Оорудан улам эки бутунан ажыраган 9 жаштагы Дейзи Деметре Нью-Йоркто өтө турган Мода жумалыгынын расмий көргөзмөсүндө подиумга чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.
Маалыматка таянсак, Дейзи подиумга "Lulu et Gigi Couture" брендинин кийимин кийип чыгат. Аталган бренддин негиздөөчүсү кыздын дефилесин көрүп жактырып калган. Анын атасы Алекс Деметре «кызым тубаса фибулярдык гемимелия (муун сөөктөрүнүн өспөй калышы) дарты менен төрөлгөн. Мындан улам эки бутун тең кестирүүгө аргасыз болгонбуз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай «мага окшогон буту жок балдарга үлгү болушум керек» деп дайыма аракет үстүндө жүрөт. Дейзи буга чейин Nike, Boden жана Matalan сыяктуу ири компаниялар менен иштешип келген» дейт.
Дамира Арстанова
koom@super.kg