ЖООМАРТ ЖЕДИГЕРОВ

Аз убакыттын ичинде “Секелек”, “Өзүмө”, “Кыргыз элим”, “Сулууга” деген ырлары менен эл алдына тааныла баштаган жаш ырчы жигит Жоомарт Жедигеров менен тааныштырабыз.

Жедигеров Жоомарт 1986-жылы 2-августта Алабука районунун Коштерек айылында төрөлүп-өскөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда фольклор бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. Хоббиси: сүрөт тартуу.

– Жоомарт, чоң сахнага алгач качан чыккансың?
– Өзүм айылда өскөн жигитмин. Шаарга келип, чыгармачыл адам болууга таякем түрткү болду десем жаңылышпайм. Анткени, биздин үйдө чыгармачыл адам мен элемин. Ал эми алыс туугандарымдан таякем комуз чертип ырдайт. Аны көрүп мен да ырдап, ырга жакын болуп калгам. Ал эми эл алдына биринчи жолу Талант Анарбаевдин концертинде “Секелек” деген ырым менен чыккам.
– “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт, ырчылыктан сырткары кандай өнөрлөргө ээсиң?
– Жогоруда айтып кеткендей, айылда чоңоюп-өскөндүгүмдөн, ат чабыш, улак чабыш, көк бөрү, ат оюндарын мыкты ойнойм жана устачылык өнөрүм да бар. Андан сырткары, таякемден комуз черткенди үйрөнгөм. Ал эми өзүм гитарада, аккардеондо, фортепьянодо ойногонду билем. Ошондой эле обон жаратып, ыр жазам.
– Репертуарыңда өзүң жараткан ырларың бар турбайбы?
– Өзүмдүн комузумдун коштоосунда ырдала турган ырларым бар. Бирок, аларды азырынча эл алдына чыгара элекмин. Ал эми менин учурда ырдап жүргөн “Сулууга” деген ырымдын автору таякем Нуралы Нурмамбетов, “Өзүмө” деген ырым акын Медер Осмоналиевге таандык. Бул эки ырдын тең обонун өзүм жараткам.
– Ырчылыктан башка эмне жумуш менен алектенесиң?
– Шаарда байкелеримдин акча алмаштыруучу жайы бар. Ошол байкелериме жардам берип, акча алмаштыруучу жайда иштейм.
– Сахна адамы болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?
– Сахнанын жолун билген, таланттуу, келбеттүү, сахна этикасын сактаган, сахнанын ысык-суугуна, оош-кыйышына чыдаган адамды сахна адамы деп эсептесе болот. Анан албетте, Кудай берген талант болуш керек.
– Күйөрман кыздар сени көчөдөн көрүп таанып калышса керек?
– Ооба, жакындан бери эл мени таанып калганы өзүмө да сезиле баштады. Анткени, көчөдө кетип баратканда “тигил ырчы да” деген сөздөрдү угуп калам. Күйөрмандарымдын ичинде сулуу кыздар да бар экен. Автограф сурап келе башташты. Менин талантымды баалаган баардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем.
– Жүрөгүңдө жашаган сулуу кыз барбы?
– Мектепте бир кызды жакшы көрчүмүн. Көрсө, ал кызды мен сүйбөй, жакшы эле көрчү экенмин. Азыр жүрөгүм бош.
– Кыялыңда эмнеге жетпей жүрөсүң?
– Кыялымда мен чыныгы таланттуу ырчы болгум келет. Азыр мени кээ бири тааныса, кээ бири тааныбайт. Келечекте бүткүл Кыргызстанга таанымал ырчы болгум келет.
– Кумир туткан ырчың барбы?
– Гүлнур Сатылганова жана Асел Турдалиева эжелердин таланттарына баа берем жана ушул ырчыларды кумир тутам.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан