Айнура Тургунбаева, куудул, актриса: “НААМ АЛГАНЫМДЫ УККАНДА КУДАЙ БАР ЭКЕН ДЕДИМ”

31-август, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ар тармакта эмгектенген 167 адамга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы чыкты. Маданият өкүлдөрүнүн арасынан II даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз Эл артисттери Жамал Сейдакматова, Самара Токтакунова сыйланышты. Кубатбек Жусубалиевге Кыргыз Эл жазуучусу наамы ыйгарылса, актриса Калича Сейдалиева Кыргыз Эл артисти наамына ээ болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы актёр Жоробек Аралбаевге жана Сакиш каймана аты менен таанылган куудул, актриса Айнура Тургунбаевага да буюрду. Мындан башка да бир топ искусство өкүлдөрү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. 50 жашында Эмгек сиңирген артист наамына татыган куудул Айнура Тургунбаева наамды күтпөй калган кезде алганын айтат.

– Бул наамды алыш үчүн 5-6 жыл мурун документ тапшырып, үмүттөнүп, күтө берчүмүн. Кийин “алтын башым аман болсун” деп күтпөй деле калгам. Наам берилгендиги тууралуу кабарды укканда Кудай бар экен дедим, кубандым. Кудай “50гө чыкканда аласың” деп буюруп койгон экен. Эмгегибиз бааланганына шүгүр.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jemile
2019-09-09 12:32:11
Туура..Куттуктайбыз!!!
+6
Hatali
2019-09-09 19:54:59
Куттуктайм чыныгы талант.
+5
Aimani
2019-09-10 02:44:53
Куттуктайбыз. Татыктуу
+4
Suzak12
2019-09-11 20:36:50
Бул эжекеми тааныбай калыпмын суротун коруп куттуктайм эжеке.
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан