«КУМТӨР» БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ КҮЧҮНӨ КИРДИ. КЫРГЫЗСТАН КОШУМЧА 150 МИЛЛИОН ДОЛЛАР АЛАТ

«Кумтөр» боюнча стратегиялык долбоор күчүнө кирди. Кыргызстан маанилүү социалдык долбоорлор үчүн, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү, жаратылышты коргоо институттарын түзүүгө кошумча
150 миллион доллар каражат алат.

«Кумтөр Голд Компаниден» кошумча каражаттарды алууда өкмөт өз моюнуна эч кандай кошумча жоопкерчиликтерди алган жок. Аталган сүйлөшүүнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган азыркы бийлик жүргүздү. Ал эми тандалган стратегия максималдуу ийгилик алып келди.

Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган жана анда макулдашуу ишке ашышы үчүн эки тарап тең аткара турган жоопкерчиликтер камтылган. 2017-жылдан баштап 2026-жылга чейинки аралыкта (учурдагы «Кумтөр» кенинин иштетүү мөөнөтүнө жараша) аталган макулдашууга ылайык түшө турган каражаттын жалпы суммасы 87 миллион долларды түзгөн эле.

Азыркы Абылгазиевдин өкмөтү сүйлөшүүлөр аркылуу түшчү каражаттын көлөмүн геологиялык чалгындоого кетчү каражатты кошкондо, эки эсе – 150 миллион доллар кылып көбөйтө алды.

«Биз кошумча 63 миллион долларды моюнубузга эч кандай жоопкерчилик илбей туруп алганга жетиштик. Эки тараптын биргеликте конструктивдүү иш алып баруусу менен гана ушундай жыйынтыкка жете алдык»,- дейт өз сөзүндө Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын онкологиялык кызматын колдоого которулган 7 миллион долларды кошо эсептегенде, геологиялык чалгындоого жумшоолорду эсептебегенде, Кыргызстан 77 миллион доллардан ашык каражат алат.

АКЧА КАЙДА ЖУМШАЛАТ?

«Кумтөр Голд Компаниден» түшкөн кошумча каражат төмөнкү максаттарда колдонулат:

  • Жаратылышты өнүктүрүү фондуна – 50 миллион доллар бир жолку төлөм, дагы 37 миллион доллар 10 жыл ичинде
  • Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна – 10 миллион доллар капитал жана дүң кирешеден ай сайын кошумча 0.4% (8 жылда болжолдуу 30 млн доллар).
  • Онкологиялык кызматты колдоо фондуна – 10 миллион доллар (7 млн доллары которулган).
  • Геологиялык чалгындоону каржылоо – 24 миллион доллар.

Баса белгилей кетчү жагдай, аталган каражаттардын баары кошумча болуп саналат жана «Кумтөр Голд Компани» мындан ары да өзүнө тиешелүү бардык салык жана социалдык жоопкерчиликтерин аткара бермекчи.

Эске сала кетсек, былтыркы Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн төлөмдөр (салык, аффинаж үчүн төлөм, товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү камсыздоочуларга төлөм, инфраструктура боюнча төлөм, кайрымдуулук иш-чаралары жана башка) 301,9 миллион доллардан ашкан. Быйылкы жарым жылдыктагы төлөмдөрдүн суммасы 60 миллион доллардан ашты.


ТЫНЧТЫК ЖОЛУ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛУУ

Абылгазиев белгилегендей, өкмөттүн инвестор менен бардык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуусу орчундуу иш:

– Биргелешип иштешүү жана инвесторлор менен талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу көрсөткүчү болууга тийиш. Бул Кыргызстанда иш алып барган инвесторлор үчүн маанилүү жагдай.

Экологиялык коопсуздукту сактоо менен биздин элдин кызыкчылыгында кендин бардык потенциалын колдонуу үчүн, өзгөчө кендеги жигердүү иш токтотулгандан кийин «Кумтөр» компаниясынын иши мындан ары экономикалык жактан эффективдүү болуусу тийиш.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга эл аралык экологиялык стандарттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана макулдашуунун талаптары аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

ЖАҢЫ ДОЛБООРЛОР

Жаратылышты өнүктүрүү фонду

«Кумтөр» которгон кошумча каражаттардын басымдуу бөлүгү Жаратылышты өнүктүрүү фондуна багытталат. Ал Кыргызстандын бардык аймактарында жаратылышты коргоо долбоорлорун каржылаган маанилүү институтка айланышы зарыл.

Дароо которулган бир жолку капиталдын өлчөмү 50 миллион долларды түзөт. Бул сумма өтө чоң болсо да, «Кумтөр» жылына 3,7 миллион доллардан, 2017-2018-жылдарды кошуп, андан ары да фондго каражат которуп турат. Жалпысынан 10 жылда бул фондго 87 миллион доллар түшөт.

Белгилей кетсек, мурунку өкмөт жылына 2,7 миллион доллар гана которууга макулдашкан. Азыркы министрлер кабинети сүйлөшүү жолу аркылуу сумманы дагы 1 миллион долларга жогорулатты.

Өкмөт Жогорку Кеңеш депутаттарынын, коомдук институттар өкүлдөрүнүн жана эксперттердин колдоосу, көзөмөлү менен фонд бир гана элдин кызыкчылыгы үчүн, экологияны коргоо, аймактарды өнүктүрүүдө ачык-айкын иш алып барарын убада кылды.

Социалдык өнөктөштүк фонду

«Центерра Голд» менен кошумча макулдашууларга ылайык, аймактардагы жеке ишкерликти колдоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүк фонд түзүүгө каржылоо алуу мүмкүн болду.

Бул фондго «Кумтөр» тарабынан алгач 10 миллион доллар которулат – эки бөлүнүп түшөт, быйыл жана кийинки жылы. Кошумча «Кумтөрдүн» дүң кирешесинен ай сайын 0,4% өлчөмүндө каражат которулат. Жалпылап айтканда, 8 жылда бул сумманын өлчөмү 30 миллион доллар болмокчу.

Фонд аймактарды өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду, аймактарда ишканаларды куруу, аларды колдоо, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашуусун, жашылдандыруу долбоорлорун колдоо, каржылоо иштерин жүргүзөт. Фонддо сөзсүз түрдө байкоочу кеңеш иш алып барат.

Абылгазиев белгилеп кеткендей, фонд президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан демилгеленген аймактарды өнүктүрүү боюнча масштабдуу иш-чаралар менен бир максатта ишмердүүлүк жүргүзөт.

Онкологиялык кызматты колдоо фонду

Каржылоонун олуттуу бөлүгү стратегиялык макулдашууга ылайык, Онкологиялык кызматты колдоо фондуна багытталат. Жалпы
10 миллион доллар, анын 7 миллиону фонддун эсебине 2 жыл мурун которулган.

Аталган фонд Улуттук онкология борборуна линиялык тездеткич сатып алуу үчүн түзүлгөн. Линиялык тездеткичти онкологиялык оорулары бар миңдеген кыргызстандыктар зарыгып күтүүдө. Бул макулдашуудагы маанилүү пункт, анткени биздин мамлекетте онкологиялык оорулардан жылына
18 миңге жакын адам каза табат.

Которулган каражат онкология борборун керектүү жабдыктар менен камсыздоого толук жетет. Анын ичинде онкологиялык ооруларды башталгыч стадияларында аныктап, дарылоого боло турган атайын жабдыктар кирет.

Геологиялык чалгындоо

Ишке ашкан макулдашууга ылайык, «Кумтөрдүн» геологиялык чалгындоо иштерине кошумча ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк болду – 2 жыл ичинде эле жалпы
24 миллион доллар (2018-2019).

Чалгындоого кеткен бул каражат «Кумтөр» үчүн да чоң сумма – геологиялык чалгындоолорго жумшалган максималдуу каражат 2005-жылы 14,6 миллион доллар өлчөмүндө болгон.

Геологиялык чалгындоо жакшы жыйынтык берсе, кенди иштетүү мөөнөтүн дагы бир нече жылга узартууга шарт түзүлөт. Бул кенди иштеткен «Кумтөр» компаниясы жана ага өнөктөш 600дөн ашык компания Кыргызстандын өнөр жай жана экспортун камсыздоону улантуусуна, бардык иш орундар сакталышына алып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан