Акылбек Жапаров, «Ар-намыс» саясий партиясынын штаб жетекчиси: «АР-НАМЫС» КЫРГЫЗДЫН КӨЧҮН ТҮЗДӨЙ АЛАРЫНА ИШЕНЕМ»

– Акылбек мырза, айтсаңыз, сиз «Ар-намыс» партиясына эмне үчүн кошулуп калдыныз?
– Биз 2005-жылы жалпы революциячылар чогулуп, партияларга мүчө болууну токтотконбуз. Андан бери бир да партияга мүчө болуп кирген эмесмин. Азыркы парламенттик шайлоодо кайсы партия көп упай топтосо, анын лидери премьер-министр болот жана анын жоопкерчилиги өтө чоң. Ушундан улам менде «кайсы партияга мүчө болсом, келечекте кыргыздын көчүн түздөй алабыз?» деген ой пайда болду. Ошондуктан бийликке келе турган партиянын лидери өлкөгө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу менен бирге экономикабызды өнүктүрүүдө тажрыйбасы бар, бардык жактан бышып жетилген инсан болуусу зарыл. Андыктан “Ар-намыс” партиясынын программалары менен кеңири таанышып чыгып, лидери Феликс Шаршенбаевич мындай талапка жооп берет деген чоң ишеним менен мүчө болуп кирдим.
– «Ар-намыс» саясий партиясы азыркы учурдагы өлкө ичинде болуп жаткан кырдаалга кандай баа берет?
– Биз бүгүн сөздөн ишке өтүүбүз шарт. Себеби Кыргызстан 20 жыл аралыгында эки революцияны башынан өткөздү. Андыктан жалпыбыз жапа тырмак киришүү менен бирге келечегибиздин көчүн түздөөгө аракетибизди жумшасак жана кадрларыбыздын иш жөндөмүнө чоң көңүл бурсак, өлкөбүз жакынкы 10 жыл аралыгында өнүгүү жолуна түшөрүнө толук ишенем.
– Өнүгүү дегенибиз менен, элет жери эске алынбай жатат. Ошондуктан элет жеринин турмушун оңдоо үчүн кандай аракеттерди жасоо керек?
– Элет жеринин жашоочуларынын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбасы менен жан багып келерин эске алуубуз кажет. Андыктан дыйкандарыбызга жайды жайлай эмгектенген мээнети текке кетпей турган шарттарды түзүп берүүбүз керек.
Мал чарбасын алып көрсөк, Кыргызстандын малы коңшу Казакстандан башка өлкөлөргө экспорттолбой келген. Эми казак туугандар да биздин малды албай калышат. Себеби казактар мал чарбачылыгын паспорттоштурууну быйыл бүтүрүү аракетин көрүп жатышат. Демек, казак туугандар да мындан ары биздин малды жылына канча эмдөөдөн өткөргөндүгү тууралуу кагаз жүзүндөгү документти талап кыла башташат. Ошондуктан биз айыл чарба өсүмдүктөрүнө лабораториядан сертификаттарга, ал эми малга «эч кандай оорусу жок» деген тактамаларга ээ болсок, жеке эле Казакстанга эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө 50-60 % кымбат баада сатууга шарттар түзүлмөк. Мындан тышкары дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруп берсек, элет жеринин жашоо-турмушу кыйла оңолоруна ишенем.
– Бүгүнкү күндө бир топ партиялар өз ара макулдашып, окшош максаттуулары биригүүдө. «Ар-намыс» партиясынын дагы башка партиялар менен биригүү пландары барбы?
– Эгерде “Ар-намыс” партиясынын программалары көңүлүнө төп келип, биздин жобонун (устав) негизинде кызматташам деген партия лидериби же карапайым жаран болобу, каалагандар кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эльвира Караева
koom@super.kg


ПАРТИЯНЫН УСТАВЫ

“Ар-намыс” партиясынын негизги максаттары жана алдыга койгон маселелери:

  • Партиянын башкаруу органдары койгон партиянын Программасын, конкреттүү маселелерин ишке ашыруу;
  • Колдонуп жаткан мыйзамдарга ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын ишмер-дүүлүгүнө жана аны түзүүгө катышуу, Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарга шайланууга өзүнүн талапкерлерин көрсөтүү, өкүлчүлүктүү органдарда өзүнүн фракциясын түзүү;
  • Башка саясий жана коомдук уюмдар менен биригүү, блок, коалиция түзүү;
  • Жана башка Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген, экономикалык жактан өнүккөн, чыныгы укуктук, демократиялык мамлекет жана ачык жарандык коом түзүүгө багытталган иштерди жасоо.

Партияга мүчөлүк. Партиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери:

  • Партияга партиянын Уставын жана Программасын толук тааныган, партияга кирүү взносун төлөгөн жана партиянын иш-аракеттерине каршы болбогон, 18 жашка толгон, партияга өз ыктыяры менен өткөн, акыл-эси соо Кыргыз Республикасынын жарандары мүчө боло алышат.
  • Жарандарды партиянын мүчөлүгүнө кабыл алуу анын жазган арызы боюнча, жашаган жериндеги баштапкы уюмдун чечими аркылуу, баштапкы уюм болбосо, Саясий Кеңешке кат жүзүндө кайрылуулары менен ишке ашат.

Партияга мүчө болуу – ар кимдин жекече ыктыяры

Партиянын мүчөсүнүн укугу:

  • Баштапкы уюмдун иштерине катышууга;
  • Мүчөлүк акынын көлөмүн жана тартиптерин Саясий Кеңеш белгилеген инструкциясына ылайык, өз каалоосу менен мүчөлүк акыны төлөө;
  • Партиянын жетекчи органдарын шайлоого жана шайланууга;
  • Жыйындарда чечим кабыл алынганга чейин өзүнүн ой-пикирин ачык айтып, коргоого;
  • Партиянын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу сунуштарды киргизип, суроолору боюнча кайрылып, аларга жооп алууга;
  • Партиянын чогулуштарына жекече катышууга;
  • Партияга моралдык, материалдык жана башка жардам көрсөтүүгө жана ошондойлорду алууга;
  • Ушул Уставды танган, партиянын Программасына макул эмес адамдар каттоодон өткөн уюмуна кат жүзүндө билдирип, өз ыктыяры менен партиядан чыгып кетүүгө акысы бар.
  • Партиянын ишине зыяндуу, уятка калтырган аракеттери үчүн партиянын мүчөсү баштапкы уюмдун, Саясий Кеңештин чечими менен партиялык жоопкерчиликке тартылат же мүчөлүктөн чыгарылат. Партиядан чыгаруу чечими тууралуу партиянын жогорку органдарына даттанууга болот. Партиянын мүчөсүнүн макулдугу жок ал жөнүндөгү маалыматтар, партиянын мүчөсү экени купуя бойдон калып, жарыялоого болбойт.
  • Партияга мүчөлүк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик кызматтарды аткаруу мезгилинде убактылуу токтотулат.
  • “Ар-намыс” партиясынын мүчө-лүк күбөлүгү катталган жерден берилет.

Партиянын мүчөсүнүн милдети:

  • Ушул Уставды так аткаруу;
  • Партиянын Программасын жана чечимдерин ишке ашыруу үчүн активдүү катышуу;
  • Партиянын иштерине иш жүзүндө катышуу;
  • Партиянын алдында өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу;
  • Партиянын биримдүүлүгүн сактоо;
  • Партиянын курамында өзүнчө фракцияларды жана башка саясий кыймылдарды түзүүгө жол бербөө;
  • Партия жана анын аймактык филиалдары менен органдары кабыл алган чечимдерди аткаруусуна тоскоолдук кылбоо;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарган, мыйзамдарга баш ийген жаран болуу.


“АР-НАМЫС” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоого карата “Ар-намыс” саясий партиясы экономикалык сунуштар боюнча сынак жарыялайт.

Сынактын шарты:

  1. Сунуштар экономикалык, саясий, социалдык, укук коргоо жана партиянын Программасынын башка бөлүмдөрүнө тиешелүү болушу мүмкүн. Сунуштун маңызы так чаралардан туруп, аны жакынкы 2-3 жылда иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болушу шарт. Андан сырткары экономикалык жактан негизделген, милдеттүү түрдө каржылык булактарын көрсөтүшү кажет. Айрыкча белгилүү бир айыл, айыл өкмөтү, район, шаар жана облустарды өнүктүрүү боюнча так сунуш жана долбоорлор кубаттоо менен кабыл алынат.
  2. Негизги тилдер – кыргыз жана орус тилдери.
  3. Чыгармаларды эки нускада кагазга бастырылган жана конвертте салынган боюнча алып келүү зарыл. Анын сыртында катышуучунун байланышуучу маалыматы жана реквизити болушу шарт. Жазууну (DVD, CD, Flash card) маалымат ташуучуга көчүрүп, сынактык комиссиянын атына талапкердин атынан тийиштүү кат менен алып келсе да болот.
  4. Бардык иштерди төмөнкү дарек боюнча алып келүүгө болот: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү- 21, тел. 0 312 32 55 14 же e-mail: ar-namys2010@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.
  5. Билдирме жана долбоорлорду жөнөтүүнүн акыркы мөөнөтү 2010-жылдын 20-августуна чейин.

Сиздин сунуштарыңызды партиянын жетекчилиги карап чыгып, эң мыкты иштер партия тарабынан пайдаланылат. Ал эми анын авторлору сыйлыкка ээ болушат.
Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн бардык иштер кайра кайтарылбайт жана катышуучуларга түшүндүрмө берилбейт.

Сыйлык фонду 155 000 сом
1-орун (1 катышуучу) 50 000 сом
2-орун (2 катышуучу) ар бирине 30 000 сомдон
3-орун (3 катышуучу) ар бирине 15 000 сомдон

Кыргызстандын элинин жашоосун жакшыртууга болгон аракетти чагылдырган жана мекенчил сезимдерди козгогон “Ар-намыс” саясий партиясынын эң мыкты девизи, жарнамалык девиз (слоган), лозунг, чакыруу, эки сап жана төрт саптуу ырына карата.

Сынактын шарты:

  1. Тандап алуунун жагдайлары: “Ар-намыс” партиясынын аталышын алга сүрөө, күчтүү жана эсте калган берүү, креативдүү, актуалдуу, уникалдуу, заманбап, жөнөкөй жана конкреттүү.
  2. Негизги тилдери – кыргыз жана орус тилдери.
  3. Чыгармаларды эки нускада кагазга бастырылган жана конвертте салынган боюнча алып келүү зарыл. Анын сыртында катышуучунун байланышуучу маалыматы жана реквизити болушу шарт. Жазууну (DVD, CD, Flash card) маалымат ташуучуга көчүрүп, сынактык комиссиянын атына талапкердин атынан тийиштүү кат менен алып келсе да болот.
  4. Бардык иштерди төмөнкү дарек боюнча алып келүүгө болот: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү- 21, тел. 0 312 32 55 14, же e-mail: ar-namys2010@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.
  5. Билдирме жана долбоорлорду жөнөтүүнүн акыркы мөөнөтү 2010-жылдын 20-августуна чейин.

Сиздин сунуштарыңызды партиянын жетекчилиги карап чыгып, эң мыкты иштер партия тарабынан пайдаланылат. Ал эми анын авторлору сыйлыкка ээ болушат.
Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн бардык иштер кайра кайтарылбайт жана катышуучуларга түшүндүрмө берилбейт.

Сыйлык фонду 31 000 сом
1-орун (1 катышуучу) 10 000 сом
2-орун (2 катышуучу) ар бирине 6 000 сомдон
3-орун (3 катышуучу) ар бирине 3 000 сомдон

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ceed
2010-08-07 21:27:52
Кыргызстан озу кичине болсо, а партиялары 99та! Ар бирин партияга болунуп, атаандашкандан коро бири-бирине жардам берип Кыргызстандын келечегин ондоого оюнар барбы деги?! Бул жакта ситуация оор болуп турса, а силер озунорго партия тандамай менен убарасынар!
0
Ayima
2010-08-08 00:10:43
oi bular jaritpait dagi ele baiagilar uyattari jok eken kaisi betteri menen kaira kelip jatishat
0
Elit
2010-08-08 09:33:43
Акылбек мырза уялсаныз боло.
0
adilxx
2010-08-10 16:11:41
bailyk mene biiliktin kuldary ! bulardan jakwylyk kutup bolboit!! jyrgatsa 19 jyldan bei jyrgatpait bele ! teskerin4e artka tartyp kelatywat,"oosu menen orok orup .... menen mawak teriwet!uyalbai dagy kalywyptyr ! betteri bywyp kalyptyr , bulardyn betterin ortow kerek!xexexe
0
Ceed
2010-08-19 13:04:12
Ар бир областан бирден партия тузуп курамы бутундой жаштардан турган, ошолор аймактардагы элдин койгойлорун жергиликтуу эл менен талкуулап суроого коюлган маселени президенттин алдына алып чыгуу системасын орнотуу керек, ошондо жаны муун бийликке аралаша баштайт жана жаш муун бул лидерлерге караганда таза,аракетчил иштейт. Ошондо эл менен бирге иш алып баруу системасы да конкреттуу турдо орнолот, ошондо Кыргызстанда бир аз алга карай онугуунун жыты жыттана баштайт!
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан