КЫРГЫЗ АКТЁРЛОРУ КОРЕЙ РЕЖИССЁРУ КИМ КИ ДУКТУН ТАСМАСЫНДА

Кореялык белгилүү режиссёр Ким Ки Дук Кыргыз жерине келгени тууралуу жазганбыз. Дүйнөгө таанымал легендарлуу режиссёрго мекенибиз жагып, кино тартканы маалым болду. Ким Ки Дуктун жардамчысы Василий Цай менен байланышып, режиссёрдун жаңы эмгеги тууралуу сурадык.

– Маэстро Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Ысык-Көлгө, тоолорго, жайлоолорго аябай суктанды. Андан сырткары Бишкектен аралаш жанрдагы жаңы кино тартты. Тасма “Кудайдын коңгуроосу” деп аталат. Сүйүү эмне деген темага тасма аркылуу жооп тапканга аракет кылдык. Тасмада баш каармандын ролун казак актрисасы Жанел Сергазина менен кыргыз актёру Абылай Маратов ойношту. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, Сакыбек Карабаев, Мирлан Абдулаев, Назбийке Айдарова, Тынчтык Абылкасымов, Өмүрбек Израилов, Нышан Топчубаев да роль жаратышты.

Ким Ки Дукту Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы маңкурттун окуясы да абдан таасирлентип, кийинчерээк маңкурт темасында тасма тартам деп калды,- дейт Василий Цай.

Кореялык атактуу режиссёрдун Кыргыз жерине келип тасма тартканы бизди абдан кубандырат. Дал ушул тасма келечекте режиссёрдун колунан жаралган дагы бир шедевр болуп калса ажеп эмес.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rus.89
2019-09-04 12:33:09
Атактуу режисердун келгени жакшы дечи. Бирок кинону Кудайдын конгуроосу дебей эле башка ат менен кино тартпайбы. Мусулманчылык боюнча бул болбойт деп ойлойм. Андан тышкары Манкурт жонундо кино тартам дептир. Манкурттан башка чыграмалар жок калыптырбы. Кыргыздын жеринде биздин башка жакшы жактарыбызды корсоткон кино тартса болбойбу
0
Rus.89
2019-09-04 12:34:02
Манкурттан башка биздин коптогон жакшы чыгармаларыбыз бар
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан