кадимкидей кубанып, жүрөгүм ыраазы болуп кетчү. Атам ырчы болгон үчүн бизге азыраак көңүл бурчу экенин, ал дагы бир чыгармачылыктын ойку-кайкы жолдорунда болгонун азыр жон терим менен сезип жатам. Ошондо мен аны түшүнчү эмесмин, азыр түшүнөм. Турмуш өзү ушундай экен, чынын айтыш керек, бир жылдан бери мурункудай балдарыма көп убакыт бөлө албай жатам. Аябай жакшы көрөм балдарымды, ошолордун келечеги деп чуркап жүргөнүмдү алар да мендей болгондо түшүнүшөт деп ойлойм.
– Ачык ойлоруң үчүн рахмат, эмки дуэтиң дагы ийгиликтүү болсун!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg