Бириккен Араб Эмираттарында жашаган аял күйөөсүн өзүн «чексиз» сүйгөндүгү үчүн сотко берди.
Аялдын айтымында, күйөөсү экөө жашаган 1 жыл ичинде үйдө дегеле чатак чыккан эмес. Күйөөсү бир да жолу кыйкырбай, алтургай жардам сурабаса деле кээде үй жыйноого жардам бергендигин, тамак да жасай койгондугун айтат. «Мен муктажсыз жашоодо жашагым келбейт, талашып-тартышкым, кээде чатакташкым келет, бирок менин романтик күйөөм менен мындай кылууга мүмкүн эмес. Ал мени дайыма кечирип, белектерге чулгап турат» дейт аял. Күйөөсү болсо жаман эч нерсе жасабаганын, болгону идеалдуу күйөө болгусу келгенин айткан. Күйөөсү соттон аялынын арызын канааттандырбоону суранды. Сот экөөнүн жарашуусуна мүмкүнчүлүк берип, соттук отурумду артка жылдырды.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg