ASTRO ТОБУ

Биздин Инстаграм баракчабызга келген окурмандардын суранычын аткарып, бул ирет түштүк кореялык «Astro» тобу тууралуу маалымат берүүнү чечтик. Топ былтыр Алматы шаарында өткөн «Star of Asia» эл аралык фестивалына катышкан. Сахнага чыгып ырдап, бийлеп бүткүчө аларды колдогон күйөрмандардын кыйкырыгы басылбай турган эле. Кийин топтун жигиттери менен маектешкен журналисттерге ырчылар «бизде Борбор Азия эли бизди тааныйт болду бекен деген санаркоо бар болчу. Аэропортко келип конгонубузда жүздөгөн күйөрмандар тосуп алышты. Абдан кубандык» деп маек беришкен. Буюрса, келечекте корей жылдыздары Кыргыз жергесине да келип, күйөрмандары менен жолугушчу күн алыс эместир.

Түзүлгөн жылы
– 2015-жыл, 14-август

Өлкөсү – Түштүк Корея

Топтун курамы 6 жигиттен турат - Jin Jin, MJ, Ча Ыну, Мунбин, Роки, Санха

Лейбл – Fantagio Entertainment

Фан клубунун аталышы – Aroha («сүйүү» деген маанини билдирет)

ASTRO - ЖЫЛДЫЗ

«Fantagio» агенттиги бойз-бендди эл алдына алып чыгуу үчүн 7 жыл даярдык көргөн. Башка агенттиктер ырчыларын эл алдына өзгөчө ыр же бий менен алып чыкса, «Fantagio» «Astro» тобун эң алгач дорама аркылуу көпчүлүккө көрсөткөн. 15 мүнөттүк 12 сериядан турган сериалда топтун катышуучулары ар кимиси өзүн ойнойт. Айдол-топтун акырындап жетишкен ийгиликтери тууралуу баяндалган дорама «Уландысы бар» деп аталат. Испан тилинен которгондо «жылдыз» дегенди түшүндүргөн «аstro» сөзү чыгармачыл топко жагып, жылдызы жансын деген тилек менен бойз-бенд ушул аталышка ээ болгон.

ДЕБЮТ ЖАНА АКШны БАГЫНТУУ

Дорамадан кийин ар кандай шоу-берүүлөргө катышып жүзүн, атын тааныткан топ музыкалык дебютун 2016-жылдын 23-февралында жасаган. Дебютта "Spring Up" аталышындагы кичи-альбом элге тартууланып, андагы башкы чыгарма катары «Hide & Seek» ыры жаңырган. Альбом чыккандан бир жума өтпөй Түштүк Кореядагы Gaon Music Chart чартында 4-орунга чыкса, АКШдагы Billboard музыкалык чартында 6-орунга илинген. Дебюттук альбом менен дүйнөлүк рынокто ийгилик жаратуу жеңил иш эмес. Бирок «Astro» чыгармачылык жолун чоң ийгилик менен баштаган.

ДЕБЮТ... ДҮЙНӨЛҮК ТУРНЕ

2016-жылдын 1-июлунда топтун экинчи «Summer Vibes» аталышындагы кичи-альбому жарык көргөн. Кайрадан дүйнөлүк музыкалык чарттарда жаңырган «Astro’нун» ырлары топтун популярдуулугун арттырган. Музыкалык дебюттан кийин 6 ай гана өткөн соң топ Сеул шаарында чоң программадагы жеке концертин берген. Арты артынан хит чыгармаларды жараткан топ 2017-жылы дүйнөлүк турнеге аттанган.

Учурда топ жаңы чыгармаларды жаратуудан сырткары ар кандай шоулорго катышып, киного тартылып, таланттарын ар тараптан өнүктүрүп жаткан чагы.

P.S. Топтун мемберлери тууралуу кенен маалыматка кийинчерээк токтолобуз.

MJ

Толук аты-жөнү – Ким Мён Жун

Туулган жылы – 1994-жыл, 5-март

Туулган жери – Түштүк Корея, Сувон

Бою – 175 сантиметр

Топто – башкы вокалист

JIN JIN

Толук аты-жөнү – Пак Жин У

Туулган жылы – 1996-жыл, 15-март

Туулган жери – Түштүк Корея, Ильсан

Бою – 174 сантиметр

Топтун лидери, башкы рэпер, бийчи

ЧА ЫНУ

Толук аты-жөнү – Ли Дон Мин

Туулган жылы – 1997-жыл, 30-март

Туулган жери – Түштүк Корея, Кунпхо

Бою – 183 сантиметр

Топто – ырчы, топтун жүзү

Ча Ыну «ID – Каннам сулуусу», «Топ менеджмент», «Хит», «Жаш тарыхчы Ку Хэ Рён» жана башка дорамаларга тартылган.

МУНБИН

Толук аты-жөнү – Мун Бин

Туулган жылы – 1998-жыл, 26-январь

Туулган жери – Түштүк Корея, Чонжу

Бою – 181 сантиметр

Топто – ырчы, бийчи

РОККИ

Толук аты-жөнү – Пак Мин Хёк

Туулган жылы – 1999-жыл, 25-февраль

Туулган жери – Түштүк Корея, Кунпхо

Бою – 183 сантиметр

Топто – ырчы, топтун жүзү

САНХА

Толук аты-жөнү – Юн Сан Ха

Туулган жылы – 2000-жыл, 21-март

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул

Бою – 181 сантиметр

Топто – ырчы, топтун эң кичүүсү

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Afrodita1993
2021-05-06 00:27:41
ЧаЫну
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан