Facebook социалдык тармагы жарыяланган посттордун алдындагы «жакты» белгисинин санын көрүнбөй тургандай кылып жасоону пландоодо. Мунун негизинде колдонуучулар бирөөнүн постуна канча «жакты» белгиси коюлганын көрө алышпайт. Facebook’ка тиешелүү дагы бир фото социалдык тармагы болгон Instagram дагы ушул сыяктуу функцияны 7 өлкөнүн ичинде сынап жаткан учуру. Ал жакта «лайктардын» санын сүрөттүн ээси гана көрө алат. Ал эми башкалар анын канча «жакты» белгисин алганын көрө алышпайт. Мындай функцияны киргизүүнүн идеясы: колдонуучулар киргизген сүрөт, постторуна «аз сандагы «жакты» алып калдым, башкалардыкы мынча санда болуп кетиптир» деп салыштырып алып депрессияга кабылбасын деген максатты көздөйт.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg