Рамазан айыңыз кут болсун!
Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин жыйынында ушул жылдын 11-августу Орозо айынын алгачкы күнү деп белгиленди. Андыктан орозо кармоого ниет кылган мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, орозоңуздар кабыл болсун дейбиз.
ОРОЗО – ТАРБИЯЛООЧУ ЫЙЫК КҮЧ
Орозо – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн-өзү тыюусу.
Рамазан айындагы бир айлык орозо исламдын 5 парзынын бири болуп саналат. Мухаммед пайгамбар: “Ислам беш нерсенин үстүнө курулган. Алладан башка кудай жок. Мухаммед Алланын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы жеткендер ажылыкка баруу”,- деп айткан.
Орозо – мусулман, акыл-эси толук жана балакат жашына келген (орточо 15 жаш) бардык адамдарга парз болуп эсептелет. Балакат жашына чейинки жаш балдар (7-15 жаш) туткан орозо да кабыл болот.
Айыз (этек кири) жана нифас (төрөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң, тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.
Орозо кармагандын эрки күчтүү болот. Мээ кайнаткан ысыкта таңдайы катып суусаса да, оозуна бир тамчы суу албайт.
ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗО ЖЫЛ САЙЫН ТҮРДҮҮ МЕЗГИЛДЕРДЕ КАРМАЛАТ?
Биздин чөлкөм күн календары менен жашайт. Ал эми исламдын жыл санагы ай календары менен эсептелгендиктен, аны күн календарына салыштырганда 12 күнгө аз келет. Ошондуктан ар жылы Рамазан айы жылып отургандай сезилет. Жай мезгилине туш келген орозо башка мезгилдеги орозодой эле болот. Болгону, орозо кармаган адам чын ыкласы менен орозо кармап, ыйман келтириши керек.
ОРОЗО КАРМАБООНУН КЕЧИРИЛЧҮ СЕБЕПТЕРИ
ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗАТ?
ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ?
ОРОЗО КАРМАП АРЫКТАЙМ ДЕЙСИЗБИ?
Орозо айында организм чегинен тышкары иштесе да адам арыктабайт. Анткени орозо денеге керектүү азык-заттардын өз өлчөмүндө болушун талап кылат.
Орозо айында аз да болсо кээ бир адамдарда күтүлгөн арыктоо орозо кармоодон эмес, уйкусуздуктан жана эс алуу убактыларынын азайышынан улам пайда болот.
Кээде адам орозо кармоодон улам семирип кетиши да мүмкүн. Анткени орозо тамакты бат сиңирүүгө ыңгай түзөт. Орозо учурунда адамдын тамакка болгон табити көбүрөөк ачылып, тамак сиңирүү системасы жакшы иштей баштайт. Ашказан бош болуп турганда дене дайыма жеңил болуп, жакшы иштейт.
ОРОЗОГО КАЧАН, КАНТИП НИЕТ КЫЛЫНАТ?
КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН АЙЫ
Рамазан – кечирим, мээримдүүлүк, береке жана жакшылыкка толгон убакыттардын эң касиеттүүсү, он эки айдын эң кайрымдуусу. Ошондуктан бул айда чын ниети менен Аллага тобо келтирип, жалбарган адамдардын күнөөлөрү кечирилет. Рамазан айында орозо кармагандын касиети ушунчалык көп жана берекелүү. Ошондуктан ал соопторду ар кандай өлчөм-ченемге сыйдыруу мүмкүн эмес. Орозо кармаган адам өзүнүн колу-бутун, көз-кулагын, тилин жаман нерселерден сактай билүүсү, башкача айтканда, арам нерселерден коргонуусу, бирөөлөр менен талашып-тартышпоосу зарыл.
10-СЕНТЯБРЬ, ЖУМА КҮНҮ – ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ
16-ноябрь, шейшемби күнү – Курман айт майрамы.
Эскертүү! Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусу боюнча 1 күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Битир-садага киши башына 14 сомдон.
СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
“Навайту ан асуума савма шахри рамадана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.
Кыргызча мааниси:
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллаху акбар”.
ИФТАРДА ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаа ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар роохимиин”.
Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.
Рамазан айынын 26-27не караган түн – Кадыр түн.
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек убактысы менен берилди. Ош аймагы 15 мүнөт кийин.
Бир собол
– Исламда бардык нерсенин өз орду бар, сиздин оюңузча, орозонун исламдагы чыныгы орду, табияты кандай?
Мыктыбек ажы Арстанбек,
тележурналист:
– Чынында, кээ бирлер орозону арыктоо үчүн кармашса, кимдир бирөөлөр ыйманын бекемдөө үчүн, үчүнчүлөрү жөн гана милдетин аткаруу үчүн кармашат. Исламды көтөрүп турган беш түркүк – күбөлүк келмеси, беш убак намаз, орозо, зекет, ажылык. Ар бири мусулмандын жеке аткара турган, анын исламын тургуза турган милдеттүү ибадаттар. Мисалы, сиз миңдеген кыш куйдуңуз, токойдон жыгач кыйдыңыз, аны бутап, тактай кылып тилдиңиз, бирок эмнеге? Эгер там салбасаңыз кынаган ташыңыздан, куйган кышыңыздан не пайда? Эмнеге сиз беш убак намаз окуйсуз? Кышында тоңуп, жайында кайнап орозо кармайсыз? Байлыгыңыздан бөлөсүз жана алыска ажылыкка аттанасыз? Албетте, Алланын ыраазычылыгы үчүн, бирок Ал сиздин ибадаттарыңыз толук максатына жеткенде гана ыраазы болот. Ошондуктан орозо – ибадаттардын төрөсү. Мусулман психологиялык, физиологиялык ар кандай шартта моюн сунуу, мусулман болуу абалын жоготпоо керек. Орозо зор эркти талап кылып, эрк-акылдын негизинде ыктыярдуу ишке ашса, ага өтө зор сооптор убада кылынат.
– "Орозо диета кармоого чоң өбөлгө" делет. Орозо кармап арыктайм деген ой болду беле?
Фарида Карбосова,
ырчы:
– Кичинекей кезимде чоң энем менен бирге орозо кармайм деп алып, уурданып тамак жеп алат элем. Негизи, орозо кармабай эле диетага отурам. Камыр тамактарды жегенди токтотсом эле арыктап кетем. Тескерисинче, орозо семиртет, себеби орозо кармаган адам күчтүү тамактарды жейт, анан уктайт. Уйку менен күчтүү тамак семиртет да. Эмнегедир орозо кармай албайм. Бирок кармоого ниеттенип жүрөм.
– "Машыгууну ачка эле баштаган оң" дешет. Орозо кармап жүрүп машыгууга барган учуруңуз болду беле?
Атай Койчукулов,
балбан:
– "Ачка болуп туруп машыгуу керек" дегенге толугу менен кошулам. Мен 4 жылдан бери орозо кармап келем. Орозонун касиети күч экендигин мындан билиңиз, Москвада өткөн турнирде орозо кармап машыкмак тургай, 1-орунду жеңип алгам. Чын ниетим менен орозо кармап, ошол эле убакта спорттон ачка болуп алсырабай, кайрадан күч-кубат алам. Байкап көрсөм, жеңишке жеткен ийгиликтерим орозо кармаганда ишке ашат.
«Супердин» сурак бурчу
БЫЙЫЛ ОРОЗО КАРМАЙСЫЗБЫ?
Айгүл,
22 жашта, студент:
– Ата-энемдин таасиринен болсо керек, 8 жылдан бери орозо кармап келем. Быйыл орозо жай мезгилине туш келгендиктен, "суусап кетсем кантип чыдайм?" деп өзүмдөн чочулап турам. Бирок улуулар “орозонун касиети күч” деп айтышат. Эми убакыт көрсөтөт го...
Рахимжан,
50 жашта, ашпозчу:
– Негизи, орозо кармаганыма 10 жылдын жүзү болду. Бул жолу да орозо кармоого ниетим бар. Быйыл өлкөбүздө көп жаман окуялар болуп кетти. Ошон үчүн мусулмандар орозо кармап, жакшы тилек кылалы. Тактап айтканда, Алладан элге тынчтык, бейкуттук, ынтымак, ырыс, анан ыйман сурайлы.
Даткайым,
17 жашта, окуучу:
– Жок, орозо кармабайм. Орозо тууралуу кенен түшүнүгүм жок. Анын үстүнө ден соолугума байланыштуу да кармай албайм. Окуучумун, азыр эс алууда жүргөндүктөн, суусундук сатам. Ысык күндө орозо кармап алсам, өзүм саткан суусундуктан ичким келе берсе керек. Студент болгондо орозо кармайм деген ойдомун.
Нурдин,
36 жашта, айдоочу:
– Мен орозо кармабайм. Буга чейин кармаган да эмесмин. Себеби орозо кармоо үчүн ал жөнүндө жеткиликтүү түшүнө билүү керек. Көпчүлүк адамдар диндин кадырын жаман кылык-жоруктары менен кетирип жатышат. Орозо кармоону ниет кылган адам өзү моралдык жактан даяр болушу керек. Ошондо гана орозонун сообу тиет.
Топчубай,
68 жашта, инженер-механик:
– Мектепте окуган кезде кызыгып 3 күндөн эле орозо кармачумун. Азыр орозо кармабайм. Анткени орозо кармабай деле Кудайга ишенсе болот жана ишенем. Дин жакшылыкка үндөйт. Жаратканга шүгүр, мусулманмын. Бирок айтып кеткендей, бала кездегини кошпогондо ушул жашка келгени орозо кармай элекмин.
Кудайберди,
60 жашта, мугалим:
– Баткенденмин, бул жакка баламдын үйүнө келгем. Бардык мусулмандардай эле мен да ыйык Рамазан айын чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Көп жыл мурда да орозо жайкы чилдеге туш келген эле. Чын жүрөгүм менен берилип ошондо деле кармагам, быйыл да кармайм. Орозо адамды ток кармайт, суусатпайт.
Айшакан,
55 жашта, үй кожойкеси:
– 10 жашымдан тарта орозо кармап келем. Айылда жашагандыктан, шарт болсо да, болбосо да орозо кармаган күндөр болду. Күндүз талаада иштеп, үйгө келип бала багып деле орозо кармачумун. Быйыл да орозо кармайм.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg