Өлкөдө кандай абал болбосун элди кубантып, сыймыктандыра алгандар бар. Алар спортчуларыбыз. Бул ирет сыймыктануунун себепкери волейболчулар болушту. Волейбол боюнча Кыргыз курамасы Непалда өткөн Азиянын аймактык чемпиондугунда чемпион аталышты. Алдыда аталган турнир, оюнчулар тууралуу сөз болмокчу.
БИР ДА ПАРТИЯДА УТУЛГАН ЖОК
19-24-август күндөрү Непалдын Катманду шаарында волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпиондугу болуп өттү. Чемпиондукка 7 өлкө – Непал, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстан, Мальдив аралдары, Бангладеш жана Кыргыз өлкөсү катышты. Турнир бешинчи ирет өткөрүлүүдө. 2015-жылы Кыргызстан тайпалык мелдештерден чыкпай калган. 2016-жылы курамабыз күмүш медаль тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. Былтыр коло медалга татыса, бул жылы экинчи ирет чемпиондукту багындырды.
Тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан А тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен беттешип, эки команданы тең 3:0 эсеби менен утуп жарым финалга чыкты. Б тайпасында Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш менен Ооганстандын курама командалары өз ара ат салышты. Тайпадан жарым финалга Өзбекстан менен Түркмөнстандын курама командалары чыкты.
Жарым финалда кыргыз волейболчулары бул мелдештин былтыркы чемпиону аталган Түркмөнстан менен ойноп, үч партиянын жыйынтыгында 3:0 эсеби менен утушка ээ болушту. Финалда Өзбекстандын оюнчулары менен кез келип, аларды да 3:0 эсеби менен жеңди.
Курамабыздын оюнчулары Жамалидин Мусаев "Турнирдин мыкты байланыштыруучусу" аталса, Оңолбек Каныбек уулу "Мыкты оюнчу" деп табылды. “БИЗ АР КАНДАЙБЫЗ. БИЗДИН ФИШКАБЫЗ ОШОЛ”
27-август күнү волейболчулар «SUPER MEDIA» пресс-борборунда маалымат жыйын өткөрүштү. Ага Улуттук волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, федерациянын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев, команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудинов, команданын капитаны, турнирдин мыкты оюнчусу Оңолбек Каныбек уулу, оюнчу Нурмухамед Токтоев катышып, алгач оюн, жеңиш тууралуу айтып беришти. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Андрей Анкудинов: – Күйөрмандарыбызга рахмат айтабыз. Баарыңыздардын биз менен кошо толкунданып, колдоп жатканыңыздарды сезип жаттык. Биздин жасагандарыбыз Элмурза Ракиевичке, федерацияга, күйөрмандарга арналат. Бул жылы биз бир да партиядан утулбай рекорд койдук. Биз моралдык, психологиялык даярдыктын бийик деңгээлин көрсөттүк. Дегеним, команда кыйын учурда да өзүнө ишенип, өз каталарын оңдоого аракет кылып жатты. Биз идеалдуулукка умтулабыз. Идеалдуулук, жеңиштерибиз алдыда.
Кылычбек Сарбагышев: – Биздин мындан башка да чоң жетишкендиктерибиз бар. Биринчиси – Орто Азия өлкөлөрүнүн Волейбол федерациялары өзүнчө уюмга бириктик. Ал уюмга учурда Кыргызстан жетекчилик кылып жатат. Экинчиси – Непалда борбордук зонага кирген 14 өлкө арасында чогулуш болду. Чогулушта Кыргызстан 2 жылга Орто Азиянын баш катчысы катары тандалды. Бул да чоң жетишкендик.
Оңолбек Каныбек уулу: – Мен 4 жылдан бери команданын капитанымын. Бирок жоопкерчилигимди быйыл эле сезип жатам. Анткени мурда командада улуу балдар болгону үчүн капитан болсом деле жоопкерчиликти ошолор алчу. Бул жылы команданын эң улуусу мен болуп калдым. Балдарга колумдан келишинче мотивация бергенге аракет кылдым. Аталган турнирге 3 ай даярдандык.
– Волейболдо бой маанилүү да. Кимдин бою эң узун?
О.К.: – Мен азыр 1 метр 96 сантиметр боюм менен командада бою кыскалардын катарына кирип калдым. Эң узун Роман Шилов. Анын бою 2 метр 15 сантиметр. Волейболго бой керек. Бирок бул Нумуга (ред.: Нурмухамед Токтоев) тиешелүү эмес (күлүп).
– Ийгиликтердин сыры эмнеде?
О.К.: – Дүйнөлүк волейболдо оюнчулардын баарынын бойлору узун. Бизде узуну да, кыскасы да бар. Биз ар кандайбыз. Бирок бири-бирибизди толуктап турабыз. Ошол биздин фишкабыз. Ошол себептен күчтүү болсок керек. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып командадагы балдарды мактап кетким келип жатат. Пас берген оюнчу команданын мотору, интеллекти болуп саналат. Бул ролду биздин командада Жамалидин Мусаев аткарат. Ал жакшы шарт түзүп бергени үчүн чабуулдарыбыз жакшы ишке ашты. Биздин оюнчулар ар тараптуу өнүккөн. Жамалидин – жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиону. Темир Муса уулунун да бою узун эмес, бирок бийик секирет, күчтүү. Нурмухамед да бардык позицияда ойной алат. Нурмухамед менен Жамалидин алмашкыс оюнчуларыбыз.
Биз бир туугандайбыз, бир үй-бүлөбүз. Кылыч байке улуу агабыз. Машыктыруучубуз атабыз. Элмурза Ракиевич чоң атабыз. Кылыч байкеге эркелейбиз. Бизде бир жакшы салт бар, утушка жеткенибизде Кылыч байке машыктыруучубуз экөө таттууларды алып келип бизди сыйлашат. Ал учурда режимди бузуп торт жеп, пепси-кола ичсек болот.
– Волейбол менен профессионалдык деңгээлде машыгуу үчүн эмне керек?
Элмурза Сатыбалдиев: – Башка мамлекеттерге сборлорго чыгыш керек. Бизде ал үчүн каражат жок. Волейбол федерациясы бардык өлкөлөрдө коомдук бирикме катары иш алып барат. Бирок мамлекет тарабынан каржыланып, көзөмөлдөнүп турат. Бизди мамлекет каржылабайт. Мен мамлекетке шек келтирип, бизди карабайт деп айтпайм. Мамлекет 2017-жылдан баштап бизге көңүл бура баштады. Чет жакка чыкканыбызда каржылайт. Биз уят кылбай, алтын, күмүш алып келип жатабыз.
Каражаттын жетишсиздигинен спортчуларыбызга жетишерлик деңгээлде кам көрө албай жатабыз. Спортчу биз жеген тамактан 2 эсе көп жеши керек, өсүшү керек. Машыгуулар заманбап залдарда өткөрүлүшү зарыл. Бирок андай шарттарыбыз жок туруп деле оюнчуларыбыз өлкөгө жакшы жаңылыктарды алып келип жатышат. Былтыр Азия оюндарында казактардын курама командасын жеңип алдык. Казактар 90 жыл мурун федерация түзүп, биринчи оюнду Кыргыз ССРи менен өткөргөн. Ошондон бери бизге утушту бербей келе жатышкан.
Быйыл Кыргыз волейболуна 90 жыл болду. Күзүндө чоң волейбол фестивалын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ага чейин чоң мелдештерге барбайбыз.
– Мамлекеттин атынан жеңишиңиздерди куттукташтыбы?
Э.С.: – Жеңишке жетерибиз менен меценат Аскар Салымбековдун куттуктоосун алдык. Мамлекет да кайдыгер карабаса керек. Агенттик, өкмөт, Жогорку Кеңеш, перзидент бар. Бирөө-жарым чыгып куттуктаса керек.
– Жеңиштен кийин чет элдик клубдардан кызыгуу болдубу?
К.С.: – Азыр 3-4 оюнчуга келишим бар. Сунуш келсе эле жиберип койбой, туура өлкөнү, туура клубду тандап, балдарга бардык шарттар түзүлүп бериле тургандай келишим түзүшүбүз керек. Оңолбек бул жылы акчасын көбөйтүп беришсе да, мекенчилдик сезимдеринен улам Таиландга баруудан баш тартты (ред.: Оңолбек Каныбек уулу 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын апрель айына чейин Таиланддын "Эйр Форс" клубунда ойногон). Калды, окуусун аяктады, кубок алып келди, кандай керемет!
– Олимпиадага чыгыш үчүн кандай даярдыктар керек? Качан катышуубуз мүмкүн?
К.С.: – Дүйнөдө 200дөн ашык федерация болсо, алардын ар биринин максаты – олимпиада оюндарына катышуу, медаль алуу. Биздин андан башка чоң максатыбыз бар. Кыргызстанда волейбол федерациясы 13 лиганы жетектейт. Анда 12 жаштан баштап 75тен жогорку жаштагылардын да командалары бар. Негизги философия олимпиадага чыгып утуу эмес, өлкөнү ынтымакка чакыруу, өспүрүмдөрдү көчө таптагандан, тамеки чегип, ичимдик ичкенден, интернетке көз каранды болуудан алыстатуу, патриоттук сезимдерин ойготуу.
– Элмурза Ракиевичтен спортко тиешеси жок суроо сурабасак болбос. Буга чейин Башкы прокурор болуп иштедиңиз. Сот жообуна да тартылдыңыз. Эми саясатка аралашасызбы?
Э.С.: – Сөзсүз. Кызматыма байланышкан туура эмес көрүнүштөр болгон болсо, жоопкерчилик алдым. Тайманбай мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн жооп бердим. Күнөөлүүмүнбү, жокпу ал башка сөз.
Мындай жетишкендиктен кийин саясатка аралашпайм десем уят. Артымда мындай балдарым турат. Мен эл өкүлү болуп Жогорку Кеңешке барганга даярмын жана каалоом бар.
Перизат Музуратбекова
sport@super.kg