Орусиянын Краснодар крайынын Кадухин хуторунда 1-класска 1 гана бала — Дима Лобачев барды. Аны мектепке дээрлик айыл боюнча узатышты. Билим күнүнө карата мектепте өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушта Дима үйүндөгүлөр жаттаткан ырларды жатка айтып берди. Биринчи коңгуроону Дима 9-класстын окуучусу менен чогуу какты.
Кадухин хуторунда бир кезде эл көп жашаган болсо, кийин тургундар жакшы иш, жакшы жашоо издеп кетип отурушуп, учурда болгону 400 адам жашайт. Мектепте болсо 37 бала окуйт. Айта кетсек, 5-класста жана 8-класста да 1ден гана окуучу бар экени айтылат. Дима бир класста жалгыз отурбайт, ал 2-класстагылар менен чогуу, бирок 1-класстын программасы менен окуйт (булак "Комсомольская правда").
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg