«Достук» - жеңүүчү! АКЫРКЫ МҮНӨТТӨ ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛГЕН КЛАСИКО

26-31-август күндөрү көк бөрү боюнча өлкөдөгү ири турнирлердин бири Президенттин Кубогу үчүн беттештер өттү. Көнүмүш адатка айлангандай, чечүүчү беттеште «Достук» менен «Ынтымак» кез келди.


БИРИНЧИ ЛИГАДАГЫ КЫЗУУ БЕТТЕШТЕР
Адаттагыдай мелдеш эки лигага бөлүнгөн. Биринчи Лиганын мыктысы аталуу үчүн өлкөнүн бардык бурчунан келген 15 команда ат салыша турган болду. Алар плей-офф системи менен иргелип алынды. Командалардын көпчүлүгү жаңы, оюнчулары көбүнесе жаштар болгондуктан беттештер кызыктуу болуп жатты. Кызуу кандуу эрлер күрөшкө тойбой кайра-кайра жулкунуп жатканы лиганын оюндарын андан бетер кызытты көрүнөт. Оюндардын жыйынтыгында жарым финалга «Алкан-Ата», «Бакубат Талас», «Жаш күч» жана «Ак-Суу» командалары чыгышты. Анда «Алкан-Ата» менен «Бакубат Талас» кез келип, оюн 1:9 эсеби менен «Бакубат Таластын» пайдасына чечилди. Экинчи жупта Баткендин «Жаш күч» командасы Чүйдүн «Ак-Суусу» менен кызуу беттешип, оюнду Чүйдүн командасы 4:2 эсебинде жеңип, финалга аттанды.
Ал эми финалдык оюнда «Бакубат Талас» мыкты даярдыкта чыгып, атаандашка 9 жоопсуз улак таштап, абсолюттук жеңүүчү аталды. Албетте, мурда Жогорку Лигада ойноп жүргөн бул жигиттерден мындай жыйынтыкты көпчүлүк күткөн. Ошентип Биринчи Лиганын мыктысы – «Бакубат Талас» болду.

ЖОГОРКУ ЛИГАДА 6 КОМАНДА АТ САЛЫШТЫ
Жогорку Лигада мыкты делген 6 команда катышып, эки тайпага бөлүндү.
Анда А тайпасында «Ынтымак», «Сары-Өзөн» жана «Сары-Өзөн Рассвет» болсо, В тайпасына «Достук», «Көл-Төр» жана «Кара-Буура» бөлүндү.
Тайпалык оюндардын жыйынтыгында жарым финалга «Ынтымак» – «Сары-Өзөн» жана «Достук» – «Кара-Буура» беттештери болмой болду. Мында Сейитбек Анарбек уулу менен Рустам Тыналиевдин тирешин көк бөрү сүйүүчүлөрү «финалга чейинки эле финал» деп аташты. Ооба, дал ошондой эле болду. Бул жарым финалдык оюн мелдештин эң кызыктуу оюндарынын бири болду көрүнөт.

«ЫНТЫМАК» – «САРЫ-ӨЗӨН». БУЛЛИТКЕ ЧЕЙИН ОЮН
Бул жарым финалдык оюн кызуу башталды. Эки команда тең бири-бирине улакты көп убакытка ээлик кылдырбай ойноп жатышты. Эсеп саны 16-мүнөттө ачылды. «Ынтымак» командасынын 11-номердеги оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу таамайлыгын көрсөтө алды. Буга Чүйдүн командасы чабуулун күчөтүү менен жооп кайтарып, Улан Насакеев эсепти теңеди. Теңме-тең ойногон эки команда бири-биринин тай казанына бир кыйла убакытка чейин улак сала албай жатышты. Бирок эки жааттын чыңалуусу күчөп, үчүнчү бөлүктө Сейитбек Анарбек уулу «Ынтымакты» алдыга чыгарганга жетишти. Бул салымдан соң көпчүлүк «Ынтымак» финалга кетти деп эсептеп калган, бирок буга Улан Насакеев макул болгон жок. Оюнга бир мүнөт калганда эсепти 2:2 кылды. Жеңүүчү буллиттен аныкталмай болду. Мындай бурулуш көрүүчүлөргө майдай жага берди.
Буллит сериясын Сейитбек Анарбек уулу таамай таштоосу менен баштады. «Сары-Өзөндүн» мыкты ойногон оюнчусу Улан Насакеев шашып кеттиби, айтор, анын таштоосу таамай болбой калды. Анын ызасында чек жок эле...
Ошентип оюндун соңунда чечүүчү улакты Нуржан Мелисбек уулу таштап, «Ынтымакты» финалга чыгарды.
Көрүүчүлөр эки команданы кол чабуулар менен узатты.

«ЫНТЫМАК» – «САРЫ-ӨЗӨН» – 2:2

Буллит боюнча – 4:2

Ташталган улактар:
Нуржан Мелисбек уулу, 16 (1:0), Улан Насакеев, 21 (1:1),
Сейитбек Анарбек уулу, 36 (2:1), Улан Насакеев, 49 (1:1)

Буллит:

Сейитбек Анарбек уулу («Ынтымак»), 1:0
Улан Насакеев («Сары-Өзөн») улак тай казанга түшкөн жок
Дастан Сагынбек уулу («Ынтымак»), 2:0
Аскат Аскаров («Сары-Өзөн»), 2:1
Астаркул Табышев («Ынтымак»), 3:1
Таштемир Жекшенов («Сары-Өзөн»), 3:2
Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак»), 4:2
Экинчи жарым финалда «Достук» «Кара-Буураны» ири эсепте жеңип алды. Эсеп саны 11:1 жана Оштун командасы финалга аттанды.

ЭЛЬ-КЛАСИКО: «ЫНТЫМАК» – «ДОСТУК»
Финалга биз көнүп калгандай эле кайрадан Таластын жана Оштун командалары чыгышты. Бул экөө өз тарыхында 12-ирет жолугуп жатышат. Оор жарым финалдык беттеш өткөргөн «Ынтымак» бул оюнда эсепти 5-мүнөттө эле ачып, күйөрмандарына үмүт берип койду. Анын автору – Аудасбек Мырзабек уулу.
«Достук» көп убакыт бою эсепти теңей албай жатты. Бирок Манас Ниязов 28-мүнөттө айырмаланды. Экинчи бөлүктө Манас «Достукту» алдыга чыгарды. Буга «Ынтымактын» чабуулчусу Нуржан Мелисбек уулу өзүнүн кооз салымы менен жооп кайтарды. Оюн учурунда Сейитбек Анарбек уулунун аттан кулап түшүп, улакты кармап калганы күйөрмандар арасында түшүнбөстүк жаратты. Мындай жагдай оюнду бир нече убакытка токтотуп турду. Бул арада көрүүчүлөр да уу-дуу боло кетишти.
Бирок оюндан кийин Сейитбек милиция кызматкеринин ышкырыгын, калыстын ышкырыгы деп түшүнүп алганын моюнга алды.
Оюнга саналуу мүнөттөр калганда оомат «Достук» тарапка ооду. 6-номердеги Майрамбек Рыспеков финалдык ышкырыкка 15 секунд калганда алдына эч кимди салбай, тай казанды көздөй жалгыз барып, улак таштап, командалаштарына жана күйөрмандарына майрам тартуулады.
Эсеп саны – 3:2. Бул жолу «Достук» – жеңүүчү.

«ЫНТЫМАК» – «ДОСТУК» – 2:3

Ташталган улактар:

Аудасбек Мырзабек уулу, 5 (1:0), Манас Ниязов, 28 (1:1),
Манас Ниязов, 48 (1:2),
Нуржан Мелисбек уулу, 52 (2:2), Майрамбек Рыспеков, 60 (2:3)

ОЮНДАН КИЙИН...
Манас Ниязов
: – Бүгүнкү оюн оор болду. Эки команда тең өзүнүн мыкты экенин көрсөтүштү. Бирок бул ирет ийгилик бизге жылмайып, жеңишке жеттик. Кийинки оюнда Бойка менен чыгам. Бул жолу оюнга Бойка чыкмак, бирок жарааты толук бүтсүн деп чыгарган жокпуз. Ага карабастан Шторм да өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, Бойканын ордун басты.
Нияз Мадалбеков: – Нааразычылыктар болду. Эки команда тең өзүнүн мыктылыгын көрсөттү. Бирок акыркы мүнөттөрдө оюнду колдон чыгарып жеңилип калдык.

МЕЛДЕШТИН МЫКТЫЛАРЫ:

Жогорку Лигада

Мыкты улакчы – Манас Ниязов («Достук» командасы);
Мыкты аргымак – Геркулес («Ынтымак» командасы).

Биринчи Лига

Мыкты улакчы – Бакай Султан уулу («Жаш күч» командасы);
Мыкты аргымак – Аватар («Бакубат Талас» командасы).


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bekobala
2019-09-09 13:19:46
Достук чемпион
+2
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан