Асылбек Өзүбеков: «СҮЙҮҮ РОМАНЫМДЫ КИТЕПКЕ ЖАЗГЫЛАРЫ КЕЛИШЕТ»

Журналисттер көп адамдар менен сырдашабыз же сырын ачабыз. Кээ бирин сөзгө чоркок экенинен араң сүйлөтөсүң. Айрымдарын токтото албай калган учур болот. Бул жолу сиздер жакшы билген актёр, "муңдуу ырлардын рыцары" атка конгон Асылбек Өзүбеков бирде тамашалап, бирде олуттуу карап маек куруп берди.

– Асылбек ага, балалыктын таттуу күндөрү кай жерде калган да, кандай өткөн?
– 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келгем. Бир нерселерди таанып биле баштаган кезим азыр тасмадай үзүл-кесил эске түшөт. Чыр, ыйлаак, тентек, капкара болгон чыт курсак бала болчумун. Мектептин багынан алма уурдаган күндөр эсимде. Боз-ала чаң боюнча мектепке жөнөйм. Барганда колубуз кир, тырмак өскөн болсо Кадыр агайдан чыбык менен колго жеп, далай ыза болор элек.
4-класска чейин айылда окудум. Кийин апам борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке которду. Мектеп – ыр дүйнөсүнө эшик ачты. Үйлөмө аспаптарды тереңдетип окуган класста элем. Муратбек Бегалиев сыяктуу таланттуу музыканттар менен бирге окугам.
– Анда ырчы болушуңузга апаңыздын салымы чоң турбайбы?
– Ооба, эненин көрөгөчтүгүн карачы, мени музыкалык мектепке берип, турмуш жолума чоң өбөлгө түзгөнүн. Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кетишкен. Өкүнүчтүүсү, мен атам бар деп катышып калганда, 51 жашында дүйнө салды. Апам төртөөбүздү чоңойтту. Улуу эжем Жеңишгүлдү билесиңер, драматург, акын. Менин обондорумдун сөзүн жазган да ошол адам. Телевидениеде биринчи кыргыз сериалын түптөгөн Жеңишгүл болчу. “Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” телесериалдарын элге көрсөтүп баштаган. Көрө албастык болдубу же кандай билбейм, кыргыз телеканалы аны сүрүп чыгарып коюшту. Менден кийинки иним Аманбек Куралдуу күчтөрдө эмгектенет, полковник. Эң кичүү иним атамдын журтунда түтүн булатып келет.
– А сиз болсо классташыңызды көшөгөгө киргизип алып, өмүр кечирүүдөсүз?
– 9-класстан кайра айылга, классташтарыма бардым. Арткы партада отуруп алып, Сүйүндүн чачынан тартып тийишер элем. Ошентип, алыс кетпей классташым менен кол кармаштым. 1974-жылдан баштап бири-бирибизди жакшы билебиз дегендей. 4 баланын ата-энеси болдук. Улуусу отуздан ашты, эки кыздын атасы. Кызым Жыпар да үй-бүлөлүү. Кийинки уулум студент. Кенжетай кызым 4-класста окуйт.
– “Сүйүү балага ооп кетет” деп коюшат, анда азыр небереге ооп турса керек?
– Сүйүү кала берет. Чындыгында, небереңдин таттуу тили чыгып, күлкүсү жүрөктү жибитет. Балаңдан да неберең ширин болот. Жыттагың эле келет, жыттагың.
– Сизди актёр, анан ырчы деп билебиз. Эки өнөрдүн кайсынысы сизге жакын?
– Кесибим актёр. Ташкенттеги Театралдык институтту бүтүргөм. Театрда иштеп жүргөндө жетекчилер ырдаганга уруксат беришчү эмес. 1985-жылы радиого жашырынып барып, ыр жаздырдым. Ырлар элге сиңип кеткенде гана жетекчилер унчукпай калышты. Ырчылык – экинчи коштоп жүргөн өнөрүм.
– Өнөр менен жан багуу кыйын эмеспи же өзүңүздүн жеке бизнесиңиз барбы?
– Чыгармачыл адамдардын 90 пайызы байлыкка умтулбайт. Бизде жан дүйнөбүздүн байлыгы басымдуулук кылат. Албетте, кээде жашоодо кыйналганда мен деле ойлоном. Кыйындардын, министрлердин арасында жүрдүм эле, ошондон пайдаланып дүнүйө топтоп койсом болбойт беле деп. Анан кайра байлыгың деле, бийлигиң деле колдун кири деп кол шилтейм. Артымда ырларым, аткарган ролдорум калат. Ошого шүгүр кылам. Чыгармачылык менен жан багып келем. Өнөр адамы 50гө чейин атак-даңк үчүн иштейбиз. 50дөн ашкан соң атак-даңк биз үчүн иштейт. Азыр ошол даңк менин артымдан иштеп жүрөт.
– Бир жолу маегиңизде “менин балдарымды топтогондо 1 автобус болот” деп тамаша-чыны аралаш айткан элеңиз...
– Бир кыргыз акындын “бешигиңден бейитиңе чейинки жол – өмүр жолу” деген сонун сөзү бар. Мен өмүр жолумдун 53-чакырымына кетип баратам. Бул жолдо мен жыгылдым, тайгаландым, сыйгаландым, кайра турдум. Ушул жолдо чуркадым, безилдедим, жаңылдым-жаздым. Жакшы-жаман адамдарга жолуктум, суугу да, кызыгы да, жаштыгы да, мастыгы да болду.
Белгилүү болсоң ар кандай сөздөр ээрчий берет экен.
– “Кайдагы суроону берип” деп капалан­баңыз, негизи эле ала жипти аттап койгон учур болду беле?
– Ала жипти аттабаган эркек – эркек эмес. Мен идеалдуумун, таптазамын деген эркекти тапсаңар, мен белек берет элем. Зымга тарткандай түптүз жүрдүм деген эркек элди ишендире алар бекен? Жашырбайм, турмушумда жолуккан адамдардын ичинде аялзаты да бар.
– Тамеки тартып, ичимдик ууртамай убак качан башталды эле?
– Ымандай сырымды айтайын. Мектепте кезимде тамеки тартып, ичимдик ичкен эмесмин. 3-курста чычайтып тамеки тиштей коюп, сыра, арак, шарап ичип мас болгон күндөр болду. Бирок арактын артынан сая түшкөн жокмун. Быйыл 27-июнда референдум болбодубу. Менин турмушумда, элдин жашоосунда бурулуш болуп жатат деген шылтоо айтып, тамекини ыргыттым. Жашың өткөн сайын ичкилик ичсең шишип-көөп кыйналып, ооруп калат экенсиң. Азыр эми жайдын күнү достор менен отурганда сыра ичип коём.
– Тойлордо качантан бери тамадалык кыласыз?
– Кыргыз тойго чогултуп, тойго чачып келет. 1985-жылдан баштап 7-8 саат болобу, тикемден тике туруп той башкарам. Бычакташкан, мушташып кеткен тойлорду көз көрдү. Мастардан тил уккан убак канча дейсиң? Анан масты эркелетип, алдап-соолап отуруп абалдан чыгууга туура келет. Тууган-уруктун, куда-сөөктүн тоюн башкарып калам. Мындайды “рахмат той” деп коёт. Кээде той ээси менен соодалашсам, кээде шартына карап соодалашпайм.
– “Ата Мекен” саясий партиясына мүчө­сүз, алдыңкы тизмеге илиндиңизби?
– “Ата Мекенден” башка партияга ообой, көп жылдан бери мүчөмүн. Азыр деле ал кадамымдан тайган жокмун. Мурунку бийлик анча деле жактыра берчү эмес. "Ал оппозициянын өкүлү" деп мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга жакын жолотушкан жок. Алдыңкы тизмеге киремби, кирбейминби, ал мага өтө деле маанилүү эмес. Анткени мен партиянын койгон багытына, уставына жана башкасына көз карашым түз. Азыркы бийликке ишенем.
– Өнөр адамынын орду, өзүңүз айткандай, сахнада. Эми сиздин ордуңуз саясатта болот турбайбы?
– Көпчүлүк “артист болсо эмнени түшүнөт?” деп ойлошу мүмкүн.
Маданият тармагында иштеп жүрүп, Кыргызстандын төрт бурчун кыдыргам. Чабан кой кыркып, дыйкан пахта жыйнап жаткан жерине барып концерт койчубуз. Дыйкандын да, малчынын да жашоосун билем. Булар мага жат эмес. Айыл-чарба багытындагы маселелерди көтөрүп чыгууга, элдин таламын талашууга кудуретим жетет. Кудай мага тилди берген. Баш-отум менен саясатка киришсем, ошол тилди ал жакка бурам. Эл мени күндө көрүп жүргөндөй сезет. Андыктан эл менен тил табышып кетем го деп ойлойм. Саясатка акылым да, алым да жетет.
– Анда чыгармачылык таптакыр унутта калып кетпейби?
– Ыр жаатында айтсам, азыркы үнүм менен мындан 20 жыл мурунку жазылган ырларымды салыштырып көрөм. Үнүм чарчай баштаптыр. Көрсө, үн да карыйт экен. Ырдоонун мүнөтү, убактысы келет тура. 55-60ка чыгып, сахнада кыйшалаңдап ырдап-бийлей албай калат экенсиң. Кино жааты болсо кете берет.
– Сиз саясат кир дегенге кошуласызбы?
– Жок, кошулбайм. Себеби Дооронбек Садырбаев, Болот Шер, Өмүрбек Текебаевди кантип кир саясатчы деп айтасың? Саясаттан таза адамдарды санасаң толтура. Чындык үчүн чыркыраган адамдардын арасында болдум. Мен Докемдей чындыкты айтып, кыргыз үчүн тикеден тик турган саясатчы болсом деп кыялданам.
– “Апамдын махабатынан” соң “баласы менен тең кыз менен жытташып” деген сындарды уктуңуз беле?
– Эми бул көркөм чыгарма да. Турмушта биз тасмада аткарган кадрлар өтө көп кездешет. Бул жөнүндө айтсам узун сөз. Көбү “ал тасманы неге улантпайсыңар? Балаңды таптыңбы?” деп сурашат.
– Сөз көрөңгөсү кенен адамдай көрүнөсүз, чыгарма жазып, китеп чыгарайын деген ой келбейби?
– Мелис Эшимканов досумдан сунуш болгон. Ал “Асыке, башыңдан өткөн окуяларды айтып берчи. Укмуш окуялардын баары сенде. Мен жакшы бир сериал кылып жазайын. Болгондо да кыз-кыркын менен өткөн кездерди. Башкача айтканда, сүйүү романдарды” деп калды. Мен болсо “жөн турчу” деп болбой койдум. Журналист Жылдыз Мусабековадан да сунуш түшкөн. “Кой, балакетти баштабачы. Менин атымды миң өзгөртсөң да, таанылып калам” деп баш тарттым. Ошентип, сүйүү романдарды китеп кылып жазгылары келишет. Бирок жашоомдо жолуктурган кыргыздын чыгаан адамдары, жакшы инсандар тууралуу китеп жазсамбы деген ой келет. Анткени мен кыйналган учурда алар жанымда болушту, сүрөөнгө алышты. Азыр да колдоп келишет.
– Казан-аякты көбүнчө ким кагыштырат? Сизби же...
– Мен талаалап кечигип жүрсөм, кээде үйгө түнөбөй калсам, ар кандай жыттанып келсем менден кетет да. Ынандыңбы, менден кетет бекен?
– Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер көп болсун!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
egolink
2010-08-07 17:59:31
Ала жипти аттабаган эркек – эркек эмес,дептирго агабыз, мен бул пикирине кошулбайм.
Бул адамдын чойросу, ошондой адамдар менен толукталса керек,
бирок Кыргызстанда аккан суудан таза агаларыбыз, инилерибиз бар экенин билем.
0
PaxaT
2010-08-07 19:39:31
Урматтуу egolink сенин ким экенинди билбейм менимче эркек болсон керек анткени эркектер кылгылыкты кылып коюп ушинтип актана беришет.Асылбек байкеге рахмат ачуу да болсо чындыкты айтыптыр
0
Jizusa
2010-08-09 03:11:16
sayasat kir degenge ko6ulam
0
milli
2010-08-09 22:31:38
Men Asylbek agaydyn yrlaryn jakshy korom jana kop ugam. Ugup jatyp yilagan uchurlarymdy aytpay ele koyeyun. Jenishkul ejenin kitepterin, yr jyinaktaryn okuganda da es alyp kalasyn. Un ozgorot eken degenine kyzyktay bolup jatam, aytayin degenim, dagy koptogon yrlardy sizdin ununuz menen ukkandy samagandardy chekeden tapsa bolot.
Uy-buloonuz menen aman-esen bolunuz!!!
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан