ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

– Байке, бул канчадан?

– 100 сом, балакай.

– Тартып бересизби?

– Берейин.

Айдарды баары тааный турган болушту. Кээ бири азык-түлүктү арзан кылып берсе, кай бири базардан үйүнө бекер жеткирип коёт. Жанында дайым карындашы. Бири сүйүнүп, бири боору ооруп карашат. Айдар бул көз караштарга көнүп калган, кабагы жарык, баары менен орундуу сүйлөшүп ишин бүтүрүп жүрө берет. Бир гана маселеси – апасынын аты айтылса жаны чыга жаздайт. Бул жолу да суу алганы барган. Суу алып жаткан эки аял аны карап сүйлөшүп калды.

– Асиянын уулу чыйрак чыкты. Боору таш неме экен, бир кайрылбай койду го, чиркин!

– Ошону айтсаң, жеңе, “ичтен чыккан ийри жылан” деп адам түгүл, жылан деле кайрылат имиш.

Айдардын кулагына бул кептер угулганда өзүн токтото албай калат.

– Сиз эмне деп жатасыз?- деп ыза менен атырылды сүйлөп жаткан кара ооз немеге.

– Мен...

– Апам келет, ал бир күнү келет, билдиңизби?- көзүнөн толуп турган жашты чыгарбаганга аракет кыла мууна сүйлөдү.

– Жарыбагыр, бизди эмне кекетесиң, ата-энең кайда билип алчы!

Дирилдеп ызасы ичине батпаган бала бир нерсе деп айтайын деди эле, ийининен бири кармап калды. Кылчайып караса Калыс атасы экен. Айылда бул кишиден ыйбаа кылып турушчу, тиги экөө дароо ооздорун жаап калышты. Сууларын толтуруп алып Айдар менен Калыс карыя да жөнөдү.

– Жүрү, Айдар, биздин үйдөн чай ичип кет, балам,- деди салмактуу үн каткан карыя.

Тыпылдап аккан көз жашын тыя албай, бирок жүзүн карыя жакка бура албай бара жатты Айдар.

– Айдарым, кел бул жерге отуралычы, балам, карып калдым, бутум бастырбай жатат,- деди ал бир убакта. Энтиге дем алган Айдар токтоп калды.

– Сен алардын айтканына көңүл бурба. Бекерчиликтен айтылган кеп. Ичиңе ыза жыйба, балам. Атаң да ызакор эле, намыскөй болчу. Катуу дагы эле, мына, мүнөзү башына тийди. Сен андай болбо, айткан адамдар айта берсин, сен көкүрөгүңө элдин жакшы сөзүн гана жыйна.

– Апам...- деп барып токтоп калды бала.

– Айтагой.

– Калыс ата, апам чындап мени таштап кеттиби? Эч качан келбейби? Чындап мени унутуп калдыбы?- титиреп чыккан баланын үнү карыянын жүрөгүнө тийди. Өзүнөн көзүн албай, үмүт менен тиктеп турган балага эмне дээрин билбей кетти.

– Айдарым, апаң эч бир убакта унутпайт. Эненин жүрөгү перзентин кантип унутсун? Мына мен ушунча жашка чыгып уулун унутуп калган энени көрбөдүм. Эч көрбөдүм.

– Анан эмнеге келбейт?

– Билбейм, бирок сени эч качан унутпай турганын билем. Келе албай жаткандыр, бирок сени унутуп калбайт, балам. Эртең менен күн чыкканда сени эстеп ойгонот, түн киргенде сени эстейт. Ичинен сага жакшы тилектерди айтат. Сен башка нерсеге ишенбе, дал ушуга ишен.

– Макул,- деп баланын маанайы ачыла түштү.

– Калыс ата, сиздин үйгө мен башка жолу барайын, Аруш жалгыз.

– Мейли, өзүң бил, баатырым. Мен бир аз эс алып отурайын, анан жылайын.

Ийрелеңдеп эки чака сууну көтөрүп бара жаткан баланын аркасынан аяп карады карыя. Бир уруудан болушат. “Тырмактай эки баланын кимге зыяны бар эле, биз эле багып алалы” деп күйөө баласы менен кызына кыйытып көрдү эле, күйөө бала эч болбоду. Карыянын эки эле кызы бар болчу. Уул баласы жок. Картайганда кемпири каза болуп, бир үйдө жалгыз калганда күйөө баласы менен кызын жанына чакырып алган. Ошол чечимине ушуга чейин өкүнүп жүрөт, бирок өкүнгөндө эмне? Мурун эле жалкоо күйөө бала салмагын артты да, жатып алды. Үйдө кирип чыкканды, тамак-ашты майдалана санагандан башка колунан келген нерсеси жок. Кызын аяп, бирок үй-бүлөсү бузулбасын, неберелери атасыз калбасын деп эле чыдап жүрөт. Болбосо Айдар менен Аруукени колуна алып эле багып алат эле. Карыя миңсан ойлорго сапырылып көпкө отурду.


ххх

Дубай. Шаар түнкүсүн жылдыз чачып койгондой жалт-жулт. Сулуу аял терезени тиктеп ойлуу турду. Заңгыраган үч кабат үйдүн кожойкеси болду. Бул жол ал үчүн оңой болбоду. Бир нерсеге жетүү үчүн кайсы бир нерседен баш тартуу керек. Ал өткөнүн чийип салып, өзүн нөлдөн баштап жасады.

– Асия, эмне уктабай жатасың?- деди күйөөсү араб тилинде.

– Уйкум качты.

– Сенсиз менин уйкум качат, келчи жаныма.

– Азыр.

Келин жайлуу керебетине, ысык кучакка бой урду. Бирок уктай албады. Кош эмчеги ийне менен сайып алгандай зыр-зыр этти. Көз жаштары жаздыкты суу кылып жатты. “Эртең күйөөм үчүн сулуу болушум керек, менин ыйлаганымды сезбеши керек. Мен артымда эмне болсо баарын унуттум, эч нерсе калбады. Мен башкамын! Башканын жубайы, башка мекендин атуулумун. Артымда калган нерселер менен кошо жүрөгүмдү өрттөп салып басып кеткем. Мен эч бир адам кыла албай турган нерсени кылып, өз тагдырымды өзүм каалагандай өзгөртө алдым. Артка кайтканга жол жок. Эч бир! Эсиңе түй, Асия, сенин уяң, мекениң таптакыр башка” деп жатты өзүнө-өзү. Дал ушу түндө Айдар эти ысып чабалактап, “апалап” жөөлүп жаткан. Негизи чоң апасы аны чыйрак өстүргөн, кээде эле мурду бырылдап калганы болбосо, ооручу эмес. Бул жолу эмне болду ким билсин, эти от менен жалын боло ооруп жатты.

“Эртең менен эшиги ачылып сабакка жөнөп калчу эле бул бала, эмне болду?” деп кабатырлана шаша басып келе жатты Калыс карыя. Эшикти шарт ачып кирип эле туруп калды.

– Айдар, уулум, кайдасың?

– Ата...

Баланын алсыз үнү чыкты. Жетип барып коюнуна колун салган ал шалдая түштү.

– Ээй, баатыр, сен ооруп калдыңбы?

– Арушка жукпасын,- деди бала бети-башын ого бетер тумчулай. Карындашы элейип төшөк үстүндө отурган экен.

– Мен ооруп калсам да ооруканага алып барбаңыз, атам ал жакка барсаңар балдар үйүнө өткөрүп берет деген,- деди шыбыраган бала.

Карыя шалдайып отуруп калды.

– Кана, тилиңди көрсөтчү.

Сунган тилин карап алып бир нерселерди кобуранып алды.

– Жүрү, балам, биздин үйгө барасыңар.

– Сиздикинеби?

– Ооба, жакшы болгондо өзүм жеткирип коём. Бас, балам, акырын туруп кийимиңди кий.

Айдар менен Аруукени жетелеп кирип барганда күйөө баласынын каштары чимириле түштү.

– Эмне болду, ата?- деди кызы да жактыра бербей.

– Эмне болгонун көрбөй жатасыңарбы? Айдар ооруп калыптыр. Бөлмөмө төшөк сал балага, ысык чай кайнатып чычырканактын ширесин салып алып кел. Бол, тез!

Дайым жай, токтоолук менен сүйлөгөн атасынын кабагын көрүп тиги экөө бири-бирин тиктеп калды.

– Чал алжыды,- деди күйөө баласы чайын ууртап жатып.

Калыс карыя Айдардын жанынан чыкпай карап жатты, эки күн дегенде араң дене табы түштү.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Beka0007
2019-09-09 09:28:49
Бул жакта дагы мен биринчи
-1
Dilbaranurdinova
2019-09-09 10:12:33
Ася кылганы туурабы же туура эмеспи окурмаандар оюнарды жаза кеткилечи...
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-09-09 11:06:36
Dilbaranurdinova, туура эмес! Өзүмчүл болбош
керек.Мерез адам гана баласын таштайт
+3
dobrajelatel
2019-09-09 11:44:37
Туура эмес. Айдар байкуш ай... Эр жетип мыкты жигит болсо экен.
+3
MIRBOLOT
2019-09-09 11:46:46
Күкүк энелер болот да, турмушта
+3
cholpon.kushakova
2019-09-10 06:37:50
ЭНЕ бул бала учун арбир нерсеге чыдаган куйумдуу зат болуш керек себеби кудайым биз аял заты эркектен ошентип ажралып турабыз себеби тороттогу ооруу кандай кыйын болсо балдарыбызга журогубуздо ошондой мээрим кучтуу
0
Asking-
2019-09-14 02:34:12
Оа туура эмес бирок айла жок ал откон кунду чийип салып жашайм деп атат бирок ага чыдабайт эне журогу сезет.
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан