ӨТҮШҮП КЕТКЕН АНГИНА, ГАЙМОРИТ БӨЙРӨКТҮ ИШТЕН ЧЫГАРАТ

Убагында дарылатпаган тиштин кариеси, ангина, ириңдүү жара билинбей жүрүп бөйрөктү иштен чыгарарын баарыбыз биле бербейбиз. Адамды гемодиализ аппаратын колдонууга же бөйрөктү алмаштырууга жеткирүүчү гломерулонефрит оорусу тууралуу Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнүн врачы Бурма Сарымсакова маалымат берет.

ГЛОМЕРУЛОНЕФРИТ

Гломерулонефрит — бөйрөктүн нефрондорунун (түйдөкчөлөр) сезгенип, кандын курамын чыпкалоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү. Нефрондор сезгенгенде кандын курамындагы суюктук, уу, белок, креатинин, мочевина заты, микроэлементтер толук чыпкаланбай калып бөйрөктө топтолуп, бөйрөктү, анын ичинде нефрондорду уулантат жана организмге да сиңип баштайт. Убагында дарыланбаса дарт өтүшүп кетип бөйрөк иштебей калат да, адам гемодиализ алууга же бөйрөк алмаштырууга аргасыз болот.

ДАРТТЫН 2 ТҮРҮ БАР

  • Курч кармаган түрү
  • Өнөкөткө айланган түрү

ООРУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Бөйрөктөгү түйдөкчөлөрдүн сезгенишинин негизги себептери:
  • Стрептококк бактериясы козгогон оорулар — тонзиллит (ангина), тиштин кариеси, пневмония, сепсис, ириңдүү жара, фарингит (кекиртектин сезгениши), тери инфекциясы
  • Вирустар козгогон оорулар — ОРВИ, бруцеллёз, ич өткөк (вируска бактерия да кошулат), гепатиттин В жана С түрү, кызылча, паротит (тепме), гайморит (вирус да, бактерия да козгойт)
  • Башка бактериялар козгогон оорулар: кургак учук, ич келте
  • Дары-дармектер (дозасы ашыкча ичилгендер)
  • Химиялык заттар
  • Уулануу (тамак-аштан, уксустан жана башка)

Тактап айтканда, дартты убагында дарылабаса ооруну жараткан вирустар, бактериялар кан менен барып бөйрөктүн нефрондорун сезгентет. Химиялык заттардан (анын ичинде дары-дармектер) жана тамак-аштан ууланганда организмден чыкпай калган уулар бөйрөктү уулантат.

ДАРТТЫН КУРЧ КАРМАГАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ

  • Шишик (адатта эртең менен, алгачкы кездерде бетте, бутта, кийинчерээк курсакта)
  • Зааранын өңүнүн өзгөрүшү (күрөң же көбүктүү заара, кан аралаш чыкса зааранын өңү кызгылт, киргилт болот)
  • Зааранын аз бөлүнүп чыгышы

Дарт өтүшүп баштаганда кошулчу белгилер:

  • Баштын жана бел туштун оорутуусу
  • Бат чарчап, шалдыроо, уйкусуроо

ДИАГНОЗ КОЮУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

  • Оору белгилери билинер замат нефрологго же урологго көрүнүү кажет. Дарыгер ангинасы, тиштеринде кариес жокпу деп ооз ичин текшерет. Мындан тышкары жүрөктүн кагышы, өпкөнүн иштеши, кан басым да текшерилет. Адатта өнөкөт бөйрөк оорусунда жашпы, карыбы бөйрөктүн басымы жогору болот. Боору чоңоюп кеткени билинсе, гепатит оорусу бар же жок экендиги текшерилет.
  • Кандын анализи

1) Кандын курамындагы белок, холестерин, кан суюктугунун, мочевина затынын, креатининдин өлчөмүн текшертүү (гломерулонефрит дартында холестерин менен суюктуктун өлчөмү көтөрүлөт, белоктун өлчөмү азаят. Ошондой эле мочевина заты менен креатининдин көтөрүлүшү бөйрөктүн иштешинин бузулушун билдирет).

2) Гепатиттин В жана С түрү бар же жок экендигин аныктоо

  • Зааранын жалпы анализи (белок жана эритроциттин өлчөмү аныкталат)
  • УЗИ
  • Бөйрөктүн биопсиясы. Бөйрөк тушка гана таасир этчү наркоз берилип, эки бөйрөктүн 3-4 жеринен, тканынан үзүп алынып, текшерилет.

ДАРЫЛОО

  • Ооруканада жатып дарылануу сунушталат
  • Мүнөздөп тамактануу: 1 суткада ичилчү туздун өлчөмү — 0,6 грамм чектелет (дээрлик туз колдонбоо).
  • Жеп-ичкенге тыюу салынат: куурулган, майлуу тамактар, кофе, ышталган, консерваланган азыктар.
  • Жеп-ичкенге сунушталат: сууга жана бууга бышкан тамактар, өтө аз өлчөмдөгү майсыз уй эти, акшактардан жасалган ботколор, майлуулугу төмөн каймак май, ашкабак ширеси (кандагы ууларды чыгарат).
  • Суюктукту аз ичүү сунушталат
  • Дары-дармектер: антибиотиктер, заара кубалоочу чөп дарылар, холестериндин өлчөмүн азайтуучу дарылар, керек делинсе бөйрөктүн басымын түшүрүүчү жана гормоналдык дарылар берилет.

Бейтап ооруканадан чыккандан кийин да дары-дармектерди ичүүсүн улантат. Таза айыккыча ай сайын анализ тапшырып турат. Врач анализдин жыйынтыгына карап кайсы бир дарыны ичүүнү токтотууну же кайсы бир дарынын дозасын көбөйтүүнү сунушташы мүмкүн. Гормоналдык дарылар 6 айга чейин ичилет. Диетаны бузса, оору кайра күчөп кетет. Андыктан диетаны бузбоо кажет.

ООРУ ӨТҮШҮП БАШТАСА...

Дарттын 3 стадиясы бар: жеңил, орто, оор. 1-2-стадияда дарылап айыктырууга болот. 3-стадиясында бөйрөк иштен чыгып, бейтаптын гемодиализге күнү түшөт. Гемодиализ алгысы келбесе бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз болот.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Кандай гана оору болбосун, мейли ал ангина, тиштин кариеси же гайморит болсун убагында текшерилип, толук дарылануу кажет. Жарым-жартылай дарылануудан же дарыланбай коюудан, жогоруда айткандай, инфекция кан менен барып бөйрөктү сезгендирет. Курамында белок көп азыктарды, өзгөчө этти ченеми менен жеп, тузду аз колдонуу керек. Газдалган таттуу суусундуктарды ичпей койгон оң. Бөйрөктү УЗИден жылына эки ирет текшертүү керек.

Өз алдынча дары-дармектерди ичүүгө болбойт!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Meken28
2019-09-04 07:44:25
Rahmat
0
Aytur
2019-09-08 11:27:24
Жакшы кенеш учун ыраазычылык!
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан