БАДАМ ӨСТҮРҮҮ - УРПАКТАР УЛАНТУУЧУ БИЗНЕС

Учурда Кыргыз жергесинин түштүк аймактарында бадамды терип чогултуу иштери башталды. Европа өлкөлөрүндө жогорку суроо-талапка ээ болгон жаңгактын бул түрүн өстүрүүдө эмнелерди эске алуу керек? Андан капчык толо киреше табууга болобу? Көп жылдан бери бадам өстүрүп келе жаткан багбан, Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Тешебай Жапаровдун кеңешине кулак салабыз.



КӨЧӨТҮН ОТУРГУЗУУ

Бадамды өстүрүү башка бактарга караганда оңой жана көп камкордукту талап кылбайт. Эгер бадамды сатып пайда табуу катары өстүрүүнү кааласаңыз төмөнкү кеңештерди эске алыңыз.

1. Жер аянты. Бадам көп жылдык дарак болгондуктан, көчөтүн жеке менчик же узак убакытка ижарага алынган жерге отургузуу туура. Анткени быйыл тиккен көчөт 3-4 жылдан соң гана алгачкы түшүмүн берсе, 5-6-жылдан тарта түшүмдүүлүгү артып, бак болуп өсүп жетилет. Айрым сорттору 10 жылдан кийин гана түшүмгө кириши мүмкүн. Кам көрүүгө жараша 10 жылдык дарактан болжол менен 9-10 килограмм, ал эми бай түп бактан 40 килограммга чейин түшүм алууга болот.

2. Көчөтүн тандоо. Бадамдын бир нече сорту бар: данеги таттуу, ачуу, данегинин сөөгү жумшак, катуу, эрте бышуучу, кооздук үчүн өстүрүлүүчү.

Эгер өзүңүз каалаган сортту өстүрөм десеңиз, анда данегинен өстүргөнүңүз туура. Бирок бул ыкма көп убакыт талап кыларын унутпаңыз.

Бутагын шабдалынын жана кара өрүктүн жаш көчөтүнө кыйыштыруу менен өстүрүү.

Бир жылдык көчөттөрдү сатып алып тигүү. Баасы болжол менен 150-250 сом.

3. Отургузуу. Бадамдын көчөтүн күзүндө жана жазында отургузууга болот. Күзүндө отургузулган көчөт бат тамырлайт. 50-60 сантиметр тереңдикте аң казып, анын ичине бир аз шагыл, кара топурак, жалбырактын чириндисин, 3-4 килограмм кык, 200-250 грамм суперфосфат салып даярдап алып, андан соң көчөттү отургузуу керек. Көчөттөрдүн ортосундагы аралык 3-4 метр, ал эми жөөктөрдүн аралыгы 6 метрден кем болбошу шарт. Отургузгандан кийин ар бир түптүн түбүнө 10-15 литр суу куюп, сиңгенден кийин үстүнө 3-5 сантиметр калыңдыкта топурак төгүлөт.

КАМ КӨРҮҮ

1. Көчөттөрдү өз убагында сугарып туруу керек. Эгер топурактын катмарынын 1-15 сантиметри кургаса, анда дароо сугаруу керек. Болжол менен бир түпкө 10-15 литр суу керектелет. Ашыкча нымдуулук тамырын чиритип жибериши мүмкүн. Мөмө байлап баштаган кезде жетиштүү сугарылса, мөмөсү керектүү өлчөмгө чейин өсүп, даны толо болот.

2. Май айынын башында 1 чака сууга 20 грамм селитраны аралаштырып бактын түбүнө куюу керек. Ал эми күзүндө ар бир түпкө 1 килограммдай кык, 20 граммдай суперфосфат берүү жетиштүү.

3. Күзүндө жалбырактары түшкөндөн кийин жана жазында бүчүр байлаганга чейин ооруларга жана курт-кумурскаларга каршы дарылоо шарт.

БАДАМДЫ ЖЫЙНОО

Бадам сортуна жараша июлдун аягынан тарта күздүн ортосуна чейин бышат. Бышкан кезде түктүү жашыл кабыгы жарылып, данектен ажырайт. Терип, жашыл түктүү кабыгын алып салып, данегин күнгө жайып кургатуу шарт.

САТУУ

Бадамдын таттуу данеги, андан алынган ун, сүт ашканада ар кандай десерттерди даярдоодо кеңири пайдаланылса, ачуу данынан эфир майы алынып, косметологияда жана фармацевтикада кеңири пайдаланылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сортуна жараша бадамдын тазаланбаганы 1 килограммы 300 сомдон, тазаланганы 600 сомдон жогору бааланат. Сөөгү жумшак сорту чакканга ыңгайлуулугу менен, ал эми сөөгү катуу сорту данынын даамдуулугу жана майлуулугу менен бааланат.

БАДАМ ӨСТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

  • Бадам дарагы жер тандабайт. Кумдуу, таштак жерлерге да өстүрүүгө болот.
  • Тигүү жана ага кам көрүү жеңил.
  • Терип-жыйноо оңой.
  • Кургак жайда көпкө сакталат.
  • Баасы кымбат.
  • Салмагы башка мөмөлөргө караганда алда канча жеңил.


1 ГЕКТАРДАН...

Көчөт

1 гектар жерге болжол менен 280 даана көчөт батат.

280 түп х 200 сом = 56 000 сом

Жер семирткич (3 жылга)

Селитра – 20 килограмм х 20 сом = 400 сом

Суперфосфат – 56 килограмм х 100 сом = 5600 сом

Кык – 2 тонна х 1000 = 2000 сом

Жалпы чыгаша: 56 000 сом + 8000 сом = 64 000 сом

3-4 жылдан кийин ар бир түптөн болжол менен 3 килограммдан түшүм алууга болот. Бадам дарагы өсүп жетилгенге чейин бактардын ортосундагы аянтка жер-жемиш, жашылчаларды тигип киреше табууга болот.

Киреше

280 түптөн х 3 килограмм = 840 килограмм

840 килограмм х 300 сом =
252 000 сом

252 000 – 64 000 = 188 000 сом

Кирешенин суммасы бак өсүп жетилген сайын көбөйө берет.

Бадам өстүрүү боюнча эң алдыңкы тизмеде АКШнын Калифорния штаты турат. Дүйнөлүк өндүрүмдүн 82 пайызын дал ушул штат өндүрөт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан