АЙБЕК ДАЙЫРБЕКОВ СҮМБҮЛ АГА МЕНЕН БИР ФЕСТИВАЛДА

24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында IV эл аралык “Күмүш ак боз ат” кинофестивалы болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн режиссёрлор Бекзат Пирматов, Айбек Дайырбеков, Ибадылла Ажыбаев, Бегай Шаршенова катышты. Жыйынтыгында мурунку КВНчи Бекзат Пирматов “Аврора” тасмасы үчүн “Мыкты режиссёр” аталып, Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” мюзикли Башкортостандын кинематография союзунун "Улуттук дух үчүн" атайын байгесине татыды.

Эми элдин бүйүрүн кызыткан сүрөткө кайрылалы. Айбек Дайырбековдун Түркиянын популярдуу “Даңазалуу доор” сериалында Сүмбүл аганын ролун жараткан актёр Селим Байрактар менен түшкөн сүрөтү кызыгуу жаратты. Айбек мырза бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

– “Дарак ыры” тасмабыз Уфа шаарында өткөн “Күмүш ак боз ат” кинофестивалдын атайын байгесине татыды. Бул жакка түркиялык актёр Селим Байрактар, орусиялык актёрлор Борис Щербаков, Игорь Петренко, Владимир Вдовиченков келишти.

Сүрөт боюнча айтсам, актёр менен бир мейманканада жашап, күндө көрүшүп жаттык. Элдин баары жанына барып сүрөткө түшүп жаткан. Мен да барып таанышып, “жубайым үчүн сүрөткө түшүп коёлу” десем, каткырып күлүп түшүп берди. Анын эч кандай жасалмалуулугу жок, жөнөкөйлүгү жакты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Isikkolumkeremet
2019-09-02 10:42:23
Ийгилик
+1
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан