КАНТИП ИПОТЕКАГА ҮЙ АЛСА БОЛОТ?

2019-жылдын октябрь, ноябрь айларынан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания 6 пайыз үстөгү менен ипотекалык насыяларды бере башташы мүмкүн. Компания буга каражат тартуу иштерин жүргүзүп жаткандыгы тууралуу билдирген. Учурда үйгө муктаж, бирок нак акчасы жоктор көп. Ошондуктан ипотекалык насыяга суроо-талап күч. Жарандар ипотекалык насыя алуу, үйлүү болуш үчүн эмне кылышы керек экенин төмөнкү материалда айтып беребиз.

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКА КИМДЕРГЕ БЕРИЛЕТ?
«Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча (бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн) катышуучуларды тандоо критерийлери:

  • Жашы 21 жаштан жогору, Кыргызстандын жараны;
  • Жалпы эмгек тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
  • Катышуучунун өзүнө жана аялына үйөөсүнө), балдарына катталган турак жайы жок болушу керек;
  • Ушул эле үй-бүлө мүчөлөрүндө жана катышуучуда ипотека алууга арыз берген күнгө чейинки 3 жыл аралыгында турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • Катышуучунун кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгү;

Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо Турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет:

  • 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.

Бюджеттик мекемеде иштеген жарандардан тышкары бардык эле жарандар (жеке менчик ишканаларда иштегендер дагы) «Арзан ипотека» программасы боюнча арыз бере алышат. Бул программа боюнча кайрылган жарандардын арыздары деле жогорудагыдай критерийлер менен каралат.

НАСЫЯНЫН ШАРТТАРЫ КАНДАЙ?
Ипотекалык насыяны 2 багытта алууга мүмкүн. 1) Даяр турак жайды сатып алуу үчүн насыя. 2) Жеке турак жайды куруу механизми.

1) Даяр турак жайды сатып алуу үчүн:

  • Насыянын мөөнөтү – 5 жылдан 15 жылга чейин;
  • Валютасы – кыргыз сому;
  • Суммасы – 3 миллион сомго чейин;
  • Баштапкы төлөм – сатып алынуучу турак жайдын баасынын 10 пайызынан кем эмес суммасы;

Даяр турак жайды сатып алуу үчүн насыянын пайыздык чендери:

  • Турак жайдын баасынын 30 пайыздан ашыгын төлөгөндө, жылына насыяны 7 пайыз менен төлөө;
  • Турак жайдын баасынын 20-30 пайызын төлөгөндө, жылына насыяны 8 пайыз менен төлөө;
  • Турак жайдын баасынын 10-20 пайызын төлөгөндө, жылына насыяны 9 пайыз менен төлөө;

2) Жеке турак жайды куруу үчүн:

  • Насыянын мөөнөтү – 5 жылдан 15 жылга чейин (турак жайды куруу мөөнөтү 18 айга чейин);
  • Валютасы – кыргыз сому;
  • Суммасы – 3 миллион сомго чейин;
  • Баштапкы төлөм – курулуштун сметалык наркынын 20 пайызынан кем эмес.

Жеке турак жайды куруу үчүн алынган насыянын пайыздык чендери:

  • Курулуш жүрүп жатканда жылына 11 пайыз менен төлөө;
  • Курулуш бүткөндөн кийин 7 пайыз менен төлөө;

Эскертүү! Жеке турак жайды куруу үчүн насыя жер тилкеси бар жарандарга гана берилет. Ошондой эле долбоор жана жалпы чыгымдын сметасы талап кылынат.

«Арзан ипотека» багыты боюнча (бардык жарандар, анын ичинде жеке менчик чөйрөдө иштеген жарандар) ипотекалык насыянын шарттары:

  • Насыянын мөөнөтү – 5 жылдан 15 жылга чейин;
  • Валютасы – кыргыз сому;
  • Суммасы – 3 миллион сомго чейин;
  • Баштапкы төлөм – сатып алынуучу турак жайдын баасынын 20 пайызынан кем эмес суммасы;
  • Жеке менчик чөйрөдө иштегендер үчүн 20 пайызынан кем эмес сумманы төлөгөндө жылына 14 пайыз менен төгөт.

ИПОТЕКА АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

  • Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Программага катышууга анкета-арыз;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Турак жайынын жоктугун тастыктаган тиешелүү мамлекеттик органдын маалым каты;
  • Жашаган жеринен маалым кат;

Программанын «Арзан ипотека» багыты боюнча (бардык жарандар) катышууга арыз берүү үчүн деле ушул документтер жана буга кошумча:

  • Жеке ишкер катары каттоо күбөлүгү же ишкерликке патент жана төлөнгөн салыктар тууралуу дүмүрчөктөр, айлык тууралуу маалым кат керек.

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ АЛУУ КАНДАЙ КАДАМДАР МЕНЕН ЖҮРӨТ?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Snejana
2019-09-09 11:22:07
Азыр кайдагы беш же андан коп бала? Бул требованияны уккан алтын балык олуп калат го. Такыр болбосо туугандардын балдарын каттатыш керек, алар дагы бербейт да. Жок дегенде з бала десе окшошмок. Же баласынын санын карабай эле койсо болмок. Азыр жаштар уй алып, бутубузга туралы деп, копчулугу торобой атышат. Бул жагын дагы эске алыш керек да.
+31
Marjana5
2019-09-09 14:27:40
Snejana,кошулам ушундай болсо кана....
+4
arno2008
2019-09-09 15:11:39
Үй жок ар кай жерде жүрсөк кайдагы 5 бала деги кудайды карасаңар боло,баштапкы төлөм дегенине такыр түшүнбөйм.Бир падышадан эл нанга жетпей ачкадан кырылып жатат десе,анда торт жей бербейби деген экен.Ач кадырын ток билбейт.Буларга ишенгенче өз оокатыбызды кылганыбыз оң.
+18
katerina.li
2019-09-09 16:08:17
Колдон келсе кредит албагыла. Эрежелери шумдук экен соз жок. 15жылга эсептесен дела айына 20000 дей болуп калат. Ким толой алат мынча акчаны
+2
Nevestkaa
2019-09-09 17:34:12
Эч бир мамлекеттик иште иштегендер ала тургандай шарт эмес го.Мен алсамбы деп ойлонуп баштап акырына чейин окуп түңүлөсүн го.
+4
Jazdyn_tany
2019-09-09 22:08:35
Ипотека компаниясы каражат жок деп ипотека бербей калган. Мен 2 жыл күтүп түңүлдүм...
+1
Isikkolumkeremet
2019-09-09 23:45:24
Айтооор соз жок.туугандарым келгилечи айылга кенен кесири озунорго жаккан уй салып аласынар азыыраак акчага.огородунар эле олтурбойт.шаардан уйду шашпай алаарбыз.балким балдарыбыз алып калышаар...
+1
tattusha
2019-09-10 13:57:53
Мамлекеттик кызматкерлерге женилдик деп аябай реклама болуп жатат ,андайлар саналуу эле, калгандарынын баары акчалуулар алат, взносту кантип чогултат мамлекеттик кызматта иштеген адам, коп балалууга женилдик дейсинер кулку келээрлик нерсе 5 баласы бар адам кантип 30 пайыз акчаны чогултуп жана дагы айына 20 мин сом толойт, уй курууга дейсинер айына 20 мин сом ипотеканы толой алган участогу бар адам о кепе там болсо да озу салат, ипотеканын оордуна.
0
Snejana
2019-09-14 15:28:17
tattusha,туура айтасыз. Ушуга комиссия тузуп, ортого салып талкуулап, анан иштеп чыкса болмок. Биздикилердин мээси аябай иштейт да.
0
tattusha
2019-09-10 14:05:10
Гос.ипотеканын сайтына кирип калькуляторго салып коргуло 30 мин доллар алсан кайра почти 60 толоп бересин, Ушуну иштеп чыккан чондорду озулорун батирге уй булоосу менен жаш адистер алган айлыкка жашатып койсо корот элем, батир акысын толо и еще калганына уй -булоондун курсагын тойгуз, кийинт деп. Ипотекага кобунчосу жаш уй -булоолор муктаж, жаш уй- булоолордо кобунчо жубайы декретте болот, ошондо 1 мамлекеттик кызматкердин айлыгына уй-булоо жаш балдары менен кантип жашаш керек???
+4
tattusha
2019-09-10 14:06:55
Улуу муундагылар кобу жумушу аркылуу приватизация жана башка жолдор менен уйлуу болгон эгерде жок болсо алардын айлыгы жакшы эле стаж ж.б болуп отуруп,
0
gulbar
2019-09-10 16:50:11
достор андан коро ипотека албай эле, мисалы мага ар бирин бир сомдон которсон 1500000 адам бир сомдон берсе зангыраган даяр уй алып алам, андан кийин башкаларга да ушинтип бир сомдон берсек, ипотекасы жок эле там сатып алат элек ээ? ким мага кошулат?
+2
IL Suren
2019-09-10 17:55:53
gulbar,1.5 млн чу кезекте турсаңыз,анда кошулабыз
+4
OMURBEK.
2019-09-11 20:25:08
Бир сөз менен айтканда алууга мумкун эмес үй экен
Момбеков айткандай не доступный экен
+2
tabyshmak
2019-09-12 16:21:06
Ээээ муну да алганы ала алат. Анткени, аны алуу үчүн жок дегенде 20 000 же 30 000 сом ар ай сайын кирешең болуусу шарт экен. Мындай киреше болсо, ипотека албай эле кирешени чогултуп жатып там салуу же сатып алууга эмнеге болбосун? Мындай киреше кайда биздин олкодо...
+1
tagokg
2019-09-14 09:22:36
Бугунку кундо коммерциялык банктар донордук уюмдардан 0,5-1,0% менен акча алышып калкка 35-45% менен кредит беришет. бул факт. бул калкты кредиттик сазга батырып жатат дегендик. Ошону мамлекеттик ипотека компаниясы донордук уюмдардан 1%дан алып, калкка ипотекалык 3-4%дан берсе болот го. ошондо ипотека баарына жеткиликтуу болуп жонокой жарандар айына 5-6мин сомдон толойалат эле. Мамлекеттик ипотекакомпаниясы пайда коро турган ишкана эмес, элди туракжай менен камсыз кылуу саясатын жургузуш керек.
0
Тагдырбек
2023-02-23 03:37:00
Олуп эле алгыла ипотека бербестен
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан