Каролина институтунун (Швеция) окумуштуулары аялдар менен талашып-тартышууга эмне үчүн мүмкүн эместигин түшүндүрүштү. Изилдөөлөргө караганда, аялдарда эпизоддук эс-тутум эркектерге караганда жакшы иштейт. Аялдар ошондой эле деталдарды, окуяларды, адамдардын жүзүн, жытты да мыкты эстеп калышат. Ушулардан улам эркектер бир апта мурун эмне болуп өткөндүгү, кечеде таанышкан адамдардын өң-түсү кандай экендиги тууралуу аялдар менен талашып-тартышууга аракеттенбей эле койсо болот.
Окумуштуулар мындай жыйынтыкты баш-аягы 1,2 миллион адам катышкан 617 жолку изилдөөдөн улам чыгарышкан.
Эркектерде болсо мейкиндик, аралык жааттагы эс-тутум жакшы өнүккөн. Мисалы, алар аялдарга караганда жолдорду мыкты эстеп кала алышат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg